“Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.
Кыргыз бийлиги тарабынан буга чейин 439 Өзбекстан жараны качкын макамы менен Румынияга чыгарылган. 15-сентябрь күнү Башкы прокуратуранын чечими менен Ош шаарындагы убактылуу кармоо жайында отурган дагы 11 Өзбекстандык жаран БУУнун Качкындар комиссариатына өткөрүлүп берилди. Учурда төрт Өзбекстандык качкындын тагдыры чечилүүдө. Мындан сырктары дагы 12 өзбек жараны качкын макамын берүү өтүнүчү менен миграция департаментине кайрылган.
Жыл башында болгон парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразы болушкан айрым шайлоо округдарынын өкүлдөрү үч айга чейин Жогорку соттун алдында жана ичинде нааразылык акциясын өткөрүп турушкан. Жогорку сот төрагасынын кызматтан кетүүсүн жана шайлоо жыйынтыктарын чыгарууда адилеттүүлүктү талап кылышкан пикетчилерге бийлик тарабынан талаптары аткарыла тургандыгы тууралуу убада берилгенден кийин, июнь айынын орто ченинде нааразылык акциясын токтотушкан. Дээрлик үч айга жакын убакыттан бери талаптары аткарылбаганына нааразы болушкан пикетчилер кайрадан нааразылык акциясын баштаарын 7-сентябрь күнү болгон маалымат жыйынында билдиришти.
Бишкектеги Горький аянтында темир жол бакшармалыгынын он чакты жумушчусу дээрлик үч жарым айдан бери нааразылык акциясында отурушат. Алардын бири Гүлнара Керимбаева эгерде бийлик сөзүн угуп, талабын аткарбаса, Кыргызстандын президенти ант бере турган күнү өзүн-өзү өрттөй тургандыгын айтууда.
Жаңы окуу жылына саналуу күндөр калды. Бирок билим берүү системасындагы кенемтенин орду дагы деле толбой, жалпы билим берүүчү мектептерде айрым сабактар боюнча мугалимдердин жана, окуу китептеринин жетишсиздиги негизги маселе бойдон калууда.
6-август күнү Хантеңирде кырсыкка учураган МИ-8МТВ тибиндеги тик учак кырсыкка учурап, биротоло күйүп кеткен. Андагы 17 адамдын ичинен оор жаракат алган үч киши учурда Бишкектеги тез жардам берүүчү ооруканада жатат. Ал эми өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагындагы кырсыкка учураган тик учактын кыйроо себептери атайын комиссия тарабынан изилденип жатат.
19-апрель күнү ЕврАзЭстин башкы катчысы Григорий Рапота Кыргызстанга иш сапары менен келди. Ал түшкө чейин Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугушту. Түштөн кийин Кыргызстандын премьер-министри жана президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев, вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Адахан Мадумаров менен жолугушту. Анын жүрүшүндө Кыргызстандын экономикасын көтөрүү үчүн апкелинүүчү инвестициялар, ЕврАзЭстин үстүбүздөгү жылдын июнь айында болуучу мамлекеттер аралык кеңеши тууралуу сөз болду.
11-апрель күнү Бишкек шаарындагы маршруттук унаалардын айдоочулары иш ташташты. Буга күйүүчү майдын баасынын көтөрүлүп кетиши себеп болгон. Айдоочулар күйүүчү майдын баасын арзандатууну же жолкирени кымбаттаттууну талап кылышты. Ушул эле күнү маалымат жыйынын өткөргөн Кыргызстандагы Нефтрейдерлер ассоциациясынын вице-президенти күйүүчү майдын баасын арзандатууга мүмкүнчүлүк жок экендигин билдирди. Түштөн кийин Бишкек шаардык кеңеши айдоочулардын талабын сессияда карап, бир нече күнгө чейин бааны көтөрбөө жана бул убакта абалды изилдөө тууралуу чечим кабыл алышты.
24-мартта болгон бийлик алмашуудан кийин айрым жерлерде кош бийлик өкүм сүрө баштады. Райондук жетекчилерден тартып, айыл өкмөттөрүнө чейин мурунку жана кийинки шайланган жетекчилер бири-бирин легитимсиз деп санап, жергиликтүү жашоочулардын арасында талаш-тартыш чыгууда.
31-март күнү Кыргызстандын башкы прокурорунун милдетин аткаруучу Азимбек Бекназаров маалымат жыйынын өткөрдү. Анын айтымында кызматынан четтетилген президент Акаевдин жана анын үй-бүлөсүнүн бардык байлыктарын текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат жана Кыргызстандын банктарындагы күмөндүү деп саналган эсептердин баары жабылды.
