"Азаттык" радиосунун "Мигрант медиа" долбоорунун журналисти
31-июлдан 2-августка чейин Ысык-Көлдө жогорку ылдамдыкта сүзгөн кайыктардын дүйнөлүк чемпионаты өткөнү жатат. Туризм департаменти бул иш-чара өлкөнүн эл аралык туристтик жана инвестициялык дараметин жогорулатарын айтууда.
Ысык-Көлдө өтүүчү суу кайыктарынын чемпионатынын алкагында мамлекеттик экологиялык экспертизанын баштапкы жыйынтыгы оң көрсөткүчтө чыкканы белгилүү болду. Уюштуруучулар мелдешке чейин жана кийин төрт этап менен экологиялык экспертиза жүргүзүлөт деп убада берип жатышат.
Президент Садыр Жапаров блогерлерди, IT, кинофильм өндүрүүчүлөрдү баш кылып, креативдүү чыгармачылык менен алектенгендерди беш жылга салыктан бошотуу жарлыгына кол койду.
Аялдарга зомбулукту баяндаган “Курак” фильми Кыргызстанда көрсөтүлбөйт. Буга “Кыргызтасмасы” мамлекеттик киноборборунун прокаттык каттоо күбөлүгүн берүүдөн баш тартканы себеп болгон.
Бишкек мэриясы шаардын түштүк-батыш тарабында жайгашкан Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин аймагы аркылуу жол куруу ишин баштады. Окуу жайдын администрациясы ал жерде кампус курулуп жатканын айтып, жол салынышына каршылыгын билдирди.
Түркияда Кыргызстандын жараны Эрмек Сабыржанов диниятчы Фетхулла Гүлендин “Хизмет” (Түркия “Фетхуллачы террордук уюм” деп жарыялаган) кыймылына байланышы бар деген шек менен кармалды.
“Служу России” деп ант берген “юнармиячылар” учурда Кыргызстандагы Кант авиабазасында машыгышат. Ага 6-7 жаштан 18ге чейинки окуучулар кыз, эркек экенине карабай кабыл алынат. Алар курал атуу, жарадарларга жардам берүү сыяктуу согуштук көндүмдөргө үйрөтүлөт.
Акыркы жумаларда Орусияда эки жолу интернет жапырт өчүрүлдү. Бардык аймактарда банктар, банкоматтар, уюлдук операторлор эки сааттай иштебей калды. Негизи эле интернет чектелип жатат. Мындай жагдай такси, курьер болуп иштеген мигранттардын ишинде кыйынчылык жаралды.
Союз учурунда Жалал-Абаддын Чаткал районундагы Сумсар, Шакафтар айылдарында коргошун, уран казылып турган. Жабылган кендердин уулуу калдыктары жарым кылымдан бери толук зыянсыздаштырылбай турат.
Жалал-Абад облусунда фостердик үй-бүлөдө жашап жатып каза тапкан 15 жаштагы кыздын апасы окуяны кылдат териштирүүнү суранууда. Милиция секелек кыз малканадагы жипке асынып алган деп билдирген. Бирок апасы мамлекеттик органдар анын эки баласын багуучу үй-бүлөгө негизсиз өткөрүп коюшканын айтууда.
Былтыр жыл соңунда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда 15 жаштагы Жибек Сулайманова фостердик үй-бүлөдө каза тапкан. Милициянын маалыматында, секелек кыз малканадагы жипке асынып алган.
28-февралда Израил менен АКШ Иранга каршы “ири аскердик” операция жарыялагандан бери Жакынкы Чыгыштагы кырдаал курчуду. Өзгөчө Иран менен Израилдин бири-бирине чабуулдары токтобой, бул өлкөлөрдө жашаган кыргызстандыктардын коопсуздугу күн тартибине чыкты.
Кыргызстан Иран, Израилдеги кыргызстандыктардын бир тобун чыгарып, калганын да алып чыгып кетүү аракетин көрүп жатат. “Азаттык” Иран жана Израилдеги кыргызстандыктар менен байланышып, алардын жагдайын сурады.
Беш айлык баласын бешик арабага салып, курьер болуп иштеген келинге Мамлекеттик ипотека компаниясы 2-мартта бир бөлмөлүү батир берди. Ага кошумча Байыркандын жеке эсебине 1 млн сомдон ашык акча топтолду. “Азаттык” келиндин ак өргөсүнө барып келди.
Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдан улам Перс булуңундагы өлкөлөрдө жүргөн жарандар Кыргызстанга кайтып келе албай жатышат. Айрымдары мейманканаларда түнөп, кошумча чыгым болууда.
Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдан улам Перс булуңундагы өлкөлөрдө жүргөн жарандар Кыргызстанга кайтып келе албай жатышат. Анткени аталган аймакта аба мейкиндиги убактылуу жабылган. Айрым мекендештер мейманканаларда түнөп, ашыкча чыгым болууда. Кырдаалдын дүйнөгө жана Борбор Азияга таасири кандай болот?
Байыркан курьердин сумкесин артынып, беш айлык баласын бешик арабага сүйрөп алып бишкектиктерге жөө тамак жеткирип иштейт. 30дагы келин Бишкектеги кризистик борборлордун биринде баш калкалоодо. Бул жайга жолдошунан коргоо ордеринин негизинде келген экен. “Азаттык” курьер келин менен маек курду.
Өткөн аптада Бишкекте Жарандарды чет өлкөдө жумушка орноштуруу борборунун алдында Улуу Британиядагы айыл-чарба иштерине барууну каалаган адамдардын узун кезеги тартылган видео тарады.
Мындан 2,5 ай мурда Майрамкүл Таалайбек кызын жолдошу бензин чачып, өрттөп жиберген. Сол капталы, колу ийинден ылдый, далысы күйгөн келин ооруканада эки ай жаткан. Азыр ал апасынын бир бөлмөлүү батиринде эки кичинекей кызы менен баш калкалоодо.
Мындан 2,5 ай мурда Майрамкүл Таалайбек кызын жолдошу бензин чачып, өрттөп жиберген. Сол капталы, колдору колтук бөлүгү менен, далысы күйүп калган келин ооруканада эки ай жаткан.
Дагы жүктөңүз