"Азаттык" радиосунун "Мигрант медиа" долбоорунун журналисти
"Ихсан" кооперативинен жабыркаган мигранттар нааразылык билдирип жатышат. Алар сот "Ихсандан" чыгымды өндүрсө, мигранттар төлөгөн акча да кайтарылабы же жокпу деп тынчсызданууда.
Орусия басып алган Мариуполду кайра курууга кыргызстандыктар да тартылып жатат. Бул тууралуу "Азаттыктын" чакан иликтөөсүндө анык болду. Анда Бишкекте жайгашкан айрым борборлор социалдык тармактар аркылуу кыргызстандыктарга Мариуполдо жумуш сунушташат.