№1 Университет шайлоо аймагынан депутаттыкка талапкер Болотбек Мариповдун ишенимдүү өкүлү Айбек Чокушев 7-март күнү маалымат жыйынын өткөрдү. Анда аталган шайлоо чөлкөмүнөн экинчи айлампага чыккан Болотбек Мариповго үгүт иштерин жүргүзүүгө ар кандай жолдор менен бут тосуулар болуп жаткандыгы тууралуу айтылды. Айбек Чокушевдин сөзү боюнча, №1 шайлоо аймагында үгүт иштерин жүргүзүү мезгилинде белгисиз адамдар күч колдонуп, Болотбек Мариповдун өкүлдөрүнүн үгүт материалдарын тартып алышкан.
Коомдук ишмер, мурунку элчи Медеткан Шеримкулов шайлоо алдында түштүк дубандарды кыдырып келди. Парламенттик шайлоо алдындагы элдин маанайы, жер-жерлердеги нааразылык чаралары, өлкөдөгү саясий кырдаал тууралуу маек куруп берди.
Ооганстандын аймагынан Советтер союзунун аскерлеринин алынып чыгып кеткендигине 15-февраль күнү 16 жыл болот. Буга байланыштуу Ооган согушунун ардагерлери конгрессинин жетекчиси, Улуттук Гвардиянын колбашчысы Абдыгул Чотбаев маалымат жыйынын өткөрдү. Бүгүнкү күндө Ооган согушунун ардагерлерине мамлекет тарабынан кандай камкордук көрүлүп жатат?
АКШдагы «Intercontinental commerce corp» компаниясынын президенти Экрам Миллер Кыргызстанга экономикалык жактан жардам берүүнү көздөп жаткандыгын билдирди. Америкалык компания Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн байланыштыруучу Өзбекстан-Кыргызстан-кытай темир жолдорун курууну, текстиль, туризм жана кайра иштетүү тармагын өнүктүрүүнү каржыламакчы.
Кыргызстанда Вич-инфекциясын алып жүргөндөрдүн саны 669 болсо, алардын жарымы жаза өтөөчү жайларында жаткандар. Глобалдык фонд тарабынан СПИД, кургак учук жана безгек ооруларынын алдын алуу максатында берилген гранттын алкагында башталган антиретровирустук дарылоо жаза өтөөчү жайларда да жүргүзүлө баштады.
Аксы окуясында милиция кызматкерлеринин огунан набыт кеткен беш адамдын жакындары Кыргызстандагы бардык сот инстанцияларына кайрылып, адилеттикке жете алышкан эмес. Жабырлануучулардын жактоочусу Сартпай Жайчыбеков алардын атынан БУУ нун адам укуктарын коргоо комитетине арыз жолдогон. Жакында аталган комитеттин жетекчиси Мариа Франсиссе Ир Чарри айымдан арыз карала баштагандыгы тууралуу жооп келди.
«Эл аралык толеранттуулук үчүн» коомдук уюму тарабынан «Пикет, митинг жана демонстрация учурундагы зомбулуктун алдын алуу» деп аталган семинар болуп өттү. Ага укук коргоочулар, атуулдук коомдун өкүлдөрү жана тартип коргоо кызматкерлери катышты. Бирок бул жыйындагы катуу талаштан кийин да атуулдук коом менен тартип коргоочулар бир пикирге келе алган жок.
Кыргызстан калкынын 5-курултайынын катышуучулары менен жума күнү өкмөт башчысы Николай Танаев жолугушуу өткөргөн. Анда премьер-министр өлкө экономикасынын өнүгүп бараткандыгын жана 2003-жылдан берки болуп жаткан өсүүлөр тууралуу катышуучуларга маалымат берди.
АКШ президенти Жорж Буш 3-февраль күнү конгресстин алдында сүйлөп, «Мамлекеттин абалы тууралуу» кайрылуу жасады. Анда Жорж Буш АКШ мамлекетинин жүргүзүп жаткан саясаты, келечектеги иштери айтып келип, Америка дүйнөгө адилеттик орнотууга жардам бере тургандыгын билдирди. Президент Буш терроризмге колдоо көрсөтүп жаткандыгы үчүн Сирия менен Иранды күнөөлөдү.
Ушул жылдын 7-январында башталган нааразылык акциясы 27-январь күнү да улантылды. Бул күнү пикетчилердин мурунку талаптарына дагы башка талаптар кошулду. Алар ЖКтин мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаевден 20-январь күнү депутаттар тарабынан колдоо тапкан шайлоо кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамды президентке жөнөтүүсүн, ал эми президенттин маалымат катчысы Абдил Сегизбаевдин пикетчилерге жапкан жалаа сөзү үчүн жооп берүүсүн талап кылышты.
Эл аралык көз карандысыз басма үйүнүн кызматынан алгач анын ачылышын чыдамсыздык менен күткөн бирин-экин оппозициялык, эркин басылмалар пайдалана башташкан. Кийинчерээк аларга түстүү болуп чыгууну көздөгөн башка басылмалар да, алсак Орусиянын айрым гезиттери, эл аралык жана кээ бир министрликтердин басылмалары да кошулган.
Дагы жүктөңүз