"Азаттыктын" кабарчысы. 2009-жылы Нарын мамлекеттик университетин аяктаган.
Нарын шаарынан эки чакырымдай жерде жайгашкан жүз гектардай аянттагы таштанды талаасынан күн сайын өрт чыгат. Бул аймакка жакын жашагандар болсо шаарды каптаган таштандынын түтүнүнө чакап жатканын билдиришүүдө. Бул көрүнүш шаардын тазалыгын көзөмөл кылган мекеменин дарегине нааразылыкты күчөттү.
Соң-Көл жайлоосундагы 15 миң гектардан ашуун жайыт жерди Кочкор жана Жумгал районунун малчылары талашууда.
Нарын облустук казыятына караштуу балдар медресесинде окугандар жайкы каникул учурунда ашпозчулукту жана англис тилин үйрөнүп жатышат.
Бишкек шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалиция мэрликке өз талапкерин көрсөттү. Жаңы мэрди шайлоо ушул жылдын 8-августуна белгиленген. Мунун алдында шаардыктарга “Бишкекке кандай мэр керек?” деген суроо узаттык.
Жайкы эс алуу маалында кырсыктардын алдын алуу кандай жүрүп жатат? Балдар коопсуздугун көзөмөлдөө жетиштүүбү? "Азаттыктын" апта түрмөгү мына ушул теманы талкуулайт.
Нарында “Йакын инкар” жамаатынын мүчөсү үч жылга эркинен ажыратылды.
Былтыртан бери Нарында жашап жаткан кырктан ашуун памирлик кыргыздын он сегизи бүгүн Ооганстанга жөнөп кетти.
Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунда көп жылдан бери багылып жаткан жыйырмадан ашуун бугу-маралдын тогузу 23-июнь күнү Жалал-Абад облусунун аймагына көбөйтүү максатында көчүрүлдү. Эми тогуз бугу Аксы районуна караштуу Авлетим коругун байырлайт.
Сугатчынын сөөк какшаткан муздак сууну кечип, талаа-түздө түнөп, эл камын ойлоп жүргөнүнө 15 жылдын жүзү болду.
Ак-Талаа районунда жети гектар жерге алма көчөттөрү тигилди. Жаратылышы катаал, картөшкөдөн башка өсүмдүк өспөйт деген аймактын тургундары үчүн алма багы чоң жаңылык болуп жаткан кез.
7-июнда Ат-Башы районунун Кара-Суу айылында катуу шамал болуп, андан 81 жана 55 жаштагы жубайлар жабыр тартты. Кулаган бактын алдында калган байбиченин 12 кабыргасы сынып, учурда абалы оор.
Балдар жазуучусу, акын Ысмайыл Кадыров Ат-Башы районунун Жаңы-Күч айылына чакан китепкана ачты. Анын аркасы менен айылдыктардын китепке болгон кызыгуусу артып, күнүгө китепканага каттаган кишинин саны үзүлбөй жатат. Китепке дилгир акын болсо, элди китепке кайра кызыктыруу үчүн көркөм адабияттарды ал
ФИНКА банкынын Нарындагы филиалында иштеп кеткен кызматкерлер беш жылдан бери банк менен соттошуп келатат.
Нарын облусунун жайыт жерлерин кара чегиртке басты. Эгин жаңыдан баш бакканда эмитен мындай кара чегирткенин көп болушу дыйкандарды кабатыр кылып жатат. Алар "эртелеп чара көрүлбөсө күздө эгин менен тоюттан куру калабызбы" деп өкмөткө коңгуроо кага башташты.
Нарында кулчулукка каршы күрөш боюнча жыйын болуп, ага киши сатууга каршы күрөшкөн мамлекеттик кызматтардын жана жарандык кооомдун өкүлдөрү катышты. Жыйында кыргыз өкмөтүнүн кулчулукка каршы күрөшкө багытталган 2017-2020-жылдардагы программасы, аны ишке ашыруунун чаралары тууралуу сөз болду.
Кочкор районунун Ак-Кыя айылындагы орто мектептин имараты оор абалда турат. 2006-жылы жер титирөөдө дубалдарынан жарака кеткен имаратта дагы эле окуучулар билим алууда.
Нарын районунун Кара-Жылга айылындагы жүзгө жакын окуучу мектепке жетүү түйшүгүн тартып келишет. Алар үйүнөн 30 чакырымдай алыс коңшу Лахол айылындагы мектепке ата- энелери уюштурган кичи автобуска тыгылып араң барышат.
Насыпбек өз алдынча китеп окуу демилгесин Кочкор районунун эки айылына жана Ат-Башы районунун Ак-Талаа айылындагы орто мектебине сунуштап, башталгыч класстын окуучуларын шар окууга жана дүйнө таанымын кеңейтүүгө ашыгып келет.
15-майда Нарын районундагы Эмгекчил айылында жүздөй киши чогулуп, Солтон-Сары жайлоосуна алтын кен комбинатын курууга каршы чыгышты.
Дагы жүктөңүз