"Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин журналисти. 2009-жылы Internews уюмунун "Жылдын мыкты радио журналисти" наамын алган.
Бириккен элдик кыймылдын саясий бюросу кечээги жыйынында катарынан “Элдик кеңеш” кыймылын өз катарынан чыгаруу чечимин кабыл алды. Анын чоо-жайын “Элдик кеңештин” төрагасы Мукар Чолпонбаев “Азаттыктын” таңкы түз обосунда айтып берди.
“Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун башчысы Азиза Абдрасулова Кыргызстандагы ички иштер органдарын реформалоо боюнча
Тарых илимдеринин доктору, Жалал-Абат университетинин ректору Ташманбет Кененсариев 23-мартта боло турган Ынтымак курултайынын маани-максатына байланыштуу ой-пикир бөлүштү.
Философия илимдеринин доктору, профессор Кусейин Исаев Кыргызстанда кыргыз тилин мамлекеттик тил катары өнүктүрүүгө кыргызчылык, улутчулдук, мекенчилдик сезимдери жетишпей жатат деп эсептейт.
Аталган кеңештин мүчөсү, укук коргоочу Бурул Макенбаева кеңештин тарап кетишин көз караштар дал келбей калышы менен байланыштырат.
Бишкек жана Ош шаарларында эмгек мигранттар четке аттанган жайларда: аэропорт, бекет, ири базарларда, ошондой эле Эмгек, калкты ишке жайгаштыруу жана миграция министрлигинде ВИЧ инфекциясын жуктуруп алуунун алдын алуу боюнча маалымат бериле баштайт.
Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитети кытай тили боюнча мектеп куруу тууралуу кыргыз-кытай өкмөттөрүнүн келишимин жактырды. Ага ылайык, кытай өкмөтү элүү миллион юанды Бишкекте мектеп куруу үчүн кайтарымы жок берет. Мектеп бир жарым жылдын ичинде салынып бүтөт. Ал арада айрым серепчилер Кыргызстанда кытайлашуу жараяны башталганын, мунун алдын алуу боюнча иш-аракеттер көрүлүшү керектигин айтып жатышат.
Казакстанда иштеген жүздөн ашуун кыргызстандык мигранттар Бишкекте нааразылык акциясына чыкты. Алар Казакстанда соңку бир жылда соода кылууга таптакыр мүмкүн болбой калганын айтып даттанышты, бул маселени чечип берүүгө бийликке эки жумадай убакыт беришти.
Эркин журналист Г.Павлюктун өлгөнүнө кырк күн болду. Бул күнгө карата “Журналисттер” коомдук бирикмеси баштаган медиа уюмдар “Эстен кетпейт. Геннадий Павлюктун киши колдуу болгонуна кырк күн” деген акция баштады.
Кыргызстанда милициянын ишин жакшыртуу үчүн “Ички иштер органдары тууралуу” жаңы мыйзам долбоор иштелип чыкты жана ал жакында коомчулуктун талкуусуна коюлат. Бул мыйзам долбоор, кыргыз милициясын реформалоо маселелери боюнча Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун Бишкектеги борборунун башчысынын орун басары Лилиан Дарий “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.
АКШнын мамлекеттик катчысы Хилари Клинтон дүйнөдөгү Интернеттин абалы, андагы коопсуздук маселелери тууралуу жаңы эле сөз сүйлөдү. Буга байланыштуу кыргызстандык жаш активист, блогчу Мирсулжан Намазалиев “Азаттыкка” өз ойлору менен бөлүштү.
Хьюман Райтс Уотч уюму 2009-жылдагы адам укугунун дүйнөдөгү абалы тууралуу кезектеги баяндамасын жарыялады. Анда өткөн жылы Кыргызстанда адам укугу айрыкча президенттик шайлоо маалында көп бузулганы айтылат.
Украинадагы президенттик шайлоонун биринчи турунун жыйынтыгы, Кыргызстандагы белгилүү саясат таануучу, профессор Аалыбек Акуновдун баамында, бул өлкөнүн Батышка ыктаган маанайдан Орусияга оогон саясатка бурула баштаганын билдирет.
Өлкөдөгү соңку саясий кырдаал тууралуу “Ата Мекен” партиясынын төрага орун басары Ташболот Балтабаев “Азаттык” менен ой бөлүштү.
Алайдагы жол тосуу жана Бишкекте Исмаил Исаковдун бошотулушун талап кылган ачкачылык акциясы тууралуу “Азаттыкка” “Ак шумкар” партиясынын төрагасы Темир Сариев маек курду.
Саясат талдоочу Жыргалбек Турдукожоев азыр кыргыз коомчулугунда үч катмардан турган топтор түзүлүп, элди маңкуртташтыруу жараяны жүрүп жатат деп эсептейт.
Профессор, Жогорку Кеңештин төрагасынын кеңешчиси Айдарбек Көчкүнов өлкөдөгү акыркы окуяларды “бийликтин куугунтугу” деп айыптоого негиз жок, азыр өткөөл учурда жашап жаткан мамлекеттердин катарындагы Кыргызстан үчүн көп проблемалар мүнөздүү көрүнүш деп эсептейт.
АКШнын эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (ЮСАИД) Борбор Азия өлкөлөрүнө куш тумоосун алдын алууга көмөктөшүп жатат. Адисттердин айтымында, аталган аймакта мындай тумоонун жайылып кетүү коркунучу жогору.
Бишкек гарнизондук соту 11-январда мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковду генерал-лейтенанттык чининен ажыратуу менен 8 жылга кесүү жана аны сот залынан камакка алуу тууралуу чечим чыгарды. Буга байланыштуу “Азаттыкка” “Ар-намыс” партиясынын төрага орун басары Эмил Алиев маек курду.
Оппозициялык саясатчы Исмаил Исаковдун камалышы боюнча кечээ кечинде Бириккен элдик кыймыл чукул жыйынга чогулган эле. БЭКтин соңку чечими боюнча Жогорку Кеңештеги СДП фракциясынын төрайымы Роза Отунбаеваны сөзгө тарттык.
Дагы жүктөңүз