"Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин журналисти. 2009-жылы Internews уюмунун "Жылдын мыкты радио журналисти" наамын алган.
Кыргыз президенти мүлктү адалдаштыруу саясатын жарыялап, аткаминерлерди каткан мүлкүн ачык жарыялоого чакырган. Бул жараяндын алкагында 30 миңге чукул адам активдерин өзүнө каттатты, мунун ичинен 270тен көбү 100 миллион сомдон ашык бааланган мүлкү бар экенин көрсөттү.
Президент Садыр Жапаров Чүй облусунун аймагында Кемин-Сити деп аталган шаар куруу тууралуу жарлык чыгарды. Ага ылайык, Кемин районунда 350 гектардан ашык жерге экологиялык таза шаарча салынат. Азырынча анын каржы булактары аныктала элек.
Ички иштер министри Улан Ниязбеков өлкөдө соңку төрт жылдын ичинде кылмыштуулук жалпысынан 69% азайганын билдирди. Ал бул тууралуу 28-январда президент Садыр Жапаров менен жолукканда айтты. Бирок айрым байкоочулар кылмыштуулуктун азайганы милициянын ишинин үзүрү эмес дешет.
Президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасы тууралуу азыноолок маалымат берди. Ал "Кабар" маалымат агенттигине курган соңку маегинде "Азаттыктын" чек ара тууралуу материалына комментарий берип жатып, талаштуу тилкелер алмашуу жолу менен чечилерин билдирди.
Жогорку Кеңештеги "Ата-Журт - Кыргызстан" фракциясынын депутаты Жеңишбек Токторбаев Оштун мэри болуп дайындалды. Саясатка ишкерликтен келген Токторбаев Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакын санаалашы катары белгилүү.
Февраль айында Ысык-Көлдөгү үч чокуну бириктирген лыжа базаны куруучу компанияны аныктоо үчүн сынак жарыяланат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди. Буга чейин базаны курууга франциялык компания кызыгып жатканы айтылган. Жапаров соңку билдирүүсүндө ал компания тууралуу үн каткан жок.
Энергетика министри Таалайбек Ибраевдин электр энергиясы май айынан тартып кымбаттайт деген билдирүүсүнөн кийин өзү тууралуу да талаш-талкуу жаралды. Социалдык тармактарда айрым бийликчил активисттер жана журналисттер аны кескин сынга алып жатат.
2024-жыл аяктап баратканда, кыргыз өкмөтү кыргыз-тажик чек арасы толугу менен чечилгенин билдирди.
Министрлер кабинетинин төрагасы, президенттин администрациясынын жетекчиси болуп Адылбек Касымалиев дайындалды.
Президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровду "башка ишке өткөнүнө байланыштуу" деген негизде кызматтан алды. Анын отставкасы тууралуу маал-маалы менен айтылып келген. Салык кызматынын төрагасы баштаган жетекчилер кармалгандан кийин мындай сөздөр көбөйүп, талап күчөгөн.
11-декабрда Жогорку Кеңеште “Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025–2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору экинчи, үчүнчү окууда каралды.
Президент Садыр Жапаров Кыргызстан ооган адистерин окутуп, даярдап бере аларын белгиледи. Жапаров түркиялык TRT AVAZ телеканалына маек куруп, расмий Бишкек "Талибан" менен кызматташып жатканын ырастап, дүйнө коомчулугун ооган элине жардам берүүгө үндөдү.
Президент Садыр Жапаровдун Түштүк Кореядагы расмий сапарынын алкагында энергетика, билим берүү жана санариптештирүү тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган 20дан ашык документке кол кол коюлду.
Социалдык тармактарда Жогорку соттун төрагасы болгонуна бир айдан эми ашкан Медербек Сатыевдин башкаруу ыкмасы, кызматкерлерге жасаган мамилеси талкууланууда. Ал ишке киришкенден бери Сот департаментин күтүүсүз текшерди, Сот адилеттиги боюнча кеңештин, ага караштуу Жогорку мектеп ишинен кабар алды.
Украинада Орусиянын чабуулдары уланып жаткан учурда ЖККУнун лидерлери Казакстандын Астана шаарына чогулду.
Ички иштер министрлиги издөө жарыялаган Ноокаттын Көк-Жар аймактык милиция бөлүмүнүн мурдагы башчысы Тимур Абдисатар уулу мекемеге өз эрки менен барганда кармалганын, уруп-сабалганын айтып чыкты. Мындан улам өлкө башчыларына кайрылып, ага козголгон кылмыш ишинин акыйкат териштирилишин суранды.
Президент Садыр Жапаров 26-ноябрда Берлинде немис канцлери Олаф Шольц жана өлкөнүн президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен жолугуп, эки тараптуу алака-катышты талкуулады.
УКМК Камчыбек Ташиевди коркутуп кат жазган деп шек саналган жаран кармалганын, анын "чет өлкөлүк атайын кызматтарга, деструктивдүү күчтөргө тиешеси болгонун" билдирди. Шектүү буга чейин эки ирет соттолгонун, убагында Куралдуу күчтөрдө кызмат өтөгөнүн, кесиби учкуч болгонун маалымдады.
Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков тергөө абагынан атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевге "Жаңы күч" партиясы жана анын башчысы Кубанычбек Конгантиев тууралуу кайрылуу жолдоду.
Дагы жүктөңүз