Украина: АЭСтеги кырдаал кооптонуу жаратты

Запорожье атомдук электрстанциясын сыртында турган орус аскери.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын армиясы Запорожье атомдук электр станциясын аткылап, "олуттуу коркунуч" жаратып жатканы үчүн Москвага каршы жаңы санкцияларды киргизүүгө дуйно коомчулугун чакырарын билдирди. Украин портторунан 7-августта дан жүктөгөн үч кеме чыгып кетти.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 6-августтун кечинде билдирүү жасап жаткан маалда Орусия көзөмөлдөгөн аймактагы атышуулар үчүн Киев менен Москва бири-бирин айыптап жаткан.

"Тилекке каршы Запорожье атомдук электр станциясынын айланасында кырдаал аябай эле курчуп кетти",- деген Зеленский Орусияны "атомдук станцияны террор үчүн колдонуп жаткан" дүйнөдөгү биринчи мамлекет деп атады.

Украинанын бийлиги билдиргендей, орус күчтөрүнүн аткылоосунан Запорожьедеги жогорку чыңалуудагы электр зымдары жабыркаган. Бирок завод ишин токтоткон жок жана радиоактивдүү заттардын абага чыгышы байкалган эмес.

Буга чейин Украинанын "Энергоатом" компаниясы 6-августта Запорожье атомдук электр станциясындагы үч блоктун бири өчүрүлгөнүн билдиргенин кабарлаган.

Орусиянын Коргоо министрлиги атомдук электр станциянын айланасындагы кырдаалдын курчушу үчүн украин тарапты айыптады.

6-августта Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттиктин жетекчиси Рафаель Мариано Гросси Европадагы эң ири атомдук электр станциянын айланасындагы атышууга байланыштуу тынчсыздануусун билдирди:

"Бул кырдаал "олуттуу өзөктүк алаамат" тобокелчилигин жогорулатат жана Украина эле эмес, башка аймактардын да калкынын саламаттыгына жана айлана-чөйрөгө коркунуч жаратат", - деп жазылган анын билдирүүсүндө.

Ал ошондой эле заводдун айланасындагы аскердик аракеттер кабыл алынгыс экенин кошумчалады.

Дагы караңыз Украина: Ливанга бет алган кеме, Донбасстагы "тозок"

Орус армиясы Запорожье атомдук электр станциясын марттын башында эле басып алган. Ал орустардын карамагына өткөн Маруипол портунан 200 чакырым түндүк-батышта жайгашкан. Обьектини украин кызматкерлери иштетишет.

Аскердик эксперттердин божомолуна караганда, украин тараптын тобокелчиликке баруудан кооптонуп жооп кайтара албасын билип туруп, орус аскерлери атайлап атомдук электр станциянын аймагын аткылашууда.

Дан жүктөлгөн кемелердин экинчи кербени чыгып кетти

Ал арада Украин портторунан дан жүктөлгөн кемелердин экинчи кербени 7-августта жөнөдү. Инфраструктура министри Александр Кубраков билдиргендей, төрт кемеге 170 миң тоннадай буудай жүктөлгөн. Италия, Кытай жана Түркияга багыт алган кемелердин үчөө Черноморск портунан, бирөө Одесса портунан чыгып кетти.

5-августта 80 миң тонна жүгөрү жүктөлгөн үч кеме Кара деңизди көздөй жөнөп кеткен.

Украин буудай экспорту боюнча дүйнөдө экинчи орунда турат. Орусия Украинага кол салган февраль айынан бери экспорт токтоп турган.

Бул жагдай дүйнөдө азык-түлүктүн кымбатташына алып келип, Жакынкы Чыгыш жана Африка мамлекеттеринде ачарчылык коркунучун жаратты.

Расмий Киев жана Батыш өлкөлөрү Орусияны украин деңиз портторун басып алганы үчүн айыптаса, Орусия Украинанын деңизге миналарды орнотуп салган деп сындаган.

Киев менен Москва Түркия жана Улуттар Уюмунун (БУУ) ортомчулугу алдында дан экспортун кайра жандантуу келишимине 22-июлда Стамбулда кол коюшкан.

Дагы караңыз

Украина менен Орусиянын буудай экспортун жандантуу келишими

Эки тарап тең жүк ташуучу кемелер өтө турган маршрутта ок атууну токтотууга кепилдик берүүдө. Деңиз жолу миналардан тазаланышы керек, бирок бул порттордун акваториясы толук миналардан алынат дегенди түшүндүрбөйт. Дан азыктарын жүктөөгө Украинанын, Түркиянын жана БУУнун өкүлдөрүнөн түзүлгөн топ байкоо салат. Кемелерди украин флотунун техникасы гана коштоп жүрөт.

Келишимге кол коюлгандан кийин алгачкы Razoni деп аталган кеме Одессанын портунан 1-августта 26 миң тонна жүгөрү алып чыккан. Ал 7-августтун кечинде Ливанга жетери күтүлүп жаткан. Бирок азыр Түркиянын жээгинде кармалып турганы кабарланууда. Украинанын Ливандагы элчилиги билдиргендей, кеме аталган өлкөгө белгиленген убакытта барбай калды. Ал качан келери жана эмне себептен кармалып жатканы белгисиз.