"Азаттыктын" Оштогу кабарчысы. Ош мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Алдыдагы шайлоодо Садыр Жапаровго кимдер атаандаш боло алат? Израилдеги парламенттик шайлоодо өкмөт башчы Биньямин Нетаньяхунун блогу бир аз айырма менен алдыга озуп чыкты. Чыгаан илимпоз, коомдук ишмер, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун карындашы Роза Айтматова бүгүн акыркы сапарга узатылды.
Президент Жапаровдун аймактардагы эл менен жолугушууларында атайын кызматтын аракеттеринен жабыркаганын айткан жарандардын кайрылуулары дагы эле токтой элек. Чаткал районунда айылдык кеңештин депутаты Касмалы Оморовдун өлүмүнө байланыштуу маселе көтөрүлдү.
Президент Жапаровдун Жалал-Абад облусундагы жолугушууларында эл эң көп көтөргөн маселе укук коргоо жана сот органдарына байланыштуу болду. Буга чейинки беш жылдыкта эмнеге реформа болгон жок?
Президент эл менен жолукканда майнинг фирмалар тууралуу маселе көтөрүлүп, Алексей Ширшовдун ысымы аталды. Жапаров энергетикадагы коррупциянын көмүскө схемасын түзгөнү айтылып келген Ширшовдун Кыргызстандагы долбоорлору, кайсыл тармакка канча акча салганы тууралуу алгач ирет кенен маалымат берди.
Ирактын түрмөлөрүндө жаткан кырктан ашык кыргызстандык кыз-келинди мекенине кайтаруу өтүнүчү менен жакындары бийликке улам-улам кайрылууда. Август айында эле Ирак өкмөтү абак жайларда кармалып турган алты миңге жакын чет өлкөлүк жаранды өз өлкөлөрүнө өткөрүп берүү маселесин көтөргөн.
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун тургуну Жусуп Закиров УКМК жана прокуратуранын мурдагы облус жетекчилигинин үстүнөн арызданып, алар жарандарды мыйзамсыз камап, акчасын алып, кыйноого алганын билдирди. Бул тууралуу ал 22-октябрда президент Садыр Жапаровдун эл менен жолугушуусунда айтты.
Камактагы активист Тилекмат Кудайберген уулун сот үй камагына чыгарган жок. Садыр Жапаров өкмөт менен чоң кеңешме өткөрүп, алдыдагы беш жылга карата пландарын айтып берди. Владимир Путин менен Стив Уиткофф жолукту. Ал ага чейин Ослодо Украинанын лидери Владимир Зеленский менен сүйлөшкөн.
Ирактын түрмөлөрүндө жаткан кырктан ашык кыргызстандык кыз-келинди мекенине кайтаруу өтүнүчү менен жакындары бийликке улам-улам кайрылууда.
Президенттикке талапкер болуш үчүн ишкер Аймен Касенов Боршайкомго арыз берди. Украинадагы согушка орус армиясынын катарында катышып келген тажикстандык жаран мекенинде эки кишини өлтүрүп, короосуна көмп койгон деп шектелүүдө. Орусияда мигранттардын балдары мектепке акча төлөп окуйбу?
Президенттик шайлоого катышуу ниетин билдиргендердин арасында алгач ишкер Аймен Касенов БШКга расмий арыз жазды. Ат салышарын азыркы президент Садыр Жапаров, саясатчы Өмүрбек Суваналиев жана дагы бир катар саясатчы билдирген.
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Орусиядан Украинадагы согушка тартылган мигранттар эрте кайрылса, аларды кайтарып алып келүү мүмкүн экенин айтты. Саудиялык мунай иштетүүчү мамлекеттик Арамко компаниясынын кеңсесине сокку урулду. "Мадина" базарында иштеген соодагерлер кайрадан козголду.
Бишкектеги "Мадина" базарында бир топ соодагер кайрадан нааразылыкка чыкты. Алар учурдагы соода кылган орундарын кызылдай акчага сатып алганын айтууда. Соодагерлердин колуна эскертүү баракчалары кайрадан келген. Айрымдары базарды бошотууда башка кызыкчылыктар бар деген пикирин айтып жатышат.
8-октябрда Бишкектин Биринчи май райсоту “Бийликти күч менен басып алуу”, “Массалык башаламандыктар” беренелери менен айыпталган Темирлан Султанбековду жети жылга эркинен ажыратты. 28 жаштагы саясатчы, оппозиционер, Социал-демократтар партиясынын лидеринин бейнеси.
Темирлан Султанбеков жети жылга кесилсе, мурдагы президенттин уулу Кадырбек Атамбаев төрт жылга камалды. ДССУ кара тумоо тууралуу Орусиядан кошумча маалымат сурады. Айыл чарба министри Эрлист Акунбековдун айтканына Камчыбек Ташиев жооп берди.
Мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев эки айга камалды. Ал кызмат абалынан кыянат пайдалануу тууралуу берененин негизинде кармалган. Аскер прокуратурасы мурдагы министр "Байтик" метеостанциясынын аймагындагы мыйзамсыз курулуш иштерине байланыштуу айыпталып жатканын билдирген.
Ирактын түрмөлөрүндө калган кыргызстандык кыз-келиндердин ата-энелери аларды мекенине кайтарып келүүнү өтүнүп, бийликке кайрылды. Алар 14-сентябрда "Ынтымак ордонун" алдына чогулуп, президенттин кабыл алуусун суранышты. Ирактын түрмөлөрүндө жаткандар 2013-2017-жылдары радикал топторго азгырылгандар.
Медицина тармагында иштеген кызматкерлер нефролог Насира Бейшебаевага мунапыс берүүнү же жазасын жеңилдетүүнү өлкө бийлигинен өтүнүп кайрылышты. 10-сентябрда Бишкек шаардык соту Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун дарыгери Насира Бейшебаеваны үч жылга абакка кести.
УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин адвокаттары “75чилердин каты” боюнча өкүм чыгарган судьяларга каршы Башкы прокуратурага кайрылды. АКШ президенти Трамп Украинага жаңы талап койду, Орусиянын дрону Польша менен чек арага жетти. Улуттук банк инфляциянын деңгээли 11% ашканын билдирди.
Медицина тармагында иштеген кызматкерлер нефролог Насира Бейшебаевага мунапыс берүү же жазасын жеңилдетүү өтүнүчү менен өлкө бийлигине кайрылды. 10-сентябрда Бишкек шаардык соту Эне жана баланы коргоо борборунун нефролог дарыгери Насира Бейшебаеваны үч жылга эркинен ажыратты.
"75чилер каты" боюнча Бишкек шаардык соту апелляциялык арыздарды карап, сегиз айыпталуучуга төрт жылдык жаза чегерди. "Бийликти күч менен басып алуу" беренеси "Шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу" беренесине алмаштырылып, жаза эки жылдык пробациялык көзөмөл менен чектелди.
Дагы жүктөңүз