"Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин журналисти. 2009-жылы Internews уюмунун "Жылдын мыкты радио журналисти" наамын алган.
Өлкөдөгү энергетикалык кырдаал, баалардын көтөрүлүшүнө байланыштуу суроолорго мурдагы өкмөт башчы Феликс Куловдун экономика жана энергетикалык маселелер боюнча кеңешчиси, азыр көз карандысыз талдоочу Жаныбек Оморов жооп берди.
11-январда Базар-Коргон районунун Акман айылдык кеңешинин депутаттары Конституциялык Сотко кайрылганы жатышат. Алар президенттин айрым жардыктары баш мыйзамды бузган деген фактыларга соттон баа берүүнү талап кылышмакчы. Акман айылынын депутаты Турдаалы Сулайманов “Азаттыкка” маек курду.
Монополияга каршы агенттик жыл жаңырышы менен кошо азык-түлүктөрдөн нан, ичүүчү суу, курулуш материалдардан цемент, шыйпыр кымбатташы, тейлөө тармактарында да баа өсөөрү күтүлүп жатканын кабарлады.
"Кылым шамы" укук коргоо уюмунун жетекчиси Азиза Абдрасулова Кыргызстанда журналисттердин, көрүнүктүү саясатчылардын өмүрүнө коркунуч туудурган тенденциялар сакталып турганын, кубаттуу өлкөлөр жана эл аралык уюмдар Кыргызстандагы кырдаалга карата кош стандарт саясат жүргүзүп жатканын сынга алууда.
Экономика илимдеринин доктору, профессор Жумакадыр Акенеев менен өтүп бараткан жылдагы экономикалык өнүгүү, өзгөрүүлөр тууралуу “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди. Профессор өкмөттүн тарифтерди көтөрүү чечимин туура эмес чечим катары баалап, ал элге терс таасир тийгизет деген ойдо.
Жогорку Кеңеш депутаттары келерки жылдын бюджет долбоорун карап, талкуулашууда. Жаңы жылдын бюджети жөнүндө депутат Бегалы Наргозуев "Азаттыкка" ой-пикир бөлүштү.
Жогорку Кеңештин төрагасы кызматына бийликти колго алууга даярданып жаткан ханзааданын сөзүн эки кылбай чуркап турган жана конституциялык өзгөртүүлөр жөнүндө жаңы мыйзам долбоорун буйдалбай шыдыр өткөрүп бере турган, өтө жакын ишенимдүү адам тандоо милдети турат деп ой жоруйт Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Мукар Чолпонбаев.
Саясат талдоочу Кубан Абдымендин баамында, Исмаил Исаковдун жактоочулары өткөрүп жаткан нааразылык акциялар чоң тополоңго алып келет деп айтыш абдан кыйын. Бирок ошол эле мезгилде К.Ташиевдин жактоочулары жана башка саясатчылар, топтор чыгышы мүмкүн. Эгерде алар биргелешүү жолуна түшсө, анда коомдук стабилдүүлүк бузула тургандай кырдаал түзүлүшү ыктымал.
Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы, журналисттерге кол салуулар, маалымат кызматкерлеринин өз ара тилектештиги тууралуу “Журналисттер” коомдук бирикмесинин башчысы Марат Токоев “Азаттыкка” маек курду.
Казакстандагы Желтоксон окуясы тууралуу профессор, Кыргызстандын Казакстандагы мурдагы элчиси Тилектеш Ишемкулов "Азаттыктын" обосунда маектешти. 1986-жылы дал ушул күнү Алматыда жергиликтүү жаштардын массалык нааразылык толкуну башталган. Желтоксон козголоңу совет империясынын кыйрашына жана улуттук көз карандысыздыкка жол ачкан окуялардын бири катары бааланат.
Жогорку Кеңештин “Ак жол” фракциясынын депутаты Бейшенбек Абдразаков мамлекеттин кадр саясатындагы соңку дайындоолор боюнча "Азаттык" менен ой-пикир бөлүштү.
Отун-кубатка баанын жогорулашы, өлкөдөгү экономикалык кырдаал тууралуу “Азаттыкка” Коомдук ордо кеңештин өкүлү Орозбек Нусубалиев маек курду.
Алдыдагы конституциялык реформа тууралуу саясат талдоочу Карыбек Байбосунов “Азаттык” үналгысына маек курду.
Саясат талдоочу Нурдин Дүйшөнбековдун баамында, премьер-министр Данияр Үсөнов менен мурунку өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиевдин араздашуусу эки саясатчынын жеке мамилелеринен келип чыкты. Мамлекеттин кызыкчылыгы андай мамилелерден жогору туруш керек.
Кыргызстандагы активдүү партиялардын өкүлдөрү өткөн жумада Норвегия жана Финляндия өлкөлөрүндө болуп, ал жактагы партиялык система, парламенттеги партиялар тууралуу таанышып кайтышты. Алардын арасында болгон “Ата Мекен” партиясынын өкүлү Алмамбет Шыкмаматов “Азаттыкка” алдыңкы өлкөлөрдүн партиялык системасы жана шайлоо тажрыйбалары жөнүндө маек курду.
Кыргызстандын жалпы билим берүүчү мектептеринде ата-энелерден акча чогултууда көптөгөн мыйзам бузуулар орун алууда. Бул айрыкча Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй боорундагы мектептерде күчөгөн көрүнүшкө айланган.
Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму кыргызстандык укук коргоочулар үчүн терроризмге каршы күрөшүү жана адам укугу тууралуу Бишкекте семинар өткөрүп жатат. Кыргызстанда бул жааттагы абал боюнча Оштогу “Эдвокаси борбор” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Жеңиш Тороев "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.
Башкаруу реформасынын чегинде кайра түзүлгөн Маданият жана мамлекеттик тил агенттиги жакында өзүнүн жобосун иштеп чыгып бекитти. Улуттук баалуулуктардын башатында турган бул эки тармактын ишин уюштуруу тапшырылган агенттиктин иш багыттары, өзөктүү маселелер боюнча анын директору Султан Раев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.
“Алай” коому мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковду коргоп президентке кайрылуу жолдошту. Анда президент Курманбек Бакиевдин мурунку үзөнгүлөшү Исаковго тагылган айыптар негизсиз экени, кылмыш иши одоно түрдө, инсандык укугун тебелеп козголгону баса белгиленген.
Ошто ВИЧ/СПИД илдети тууралуу соңку жагдайлар боюнча аймактагы “Рейнбоу Инфо-борбор” коомдук корунун өкүлү Султан Мамытов “Азаттыкка” маек курду.
Дагы жүктөңүз