“Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.
Бүгүнкү күндө жаштар саясатка, мамлекеттин келечегине кайдыгер деген сын-пикирлер айтылып келет. Бирок жаштардын көпчүлүгү Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясат аларды да кызыктыраарын айтышып, бул дооматты четке кагышат. Анткени жаштардын саясатты өзгөртүүгө тиешелүү аракеттери көбүнчө улуу муундардын бут тосуусуна дуушар болот.
Алай районунун Сарымогол аймагы узак убакыттар бою Тажикстанга малга жайыт катары арендага берилип келген. Мындан эки жыл мурун кыргыз жана тажик өкмөттөрүнүн чечими менен аймак кайрадан Кыргызстанга өткөң. Жакында Ош облусунда иш сапары менен болгон премьер-министр Николай Танаев Сарымогол айылынын жагдайы менен таанышып кайткан. 26-июль күнү өкмөттүк аппараттын кызматкерлери маалымат жыйынын өткөрүп, Сарымоголдогу маселелер жана алардын чечилүү жолдору тууралуу маалымат беришти.
21-июлда Украинанын Кыргызстандагы иштери боюнча убактылуу ишенимдүү өкүлү Владимир Соловей маалымат жыйынын өткөрдү. Анда өкүл жүрналисттерди Украина республикасындагы саясий-экономикалык кырдаал менен тааныштырып, эки мамлекеттин ортосундагы кызматташтык тууралуу айтып берди. Ал эми Украинанын Кыргызстанга болгон 27 миллион доллардан ашуун карызы тууралуу суроого так жооп айтылган жок.
19-июль күнү Өкмөт үйүнүн алдына Талас облусунун Жонарык айлындагы «Табылды» дыйкан чарбасынын 20дан ашуун мүчөсү пикетке чыгышты. Алар Жогорку соттун 2004-жылдын 24-июнундагы чечимине нааразылык билдирип, Жонарык айлындагы кашарды дыйкан чарбага кайтарып берүүнү мамлекет жетекчилеринен талап кылышты.
Тажикстан менен Кыргызстандын мамилеси жакшы экендигинде шек жок. Бирок Тажикстандык айрым жамааттардын жашоочулары тарабынан Кыргызстандын жерин өз алдынча өздөштүрүүгө тымызын аракеттер жүргүзүлүп келүүдө. Бирок тажик тарап бул жерлер али кимге таандык экендиги чечилелек деп айтышууда.
Кечээ Бишкекте «Кыргызстандагы мобилдүү байланыш» деп аталган форум болуп өттү. Анда өлкөдөгү кулач жайып бараткан мобилдүү байланыш менен бирге эле интернет, жергиликтүү (местный же проводной деп коюшат экен, Чопа, өзүң карап коёсуң) байланыш системаларындагы жетишкендиктер жана мүчүлүштүктөр тууралуу сөз козголгон.
9-10-июль күндөрү Азия өнүгүү банкынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана журналисттер менен жолугушуу өткөрдү. Анда банктын өлкөдө ишке ашырып жаткан долбоорлору тууралуу маалымат берилип, коомчулук менен банктын ортосундагы байланышты күчөтүү жөнүндө сөз болду.
«Мамлекеттик жашыруун сырды чет өлкөлүк уюмдарга берген» деген айып менен кармалган алты атуулдун Улуттук коопсуздук кызматынын убактылуу абагында жатканына бүгүн эки жума болду. Ушул убакыттын ичинде "кармалгандардын укуктары кандайча, ким тарабынан корголууда, жактоочулары барбы?" деген суроолор элдин тынчсыздануусун жаратууда.
7-июль күнү Бишкекте Бириккен Улуттар Уюмунун өнүгүү программасынын (ПРООН) «Кыргызстандагы шайлоо процессин уюштуруу жана өткөрүүдө улуттук мүмкүнчүлүктү күчөтүү» деген долбоору талкууланды. Ага мамлекеттик органдардын, саясий партиялардын жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышышты.
Өкмөт менен Азия өнүгүү банкы тарабынан Кыргызстандагы билим берүү системасын жакшыртуу максатында 1998-жылы түзүлгөн долбоор аягына чыкты. Азия өнүгүү банкы анын ишке ашуусу үчүн 13 миллин доллардан ашуун каражат бөлгөн. Бүгүн билим берүү министрлигинин өкүлдөрү долбоордун негизинде жасалган иштер тууралуу журналисттерге маалымат беришти.
Оштун Араван районундагы «Төөмоюн» айыл өкмөтүндө суу маселеси дале болсо чечилбей келе жатат. «Төөмоюндагы» Эсенбай айылы ичүүчү жана сугат сууга толук түрдө коңшу Өзбекстандан көз каранды. Суунун айынан эсенбайлыктар менен Өзбекстандык дыйкандардын, чегарачылардын ортосунда бат-бат чыр-чатактар болуп турат.
