Конституцияда президенттин ыйгарым-укуктары бир топ чектелгенине карабай, азыркы үгүт өнөктүгүндө убадалар мурунку кездегидей берилип жатат.
Талапкерлер үгүт өнөктүгүн жүргүзүүдө. Жогорку Кеңеш менен президенттин ортосундагы тартыш уланды.
Кыргызстанда 1990-жылга салыштырмалуу мамлекеттик кызматтагы адамдардын саны беш эсеге өсүп, бюджеттин 1/3 бөлүгү аларга жумшалары айтылууда.
Кыргыз өкмөтү келерки жылдын бюджет долбоорун парламентке жөнөттү. Бирок анда быйылкысынан көп деле айырма жоктугу айтылууда.
Президенттик аппараттын коопсуздук жана коргоо бөлүмүнүн башчысы, Коргоо кеңешинин катчысы Бусурманкул Табалдиев шайлоо алдындагы өлкөдөгү кырдаал боюнча “Азаттыкка” маек курду.
“Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусунда бул жолу шайлоо алдындагы кырдаал, коопсуздук маселелери талкууга алынды.
"Манастагы" Транзиттик борборго күйүүчү май сатуу боюнча келишимди “Газпромнефть-Аэро Кыргызстан” компаниясы утуп алды.
Президент болгусу келген жыйырма талапкер жыйырма программа жана ураан менен чыкты. Алардын өзгөчөлүктөрү барбы?
Президенттик шайлоого аттанган алты талапкер Кыргызстан калкына кайрылуу менен чыгып, ким жеңбесин акыйкат жеңишти таанууга чакырды.
Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча кылмыш ишиндеги айрым жагдайлар боюнча суроолорго ошол кездеги Коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров жооп берет.
Казакстан Кыргызстанга газ убада кылды. Бирок Казакстан өз газын убада кылдыбы, же өзбек газынбы деген суроо туулууда.
Медет Садыркуловду өлтүргөндөр аныкталганын ИИМ жарыялады. Парламент президенттик аппараттын башчысы Каптагаевди кызматтан алууну сунуштады.
13-сентябрда Өзбекстанда бир күндүк иш сапар менен болгон өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев ошол эле күнү кечинде Кытайга жөнөп кетти.
Өкмөт башчы Атамбаев Ташкенде өзбек кесиптеши Мирзиеев менен эки тараптуу кызматташууга байланыштуу маселелер боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Өкмөт жакынкы мезгилде Кыргызстанга 9 млрд. долларга жакын инвестиция тартууну көздөөдө.
Он жыл мурдагы ири террордук чабуулдан соң АКШ Ооганстанда антитеррордук операция баштап, Кыргызстанга коалициянын аскерлери жайгаштырылган.
Кыргызстандын электр энергетика тармагы өлкөнүн экономикасынын арка-бели катары айтылып келатат. Мына ушул маанилүү тармактагы абал жана баа саясаты “Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусуна коюлду.
Бишкекте күйүүчү май таңсыктыгы чечиле элек. Мындай абал өлкөнүн түштүк аймактарында мурдатан бери өкүм сүрүүдө
Президент Роза Отунбаева Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңы курамынын легитимдүүлүгү суроо астында экенин билдирди. “Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусу ушул темага арналды.
Жогорку Кеңеш сессиянын акыркы күнүндө апрель окуяларынан кийин улутташтырылган мүлктөргө байланыштуу токтом кабыл алды.
Дагы жүктөңүз