"Азаттыктын" Оштогу кабарчысы. Ош мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Жаңы гана ачылып, баасы талаш жараткан “Бишкек арена” стадиону 386 миллион долларга курулганы белгилүү болду. Борбор Азиядагы эң чоң спорт комплексте Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы 31-августта өттү. Комплекс 20 гектар жерди ээлеп, курулуштун жалпы аянты 195 миң чарчы метр.
Прокурорлор Камчыбек Ташиев, Нурланбек Тургунбек уулу жана Курманкул Зулушев баш болгон сегиз адамга тогуз жылдан абак жазасын сурашты. Трамптын администрациясынын чабармандары Стив Уиткофф менен Жаред Кушнер Москвада Путин, Киевде Зеленский менен жолугушту.
7-сентябрда Бишкек шаардык сотунда “75чилер каты” боюнча соттук отурум уланууда. Отурумда жарыш сөз башталып, мамлекеттик айыптоочулар соттон айыптоочулардын баарын тогуз жылдан абакка кесүүнү сураганын айыпталуучулардын бири Курсан Асановдун жактоочусу Чынара Жакупбекова "Азаттыкка" билдирди.
Мурдагы Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин ишмердүүлүгүнө байланыштуу Башкы прокуратура текшерүү баштаганы белгилүү болду. Буга чейин "Кыргызгидрометтин" кызматкерлери Ажикеевдин тушунда “Байтик” станциясындагы курулуш "мыйзамсыз салынган" деп доомат коюп жатат.
Орусияга учуу кооптуу болуп калдыбы? Бишкектен Москва жана Новосибирск шаарына каттаган учактар да кармалып жатканы белгилүу болду. Шаардык сот “75чилердин ишин” карап жатат.
Бишкектин “Мадина” базарында 30-августта эртең менен өрт чыгып, түштөн кийин гана толук чектөөгө алынды. Тилсиз жоо 1000 чарчы метр жерге жайылган. Өрттү өчүрүүдө эки кызматкер жаракат алган. Соодагерлер базарды кимдир бирөөлөр тарабынан атайылап өрттөлүшү мүмкүн деген шектенүүлөрүн айтып жатышат.
20-августта Бишкектин Ленин райондук сотунда саясатчы Мавлян Аскарбековго козголгон кылмыш иши боюнча алгачкы соттук угуу жабык өттү. Аскарбековго Фейсбуктагы баракчасына жазган билдирүүсүнө байланыштуу кылмыш иши козголгонун адвокаты билдирди. Аны үй камагына чыгаруу өтүнүчү четке кагылды.
Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбековдун ондогон адамдардын жеке маалыматтарын жарыялаганы боюнча Ички иштер министрлиги (ИИМ) териштирүү баштаганын укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова билдирди. ИИМ бул туурасында маалымат бере элек.
Бишкек шаардык сотунда "75чилердин катына" байланыштуу чыккан өкүмгө каршы прокуратура, айыпталуучулардын арыздарын кароо 17-августта уланды. “75лердин” катына кол койгон калган 70 кишинин айрымдары сотко келди. Жараянда адвокаттар тергөөчү, прокурор, судьяга чара көрүүнү да өтүндү.
13-августта президент Садыр Жапаровдун журналист Али Токтакуновго курган маегинде айткандары кызуу талкууга айланды. Ал Кумтөр, коррупцияга каршы күрөш, Камчыбек Ташиевдин саясий жолу, Кытай менен кызматташтык тууралуу жана башка коомчулукту кызыктырган бир топ суроого жооп берди.
Бишкек шаардык сотунда "75чилердин катына" байланыштуу чыккан өкүмгө каршы прокуратуранын жана айыпталуучулардын жазган арыздарын кароо 13-августта уланды. Ташиевдин адвокаты прокуратура сегиз адамды абакка кесүүнү суранып, аппелляция бергенин билдирди.
Учурда Канадада жашаган Бөлтүрүк социалдык тармактар аркылуу билдирүү жасап, Кумтөрдү өлкөгө алуудагы эмгеги бааланбай калганына нааразылыгын айтты. 2022-жылы ал Кумтөрдөгү коррупция боюнча кармалып, бир жылдан 10 млн сом төлөп берип, эркиндикке чыккан. Бийлик Бөлтүрүктүн айтканына жооп бере элек.
"75чилердин каты" иши боюнча Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарган өкүмгө прокуратура да макул эместигин билдирип, апелляциялык арыз берди. Шаардык сот ишти 10-августта караганы жатат. Жактоочулар «Азаттыкка» билдиришкендей, буга чейин соттолгон сегиз кишинин баары шаардык сотко арыз жазган.
"75чилердин каты" иши боюнча прокуратура, айыпталуучулар Биринчи май райсоту чыгарган өкүмгө каршы Бишкек сотуна апелляциялык арыз берди. Шаардык сот ишти 10-августта карай баштайт. Соттолгон сегиз саясатчы тең шаардык сотко даттанды.
Бишкекте көчөдө токко урунуп, жандандыруу бөлүмүнө түшкөн тогуз жаштагы Ибрахим Анарбеков каза болуп калды. Милиция кылмыш ишин козгоп, териштирүү башталды. Ибрахим бир үй-бүлөнүн көзгө басар жалгыз уулу эле. Каргашалуу окуя 26-июлда болуп, эстен танган бала 10 күн ооруканада жатып үзүлдү.
Бишкекте көчөдө токко урунуп, жандандыруу бөлүмүнө түшкөн тогуз жашар Ибрахим Анарбеков каза болуп калды. Милиция кылмыш ишин козгоп, териштирүү башталды. Ибрахим бир үй-бүлөнүн көзгө басар жалгыз уулу эле. Каргашалуу окуя 26-июлда болуп, эстен танган бала он күн ооруканада жатып үзүлдү.
УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов “75чилердин каты” боюнча Биринчи май райсотунун өкүмүнө каршы Бишкектин сотуна апелляциялык арыз бергенин билдирди. Бишкек шаардык соту азырынча маалымат бере элек. Апелляциялык арыз качан каралары азырынча белгисиз.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов “75чилердин каты” боюнча Биринчи май райондук сотунун өкүмүнө каршы кийинки инстанцияга апелляциялык арыз бергенин билдирди.
Акын Аскат Жетиген абактан кат жазып, саламаттыгы начарлап кеткенин кабарлады. Жазаларды аткаруу кызматы муну четке кагып, анын саламаттыгы канааттандырарлык экенин билдирүүдө.
Дагы жүктөңүз