"Азаттыктын" Прага шаарындагы кеңсесинин кызматкери, "Азаттык+" телепрограммасынын мурунку алып баруучусу. Кыргыз-Орус (Славян) университетин аяктаган.
Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча жогорку комиссариаты соңку эки жыл ичинде Орусия аннексиялап алган Крым жарым аралында жергиликтүү татарларга кысым күчөгөнүн билдирди.
Азербайжандын Коргоо министрлиги Тоолуу Карабакта 17-майда болгон атышуудан бир аскери набыт кеткенин кабарлады. 16-майдын кечинде Армения менен Азербайжандын президенттери Венада жолугушкан.
“Эркин Европа/Азаттык" үналгысынын” башкы редактору Ненад Пейж “Крым. Реалии” сайтынын жабылышын экстремизм шылтоосуна жамынган цензура жана орус, крым элине аннексия тууралуу чындыкты угууга жолтоо болгон агрессиялык аракет деп сындады.
Ким Чен Ын 8-майда “Эмгек” партиясынын съездинде сүйлөгөндө “душман” өлкөлөр менен мамилени оңдоого даяр экенин айтты.
Кыргызстанда аскер бөлүктөрүндө орун алган окуяларга коом да жооптуу. Мындай пикирин Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Жаныбек Капаров "Азаттыкка" курган маегинде билдирди.
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Жер кодексине өзгөртүү киргизүүгө мораторий жарыялаганын бейшембиде өткөн жыйында билдирди.
Еврокомиссия Түркия жарандарына Шенген аймагына визасыз кирүүнү 4-майда сунуштады. Эми келишимди Биримдиктин көпчүлүк өлкөлөрү жана Европарламент жактыргандан кийин күчүнө кирет.
Түндүк Корея коммунисттик бийлиги өз жарандарына үйлөнүү той жана башка салтанаттарды, атүгүл сөөк коюу жөрөлгөлөрүн өткөрүүгө убактылуу тыюу салды.
Астанада өткөн Казакстан эл ассамблеясынын жыйынында Назарбаев атындагы университетинде эмгектенген профессор Дүйшөн Шаматов президент Нурсултан Назарбаевге “Кыз Жибек” поэмасынын 1954-жылы жазылган уникалдуу кол жазмасын тапшырды.
Кошмо Штаттар Орусияны Крым-татар мажилисин “экстремисттик” уюм катары таануу тууралуу чечиминен баш тартууга чакырды.
Тажикстан 25 жылдык эгемен тарыхында өлкөдө биринчи жолу жаңы шаар куруп жатат. 250 миң адамга эсептелген Сайхун шаары Согди облусунда Хожент калаасынан алыс эмес жерде жайгашат. Жеке менчик үйлөрдөн тышкары шаарда көп кабаттуу 19 кичирайон жана 40 миң үй-бүлө жашай турган коттеждер курулат.
«Журтташтар” рубрикасынын бул жолку каарманы - Жапонияда жашаган Асел Дүйшөнова. Жапон жигит менен баш кошкон Асел ушул тапта Нагасаки шаарында турат. Каарманыбыз 18 жашынан тарта ыктыярчы болуп бир катар өлкөлөрдө иштеген.
18-апрелде Баткен райондук акимчилигинин алдына кара тамеки айдаган 200дөн ашык дыйкан митингге чыкты. Буга чейин Жогорку Кеңеште депутат Махабат Мавлянова насыбай жасоого, сатууга тыюу салуу демилгесин көтөргөн.
“Журтташтар” берүүсүнүн кезектеги каарманы Мурат Арапбаев үч жарым жылдан бери Түштүк Кореянын Масан шаарында жашайт. Ал автотетиктерди чыгарган заводго атайын келишим менен ишке келген. Мурат Кыргызстандын Кореядагы фубол боюнча курама командасынын капитаны.
Армениянын президенти Серж Саргсян Тоолуу Карабактагы куралдуу кармаштын уланышы “кеңири масштабдагы согушка” жеткириши мүмкүн экенин айтты.
Бир кезде “Сүйүп калдым, кантейин?”, “Сагындырба” деген ырлары менен жаштар арасында таанылган эстрада ырчысы Эрлан Андашев үч жылдан бери АКШда үй-бүлөсү менен жашайт.
АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин Москвада төрт саатка созулган сүйлөшүүсү өттү.
Мурдагы Югославия боюнча БУУнун эл аралык трибуналы босниялык сербдердин экс-лидери Радован Каражичти 40 жылга эркинен ажыратты.
Сүрөтчү-дизайнер Ибрагим Бакиров Брюсселде 15 жылдан бери жашайт. Ал “Азаттыкка” курган маегинде Брюсселдеги соңку кырдаал, жардыруулардан кийинки жайкын элдин турмушу тууралуу айтып берди. Бельгияда 700дүн айланасында кыргызстандык жашайт.
19-мартка караган түнү Орусиянын Ростов-на-Дону шаарында Boeing 737-800 учагы кырсыкка кабылды. Каргашалуу окуя учак жерге конуп жатканда болгон. Учактагы 55 жүргүнчү жана экипаждын жети мүчөсү набыт кеткени кабарланды.
Дагы жүктөңүз