"Азаттыктын" Прага шаарындагы кеңсесинин кызматкери, "Азаттык+" телепрограммасынын мурунку алып баруучусу. Кыргыз-Орус (Славян) университетин аяктаган.
Күрттөр Сириянын түндүгүндө федеративдүү аймак түзүшкөнүн жарыялашты. Мындай чечим 17-мартта Рмейлан шаарында өткөн күрттөрдүн жыйынында кабыл алынган.
Журтташыбыз Гүлжан Шейшенова Австриядагы Europeankyrgyz Kulturverein деген аталыштагы кыргыз коомунун жетекчи орун басары. Үч жылдан бери Австрияда окуп, иштеп жүргөн Гүлжан уюм өзү иштеген уюмдун ишмердүүлүгү, Венадагы кыргыздардын жашоосу жөнүндө “Азаттыкка” айтып берди.
Дүйнөдө диний радикализмге бөгөт коюу үчүн мусулмандар арасында билимди өркүндөтүү зарыл. Мындай пикирин Брюсселде өтүп жаткан “Экстремизмге диалог жана билим аркылуу туруштук берүү” конференциясынын катышуучусу теолог Кадыр Маликов билдирди.
Хмеймим базасынан чыккан учактардын арасында Ту-154 жарандык жана көп функционалдуу Су-34 бомбалоочу учактар бар. Орус аба күчтөрү Сириядагы соккуларын өткөн жылдын сентябрында баштаган.
Анкарада 13-мартта болгон жардыруу күтүлгөн эле окуя болчу жана Түркияда мындан ары да экстремисттик топтор менен бийликтин ортосунда тирешүү улана берет.
Чыңгыз Асанбек - Испаниядагы таанымал жаш каскадерлордун бири. Ал киного тартылып, телешоуларга катышып, Каталониянын “Гауди” кино сыйлыгына да татыган.
Өткөн аптада Сирия кризиси тууралуу Мүнхендеги жыйында ок атышууну токтотуу боюнча келишимге кол коюлган. Ага ылайык элдешүү жараяны 19-февралдан кечикпей күчүнө кириши керек эле.
Өтүп бараткан аптада Казакстанда 20-мартта боло турган парламенттик шайлоого партияларды жана депутаттарды каттоо аяктады.
Эл аралык VimpelCom (ТМ Beeline) телекоммуникация компаниясы Өзбекстандагы бөлүмүнө байланыштуу жүрүп жаткан коррупциялык чууну жабуу үчүн айып пул төлөп берүүгө даярдыгын билдирди.
Британиянын Евробиримдиктеги келечегин аныктаган сүйлөшүүлөр жыйынтыктоочу стадияга келип калды.
28 адамдын өмүрүн алган Анкарадагы жардырууга катыштыгы бар деген шек менен тогуз адам кармалды. Түркиянын премьер-министри Ахмед Давутоглу теракт үчүн Сириядагы күрт партиясынын куралдуу кошуундарын айыптады.
"Азыркы кыргызстандык” рубрикасынын бул жолку каарманы ишкер Уланбек Тынччылык уулу. Түркияда билим алып, учурда баш-оту менен курулуш тармагына кирип, өз компаниясын жетектейт.
Сириядагы чыр-чатакты жөнгө салуу боюнча Мүнхендеги сүйлөшүүдө жаатташкан тараптарды элдештирүү боюнча келишим бир жуманын ичинде күчүнө кирет. Бирок анын террористтик топторго тиешеси жок.
Бүгүнкү каарманыбыз Анвар Жамгырчиев ушул жылдын башынан тарта Германиянын баш калаасы Берлинде Борбор Азияда жашаган улуттардын тамак-ашын даярдап, аны кардарларга жеткирип кызмат көрсөткөн иш баштады.
Араб Эмираттарына алгач эс алганы барып, кийин туруктуу жашап калган Жанара Миг учурда эки жеке компаниянын ээси. Журтташыбыз ар кандай майрамдык кечелерди уюштуруп, кыймылсыз мүлк саткан агенттикти жетектейт.
Ирандан эл аралык санкциялардын толук алынышы Казакстандын дүйнөлүк мунай базарындагы турумун кыйла солгундатып коюшу ыктымал деп эсептешет эксперттер.
Эл аралык таанымал адвокат Амаль Клуни учурда абакта отурган азери журналисти Хадижа Исмаилованын укугун коргомой болду.
Эл арасында кеңири аткарылып жүргөн “Даткайым” ырынын музыкасын жазган композитор Дамира Өмүркулова беш жылдан бери Сингапурда жашайт.
Азербайжандын парламенти экономикалык жана каржылык кризисти жоюу чараларын бекитти. Шейшембиде мыйзам чыгаруучулар Борбордук банктын башчысы Элман Рустамовдун планын жактырышты.
Президент Атамбаев дүйнөдө кырдаал курчуп турганда өлкөнүн тышкы саясаты эң ириде улуттук кызыкчылыкты эске алуу менен жүргүзүлүшү керектигин эскертти. Кыргызстандын тышкы саясаты азыр кандай нукта жүрүүдө? "Азаттык" Минскидеги журналист жана саясат таануучу Александр Класковскийди сөзгө тартты.
Дагы жүктөңүз