Кусейин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Сөз эркиндигин коргоо комитети орус элчилигинин билдирүүсүн өлкөнүн ишине кийлигишүү катары баалады.
Ушуга чейин жол эрежесин бузган бир да айдоочуга айыппулдун токтому жибериле элек.
КТРКнын жаңы жетекчиси болуп Жайнак Үсөн уулу тандалып алынды.
Коомдук телерадио корпорациясынын жаңы жетекчиси болуп Жайнак Үсөн уулу шайланды. Жабык добуш берүүнүн жыйынтыгында Жайнак Үсөн уулу 13, Галина Байтерекова бир, Болотбек Тиллебаев бир добуш алды. Жаңы шайланган директор ишине 19-мартта киришет.
Коомчулуктун көңүл борборундагы иштер боюнча чечимдер соттук реформага байланыштуу маселени козгоду.
Айрым министрлер кызматка кирише элек жатып депутаттардын сынына кабылды.
Атамбаевдин эки юристке койгон 10 миллион сомдук доосу боюнча иш кайра Октябрь райондук сотуна жиберилди.
Айыпталгандардын жактоочулары 111 миллион доллар зыян тууралуу корутундудан күмөн санап жатышат.
Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаты «ЖЭБди модернизация кылууда 111 миллион доллар зыян келтирилген» деген эксперттердин корутундусунан күмөн санап жатат. Ал муну далил материалдардын катарынан алыш керектигин айтып чыкты.
Тиешелүү сунуш Кыргызстандын Финансы министрлигинин кароосунда турат.
Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) жаңылана баштаганын жарыялады.
Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын курамы жаңыланат. Партиянын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, анын төрагасы Алмазбек Атамбаев комитеттер тууралуу жобого кол койду.
Кыргызстанда «Коопсуз шаар» долбоору иштей баштаганына он күн болду.
“Фейсбукка” мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакуновго байланыштуу видео жарыяланды.
Бишкектин четиндеги Келечек конушунда чыккан өрттөн үч баласы иске ууланган үй-бүлө мамлекеттен жөлөкпул албайт. Балдардын атасы чүрпөлөрүнө толгон-токой тоскоолдуктар менен жөлөкпул чегерилгенин, бирок кийин ал кайра токтоп калганын айтып арызданды.
Бишкектин Свердлов райондук сотундагы бул боюнча соттук жыйын жабык өттү.
Үч саясатчы мурдагы президентти анын "системдүү ушак-айыңдарын токтотуу" үчүн сотко бергенин айтышууда.
Ысык-Көлдүн Каракол шаарында 11-класстын окуучусу ур-токмокко алынып каза болду.
11-февралда Бишкектин четиндеги Келечек жаңы конушунда үй өрттөнүп, үч бала иске ууланып ооруканага түштү. Тилсиз жоо тутанган учурда үйдө эч ким болгон эмес. Балдардын атасы жумушта болсо, апасы догдурга көрүнгөнү кеткен. Өрттү көчөдөн өтүп бараткан кыз байкап калып, кошуналарды чакырган.
Бир нече жылдан бери ишке ашпай келаткан “Коопсуз шаар” долбоору 12-февралда иштей баштайт.
Дагы жүктөңүз