Кыргызстанда массалык маалымат каражаттарын жана журналисттердин укугун коргоочу дагы бир долбоор ишке кирди. Медиа өкүлү институту деп аталган долбоордун дагы бир максаты - массалык маалымат каражаттары боюнча мыйзамдарды өнүктүрүү жана реформалоо болуп саналат. Институт «Интерньюс» эл аралык уюму, ЮСАИД жана Европа комиссиясынын өкүлчүлүгү тарабынан түзүлгөн. Жаңы түзүлгөн медиа өкүлү институту боюнча бүгүн Бишкекте маалымат жыйыны өткөрүлүп, анын ишмердүүлүгү тууралуу сөз болду.
Бириккен улуттар уюмунун «Алдын ала өнүгүү» программасынын жүргүзгөн изилдөөлөрү боюнча чектеш жайгашкан аймактарда эл аралык чыр-чатактардын келип чыгуусуна көп учурда жол, суу жана айдоо аянттардын талашы себеп болот. Баткен облусунун «Аксай» айыл өкмөтү коңшулаш Тажикстандын Ворух анклавы менен чектеш жайгашкан. Тажик тарап Аксайлыктарга саатына 450 литр суу берүүгө милдеттүү болсо да, көп жылдардан бери бул ишке ашпай келе жатат.
Өлкөнүн түштүк облустарында оруп-жыйноо өнөктүгү башталды. Ошол эле учурда, айыл чарба техникаларына керектелүүчү күйүүчү май кымбаттап, айрым жерлерде көк майдын (солярка) литри 15-16 сомго чыгып кетти. Бул болсо дыйкандарга кошумча кыйынчылыктарды алып келүүдө.
Сох анклавы аркылуу Оштон Баткенге каттаган Кыргызстандык жүргүнчүлөр өзбек чегарачылары жана бажы кызматкерлери тарабынан көп кыйынчылыктарга дуушар болушууда. Айрыкча, паспорту Бишкек шаарында же Кыргызстандын түндүк аймактарында катталган атуулдарга кыйын. Алардан чегарачылар Өзбекстандын аймагына кирүүгө атайын уруксат - виза талап кылып кыйнашат.
«Рентонгрупп» компаниясына акчасын алдатып жиберишкен 300гө жакын аманатчы бүгүн Жогорку Кеңештин алдына пикетке чыгышты. Алар Кыргыз өкмөтүнөн жана президенттен алдатып жиберишкен акчаларын кайтарып берүүгө көмөк көрсөтүүнү талап кылышты. Пикетчилерге Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Акбөкөн Таштанбеков чыгып жолугуп, «Рентонгрупп» компаниясынын айланасындагы чыр боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын аткарган иштери тууралуу маалымат берди.
15-июнда Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги бюросу "Маданий жана гуманитардык деимилгелер фонду" менен бирдикте «Шайлоо кампаниясын жүргүзүүдөгү талапкерлердин этикалык кодексин» талкуулоо өткөрдү.
Өткөн жумада Ош шаарында «Ойгон Кыргызстан жаштары» деп аталган коомдук-саясий кыймыл түзүлгөн. Ал жаштардын коомдук-саясий, атуулдук жигерин көтөрүүнү жана Кыргызстандын жаркын келечеги үчүн күрөшүүнү максат кылат. Анын уюштуруучулары билдиришкендей, кыймыл азыркы бийликке оппозициялык маанайда түзүлгөн. Кыймыл тууралуу Кыргызстан коомчулугунун жана жаштарынын арасында түрдүү пикирлер жаралды.
14-июнда Бишкектеги «Ала-Тоо» аянтында 200 кишинин катышуусу менен өткөрүлөөрү белгиленип жаткан митинг болбой калды. Ал «Биз Кыргызстанда адам укугун жана эркиндигин бузуу фактыларына каршыбыз» деген атта өтмөк. Митингди уюштуруучу – укук коргоочу Турсунбек Акундун айтымында, жыйындын болбой калышына жергиликтүү бийлик тарабынан акцияга уруксат берилбегендиги бир себеп болсо, экинчиден, ага элдин аз келгендиги да таасир тийгизди. Ошол эле учурда, митинг, пикет, жүрүш сыяктуу саясий акцияларды өткөрүү азыр өзүн актабай калды, эл мындай чогулуштарга кызыкпайт деген пикирлер да бар.
Бүгүн Бишкектеги Биринчи Май райондук соту укук коргоочу Турсунбек Акун менен Токмок шаарынын тургуну Дербишаалы Сыдыгалиевдин Биринчи Май райондук жетекчилигине каршы доо арызын карап, аны канааттандырууга жатпайт деп тапты. Укук коргоочу Турсунбек Акун райондук соттун чечимине макул эместигин, эми шаардык сотко апелляциялык арыз жолдоорун билдирди.
Дагы жүктөңүз