Өлкөнүн түштүк аймагында антитеррордук борбор ачылары айтылды. Конституциялык Сот Б. Бешимовдун арызын канааттандырды. Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү аягына чыгууда.
Оппозиция лидерлери БЭКтин президенттике бирдиктүү талапкери А.Атамбаевдин нервтик-паралитикалык уу менен ууландырылганын билдиришти. Бирок Атамбаев ал окуядан кийин медициналык-экспертизадан өткөн эмес.
Россия вице-премьери Сечиндин сапарынан соң өлкө түштүгүндө орус аскер базасы ачылат деген сөз чыкты. Андай базанын ачылышына Өзбекстан кескин каршылыгын билдирсе, Казакстан макулдугун айтууда.
13-июлдан тарта президенттике талапкерлер теледебаттарга чыгыш керек эле. Бирок саясий айтыштар башталбай жатып үзгүлтүккө учурады. Жеңишбек Назаралиев катышуудан баш тарткандыктан, бүгүн боло турган биринчи теледебатка Нурлан Мотуев сороюп өзү жалгыз чыгат.
Россиянын таасирдүү министрлери, АКШнын Мамлекеттик катчысынын орун басары Кыргызстанда болду. Үрүмчүдө кандуу кагылышуу орун алды. Президенттике талапкерлердин таймашы уланууда.
Шейшембиде Кыргызстанга жашыруун сапар менен Россиянын вице-премьер-министри Игорь Сечин баштаган топ келип кетти. Кыргызстандын расмий бийлиги ал тууралуу эч кандай маалымат бербегени менен сапардын болгонун тастыктап жатат.
18-июндан бери президенттике талапкерлер үгүт иштерин жүргүзүп келатат. Үгүт өнөктүгү 22-июлда, добуш берүүгө бир күн калганда аяктайт.8-июлда болсо Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүү бюллетендерин региондорго ташууну баштады.
5-июлда Кытайдын Үрүмчү шаарындагы баш аламандыкта 156 киши өлүп, миңден ашууну жарадар болду. Жаңжал бүгүн да уланып, эл камалгандарды бошотуу талабы менен көчөгө чыкты. Кыргызстандык уйгурлардын “Иттипак” коому чукул жыйналыш чакырып, кырдаалды талкуулады.
АКШ президенти Барак Обаманын Москвага алгачкы расмий сапары 6-июлда башталды. Эки чоң мамлекеттин талкуулай турган маселеси арбын. Алардын катарында Ооганстан, демек Кыргызстандагы Транзиттик борборго байланыштуу маселе да козголушу күтүлүүдө. Ал эми Россиянын “Тынчтык жана согуш” аттуу сайты "Манаста" Транзиттик борбордун түзүлүшүнө орус генералдары каршы болуп жатканын жазып чыкты.
Ошто Кыргызстан жана Өзбекстандын күч структуралырынын жетекчилиги жолукканы кабарланды. Президенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү кызуу жолуна түштү.Кыргызстанга “Трансперенси интернешнл” уюмунун жетекчиси келип кетти.
Кыргызстан нефтитрейдерлер бирикмесинин төрагасы Базарбай Мамбетов “Азаттыктагы” маегинде Токтогул суу сактагычында суу топтоонун көлөмү, Камбар-Ата ГЭСин курууга инвестор тартуу зарлыдыгы жана мунайзаттын баасынын кымбаттаган себептери жөнүндө кеп салды.
Кыргызстанда президенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү кызуу жүрүп жатат. Талапкерлер шайлоочулар менен жолугушуп, өздөрүнүн программаларын жеткирүүгө аракет жасашууда. Талапкерлердин программалары жана үгүт өнөктүгүнүн жүрүшү боюнча саясат таануучу Марс Сариев өзүнүн байкоолорун бөлүшөт
Дүйнөлүк алкакта коррупцияга каршы күрөшкөн уюм – “Транспaренси интернешнлдин” төрайымы Угетт Лаббел бул күндөрү Кыргызстанда иш сапары менен жүрөт. Буга байланыштуу “Жарандык коом коррупцияга каршы уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилованы “Азаттыктын” таңкы түз обосунда сөзгө тарттык.
“Асаба” партиясынын жакында болгон курултайында Салмоорбек Дыйканов төрага шайланганы тууралуу кабарланды. Бирок Советбек Жамалдинов курултайды легитимсиз деп жарыялап, өзү партиянын төрагасы бойдон калып жатканын билдирүүдө. "Асабадагы" соңку кырдаалды Салмоорбек Дыйкановдун өзүнөн сурадык.
Жогорку Кеңештин мурунку депутаты, энергетика адиси Раимбек Мамыровдун эсебинде Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү былтыркыга салыштырганда көп, бирок андан мурдакы жылдарга салыштырганда эки эсе аз.
Өткөн жумада Россиянын “Справедливая Россия” партиясынын курултайы болуп, ага “Ата мекен” социалисттик партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев башында турган делегация конок катары катышып келди. Эки партиянын лидерлеринин жолугушуусунда эки тараптуу кызматташуу жөнүндө сөз болду. Буга байланыштуу Өмүрбек Текебаевди “Азаттык” кепке тартты.
“Менин тандоомдун мезгили” бирикмеси учурда президенттик шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүнө байкоо салууда. Бирикменин лидерлеринин бири Динара Ошурахунова мындай байкоолордун алгачкы жыйынтыктары тууралуу “Азаттыктын” таңкы түз обосунда кеп салып берди.
Президенттикке талапкерлердин үгүт өнөктүгүнүн жүрүшү боюнча “Азаттыктын” түз ободогу суроолоруна Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Самат Бөрүбаев жооп берди.
Аз күн мурда Оштогу Сулайман тоосу ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилди. Буга байланыштуу Кыргызстандын ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиясынын баш катчысы Жыпар Жекшеевди “Азаттыктын” таңкы түз обосунда сөзгө тарттык.
Кыргыз жана Америка өкмөттөрү "Манас" аба майданында Транзиттик борбор түзүүнү макулдашты. Жалал-Абадда атышуу болуп, беш кишиден турган куралдуу топ жок кылынды. Президенттике талапкерлер жер-жерлерде шайлоочулар менен жолугушууларды улантууда.
Дагы жүктөңүз