26-майда Бишкек шаардык соту “Жашылдар” партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаевдин апелляциялык арызын карап, аны эки айга камаган Биринчи май райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Бөлөкбаевдин тарапкерлери Ак-Суу шаарчасында аны бошотуу талабы менен ачкачылык акциясын башташты.
Абдуллах Гүл 26-майда баштала турган расмий сапарынын жүрүшүндө президент Курманбек Бакиев менен жолугушуп, кыргыз-түрк ишкерлеринин форумуна катышат. Эки тараптуу жолугушууларда бир катар келишимдерге кол коюлуусу күтүлүүдө.
Узап бараткан аптада Исмаил Исаков президенттикке талапкерлигин алып койду. Калган талапкерлер кезеги менен мамлекеттик тил комиссиясынан өтүп, кол топтоо иштерин жүргүзүүдө. Өкмөт "Түндүкэлектрону" кайрадан саттыкка койду.
Бириккен элдик кыймылдын штаб башчысы Азимбек Бекназаров “Азаттыкка" оппозициянын ички абалы, шайлоо өнөктүгүнө даярдыктар, бийлик менен оппозициянын мамилеси тууралуу кеп салып берди.
20-майда Бишкек шаардык соту “Жашылдар” партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаевге байланыштуу эки арызды карады. Айыпталуучунун жана анын адвокаттарынын талабы менен сот бир арызды кароону 26-майга, экинчисин 28-майга которду.
Узап бараткан аптада Жалал-Абаддагы Чек айылынын айланасында чатак уланды. АКШ Кыргызстанга берилчү жардамын көбөйткөнү айкындалды. Президенттикке талапкерлер активдүү кол топтоого киришти.
Кыргызстан менен АКШнын мамилеси учурда сыноо мезгилди башынан өткөрүүдө.Буга чейин Бишкек АКШ баш болгон антитеррордук коалициянын базасын Манастан чыгаруу чечимин кабыл алган. Бирок АКШ база боюнча кызматташууларды улантууга кызыкдар экени тууралуу ишаараларды берүүдө.
13-майда кечке жуук Бириккен элдик кыймыл жыйын куруп, өлкөдөгү кырдаалды талкуулады жана Атамбаевдин шайлоо штабынын маалыматын укту. “Ак жол” партиясы да өз талапкерине кол топтоо иштерин активдүү жүргүзүүдө.
Коопсуздук кеңештин мурунку катчысы, азыркы мезгилде оппозиция лидерлеринин бири Исмаил Исаков өзбек тарап өзүнө каратып алган Чек айылындагы окуя, анын укуктук маселелери боюнча "Азаттыкка" кеп салып берди.
“Ак шумкар” партиясы өз лидери Темир Сариевди президенттикке көрсөттү. Президент Курманбек Бакиев өкмөттүк эмес уюмдар менен кызматташууну макулдашты. “Жаңы Кыргызстан” партиясы курултайын өткөрүп, Исмаил Исаковду катарынан чыгарды.
“Репортер” гезитинин баяндамачысы Сыргак Абдылдаевди сабап кеткен окуядан бери эки айдай убакыт өтсө дагы, бул кылмышты тергөөдөн эч натыйжа боло элек. Бул жөнүндө “Азаттыкка” аталган гезиттин уюштуруучусу Султан Каназаров билдирди.
БЭКтин саясий кеңеши Темир Сариевди биримдик принциптерин бузгандыгы үчүн 7-майда өзүнүн катарынан чыгарды. Шайлоо алдындагы бул ызы-чуу оппозициядагы ыдыроонун башталышы эмеспи? Мына ушундай суроонун айланасында “Азаттык” менен Коопсуздук кеңешинин мурунку катчысы Мирослав Ниязов ой-пикир бөлүштү.
Кумтөр алтын кени боюнча жаңы түзүлгөн келишимге байланыштуу “Азаттыктын” түз ободогу суроолоруна Кыргызстандын тоо кенчилер бирикмесинин төрагасы Орозбек Дүйшеев жооп берди.
Кыргызстандын туризм боюнча мамлекеттик агенттигинин башчысы Турусбек Мамашев өлкөдөгү быйылкы туризм сезонуна даярдыктар, бул тармактагы абал тууралуу “Азаттыктын” түз обосунда кеп салып берди.
Темир Сариев “Ак Шумкар” партиясынын курултайында президентикке көрсөтүлүп, шайлоого аттанды.
БЭКтин мүчөсү Мукар Чолпонбаев менен оппозиция лидерлерине каршы колдонгон кылмыш иштери жана бириккен оппозиция президентикке көрсөтүп аткан талапкерлер жөнүндө маек.
Саясат таанучу Марс Сариев алдыдагы президенттик шайлоо, анда таймаша турган күчтөр тууралуу “Азаттыктын” түз обосунда кеп салып берди.
«Ак жол» партиясынын төрагасынын биринчи орунбасары, Жогорку Кеңештин депутаты Табылды Орозалиев партиянын саясий кеңешиндеги өзгөрүүлөр, алдыдагы иш аракеттер тууралуу “Азаттыктын” түз ободогу суроолоруна жооп берди.
“Азаттыктын” обосунда коммунисттик партиянын лидери Исхак Масалиев менен биз өткөн жуманын соңунда болгон коммунисттердин курултайы жана алдыдагы президенттик шайлоо жөнүндө маектешебиз.
«Кылым шамы» уюмунун төрайымы Азиза Абдрасулова менен “Азаттыктын” обосунда Петровка айылындагы окуя жана президенттин өкмөттүк эмес уюмдар менен боло турган жолугушуусу тууралуу маек курдук.
Дагы жүктөңүз