"Азаттыктын" Бишкектеги журналисти.
Кыргыз өкмөтү мамлекеттик кызматчылардын жаңы муунун аренага чыгаруу аракети башталаарын жар салды.
Улуттук гвардиянын жоокерлеринин сабалышы боюнча аскер прокуратурасы иш козгоду.
“Арай көз чарайда” бул ирет өлкө абактарындагы кыйноолор тууралуу сөз болду.
Шайлоо алдында УКМК менен ИИМ былтыркы апрель, июнь окуяларында элдин колуна өтүп кеткен курал-жарактарды кайтарып алуу амалын издөөдө.
Кыргызстанда карамайды Тажикстанга жең ичинен сатуу учурлары ачыкка чыгууда.
Өлкө эгемендигинин 20 жылдыгына арналган Ала-Тоо аянтындагы салтанат Манастын айкелин ачуу менен башталды.
Мындан 20 жыл илгери 1991-жылдын 26-августунда СССРдин курамына кирген бардык өлкөлөрдө КПССтин ишмердүүгү токтотулган.
Күч түзүмдөрү Кыргызстан эгемендигинин 20 жылдык мааракесин утурлай 25-августтан тарта күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү.
Эгемендик жылдарындагы ички миграциянын күч алышы эмнеге алып келди?
Кыргызстан тышкы иштер министрлиги адам укуктарын коргоо жаатында улуттук баяндаманы эл аралык коомчулукка жарыялаганы жатат.
Жалал-Абад шаарында балдардын облустук техникалык чыгармачылык борборунда мурда окуган балдардын ата-энелери өкмөт башчыга, Жогорку Кеңешке кайрылып, борбордогу финансылык бурмалоолорду териштирүүнү жана аны мурдагы калыбында иштетип берүүнү өтүнүп жатышат.
Парламент комитети интернет басылмалар шайлоо өнөктүгүндө үгүт иштерине катышууга укуктуу деген тыянагын чыгарды.
Кыргызстанда Сотторду тандоо кеңешине жана Жогорку Сот менен Конституциялык палатанын судьяларынын тегерегинде нааразылык токтобой турат.
Кыргызстанда Жогорку Соттун Конституциялык палатасына жана Жогорку Соттун судьялык кызматтарына тандоо мыйзам бузуулар менен өттү деген нааразылык күч алды. "Арай көз чарай" талкуусу ушул темага арналды.
Учурда жогорку окуу жайлар абитуриенттерди кабыл алууну улантууда. Ошол эле кезде Кыргызстанда окуу жайлар дипломдуу жумушсуздарды чыгарып жатат деп айтылууда. “Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусу билим темасына арналды.
Апрел окуясы боюнча сот сурагына тартылып жаткан Д.Дунганов менен Б.Калыевдин баш коргоо чарасын өзгөртүүгө жабырлануучулар каршы.
Ала-Тоо майданындагы “Эркиндик” эстелигинин ордуна Манас баатырдын, маңдайына жазуучу Айтматовдун айкелин тургузуу боюнча өкмөттүн чечими расмий айтылды.
Өткөн жылдагы апрель, июнь окуяларынан кийин чет өлкөгө иштегени кетип, кулчулуктун курмандыгы болгон кыргызстандыктардын саны көбөйдү.
Адистер абактан чыккандардын жөн-жай турмушка аралашып кетүүсү кыйын болорун, коомчулук да аларды оңой кабыл албай турганын белгилеп жатышат.
Баткен зилзаласы жер титирөөлөргө туруштук бергидей бекем үйлөрдү салуу зарылдыгын дагы бир сыйра эскерткендей болду.
Дагы жүктөңүз