23-июлда Конституциялык Сот И. Исаков жана Э. Каптагаевдин арызын карап, аны канааттандырды. Арыздануучулар Конституцияга ылайык акыркы чечимди Жогорку Сот гана чыгара алат, ал эми экинчи инстанциядагы соттордун даттанууга болбойт деген акыркы чечимдери мыйзамсыз экенин аныктап берүүнү суранышкан.
Кыргызстан менен АКШ "Манастагы" аскердик база боюнча активдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Азыркы мезгилге карай эки тарап Ооганстанга аскердик эмес багыттагы жүктөрдү ташуу боюнча макулдашууга жетишкени кабарланды.
17-июнда Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров “Азаттык” үналгысынын кабарчысы менен маек куруп, акыркы мезгилде Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун алкагында кабыл алынган чечимдер, кыргыз-өзбек маселелери жана кыргыз-ооган кызматташтыгына байланыштуу бир катар суроолорго жооп берди.
АКШ президенти Барак Обама Курманбек Бакиевге кат жолдоп, Ооганстандагы кырдаалды жөнгө салууга кошкон салымы үчүн өлкө жетекчилигине ыраазылык билдирди. Кыргыз-өзбек чек арасында өзбек тарап аң каза баштады. Президенттикке талапкер Алмазбек Атамбаевдин шайлоо штабынын башчысы Бакыт Бешимов Конституциялык Сотко кайрылды.
АКШнын президенти Барак Обама кыргыз президенти Курманбек Бакиевге кайрылуу кат жазды. Анда Пакистан жана Ооганстандагы кырдаалды жөнгөрүүгө кошкон салымы үчүн Кыргызстанга ыраазычылык билдирилген. Кыргыз тарап жооп катты даярдоого киришти.
26-майдагы Анжиян жана Ханабаддагы окуядан кийин Өзбекстан кыргыз-өзбек чек арасында аң каза баштады. Кыргызстан бийлиги кошуна өлкөнүн мындай аракетине байкоо жүргүзүп, алардын Кыргызстан жерине өтүп кетпешине көз салууда.
9-июнда Борбордук шайлоо комиссиясы жыйын куруп, анда К.Бакиевди президенттике талапкер деп каттады. 10-июнда Ж.Назаралиевди каттоо маселеси каралат. Жергиликтүү байкоочулар президент Бакиев бийлигин пайдалануу менен алдын-ала үгүт иштерин жүргүзүп жатканын айтууда.
Курманбек Бакиев менен Хамид Карзай Шанхай кызматташуу уюмунун саммитинин алкагында Россиянын Екатеринбург шаарында жолугушууну белгилөөдө. Көзмө-көз жолугушууда Ооганстан боюнча Бишкекте конференция чакыруу, антитеррордук күрөшкө колдоо көрсөтүү маселеси талкууланары күтүлүүдө
Ооганстандын президенти Хамид Карзай Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиевге кат жолдоп, көзмө-көз жолугушуу ниетин билдирди. Президенттик үчүн жарышта 7 талапкер калды. Оппозиция Түптөгү окуя боюнча сотко кайрыларын жарыялады. Кыргыз-өзбек чек арасында аскерлерди барымтага алган окуя катталды.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы кырдаал боюнча “Азаттыктын” түз ободогу суроолоруна Чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Чолпонбек Турусбеков жооп берди.
АКШ президенти Барак Обама кечээ Египетте сөз сүйлөп, АКШ менен мусулман дүйнөсүнүн ортосунда жаңы мамиле түзүү үчүн аракеттенерин жарыялады. Президент Обаманын бул кайрылуусу боюнча “Азаттыктын” түз ободогу суроолоруна Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбек Акун жооп берди.
“Демократия жана атуулдук коом үчүн” өкмөттүк эмес уюмдардын коалициясы бир канча жылдан бери Кыргызстандагы шайлоолорго байкоо салып келататат. Аталган уюмдун жетекчиси Динара Ошурахунованы алдыдагы президенттик шайлоо жана ага даярдыктар тууралуу сөзгө тарттык.
Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чечилбей талаш туудуруп жаткан маселелер жөнүндө саясат таануучу Токтогул Какчекеев менен маек.
Президенттикке аттанган талапкерлердин кол топтоо мөөнөтү аяктады. Бул аралыкта канча талапкер 50 миңден кем эмес жарандын колун топтой алды? Бул маселе боюнча “Азаттыктын” таңкы түз ободогу суроолоруна БШКнын мүчөсү Самат Бөрүбаев жооп берди.
Бүгүн президенттикке талапкерлердин кол топтоо мөөнөтү аяктайт. Кол топтоо өнөктүгүнүн жүрүшү боюнча “Азаттыктын” түз ободогу суроолоруна БШК мүчөсү Абдыжапар Бегматов жооп берди.
Май айынынын соңунда Кыргызстанга НАТОнун эң ишенимдүү мүчөлөрүнүн бири Түркиянын мамлекет башчысы Абдуллах Гүл келип кетти. 1-июнда президенттин күч министрлери менен Ооганстан жана Пакистандагы абалды талкуулады. “Азаттыктын” таңдагы берүүлөрүнө саясат таануучу Орозбек Молдалиев катышып, тышкы жана ички саясатка байланыштуу айрым маселелер боюнча ой-пикирлерин бөлүштү.
Бириккен элдик кыймыл кечээ Түп районунда өткөрмөкчү болгон курултай ар кандай тоскоолдуктардан улам үзгүлтүккө учурады. Кыймылдын лидерлери жана мүчөлөрүн жолдон милиция күчтөрү жана башка уюшкан топтор тосуп, басмырлап, көл аймагынан сүрүп чыгарышкан. Бул окуяга байланыштуу “Азаттыктын” таңкы түз обосунда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Султан Урманаевди кепке тарттык.
Чүй облусунун Ак-Суу айылында Петровка окуясына байланыштуу камалгандарды бошотуу талабы менен жети киши өткөн жумадан бери ачкачылык кармоодо. Бул нааразылык чара тууралуу Ак-Суудагы жергиликтүү лидерлердин бири Баялы Саркуловду сөзгө тарттык.
Кыргыз-өзбек чек арасы Ханабад, Анжияндагы окуялардан кийин жабылды. Түрк президенти Кыргызстанда болуп кайтты. Оппозиция Түптөгү курултайына даярдык көрүүдө.
Шейшемби күнү Кыргызстанга расмий сапар менен келген Түркиянын президенти Абдуллах Гүл 27-майда кыргыз президенти менен өкмөт үйүндө сүйлөшүүлөр өткөрдү. Бейшемби күнү Абдуллах Гүлдүн кыргыз парламентинде сөз сүйлөөсү белгиленүүдө.
Дагы жүктөңүз