"Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.
УКМКнын Ош шаарындагы кеңсесинин алдына чогулган элүүдөй адам “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди бошотууну талап кылышты. Алардын арасында атчандар да болду. Чогулгандар саясий куугунтукту токтотууну бийликтен талап кылып, өткөн эки төңкөрүштөн сабак алууга чакырышты. Алар талаптар ат
Ош шаарынын бюджети былтыркыдан 200 миллион сомго аз бекитилгени турат. Өткөн жылы калаага бир миллиард сомдон ашык акча жумшалса, быйыл ал 800 млн сомдун тегерегинде болот. Коомдук угууда мэрия мунун себебин айрым салыктар республикалык бюджетке которула турганы менен түшүндүрүүдө.
Кара-Сууда “жоголду” делген 11 депутат дайынын таптырбай кеткен себебин ачыкка чыгарды. Алар Тажикстанга атайын эс алганы кетишкенин, өкмөттү шайлоого протест катары ушундай кадамга барышканын айтышты. Бул арада Шарк айылдык аймактын башчысын үчүнчү жолку шайлоо да үзгүлтүккө учурашы мүмкүн экени ка
Ош, Жалал-Абад жана Баткендеги медреселерде окуган улан-кыздарга эми диний сабак менен кошо кесиптик билим да бериле баштайт. Балдар ширеткич жана электрик адистиктерине окушса, кыздар тигүүчү жана ашпозчулукту үйрөнүшмөкчү. АКШ элчилигинин колдоосу менен башталган долбоор жаштар арасында эктремизмд
Жыл башынан бери өз жанын кыйган өспүрүмдөрдүн саны 20га чукулдады. Өткөн дем алуу күндөрү Бишкек шаарында жана Ош облусунун Араван районунда катталды.
Ошто электрондук лотереядан ири суммадагы акча уткан адамга байгеси берилбей жатат.
Ошто электрондук лотереядан 700 миң сом утуп алган Азамат Эрмекбаев байгесин ала албай, тескерисинче милициядан ыдык көргөнүн айтып чыкты. Ошол себептүү ал кумар оюндарынын артында укук коргоо органдарынын жетекчилери турат деп шектенүүдө. Бирок экинчи тарап муну куру доомат деп атап жатат.
Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чыңалуулардан улам, эки өлкөнүн чек аралары бир нече жылдан бери ачылбай келатат. Ушу күндөрү өткөрмө бекеттерден машине менен эмес, жөө өтүү да оңойго турбайт. Бир кезде Ташкентке, Анжиянга, же Ферганага саат сайын каттаган Оштогу автобустар болсо кыял бойд
Кыргызстанда саламаттыкка алдын ала кам көрүү маданияты калыптанганбы?
Ош шаарында 20дан ашык жаран үлүшкө берилген жерлерге үй салып алганы ачыкка чыкты. Шаардын карамагына кирген Жапалак айылынын тургундары айдоо аянтка айласыздыктан турак жай курганын айтышууда. Бирок бийликтер бул аракеттер мыйзамсыз экенин билдирип, үйлөр бузулат деп эскертүүдө.
Чүйдөгү авиакырсыктан каза болгондордун айрымдары Бишкек шаарынын жакасына коюлса, көбүнүн сөөктөрү өздөрүнүн кичи мекендерине жөнөтүлдү. Алай районунун Корул айылынын тургундары 18-январда беш маркумду жерге берди. Анын төртөө бир бүлөдөн. Чогулгандар алардын жакындарына көңүл айтып, ал абалын сур
Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси жарым жылдан бери дайындалбай турат.
Удаама-удаа жааган оор кар быйыл Алайкуу өрөөнүндөгүлөрдү куп эле сынагандай болду. Бир туруп күрткү жолду жаап калса, бир туруп электр линиясы үзүлөт. Ызгаарда оору-сыркоо да арбып, элди жүдөтүүдө. Ал ортодо чөптүн наркы кымбаттап, мал-жан кол карап калды. Бийликтер болсо жолду үзгүлтүксүз тазалап
Тажикстанда кыйноого кабылган кыргызстандык ишкер Акжол Калбаевдин ден соолугу калыбына келе баштады. Аны өнөктөштөрү коңшу өлкөгө алдап алып кирип, 10 күн барымтада алып жатышкан. Калбаевдин ата-энеси уулу үчүн 23 миң доллар кун төлөгөнгө да мажбур болгон. Бирок ал тажик коопсуздук органдарынын көм
Тажикстанда кыйноого кабылган ишкер Акжол Калбаевдин ден соолугу оңоло баштады.
Кыргыз-Ата айыл аймагында ичимдик ичкен балдарды аксакалдар мечитке алып келип уяткарып, элден кечирим суратты.
Ноокаттын Кыргыз-Ата айыл аймагында ичимдик ичкен балдарды аксакалдар мечитке алып келип уяткарып, элден кечирим суратты. Бирок айрымдар арак ичкен киши каалаган жерден таап алаарын айтып, муну жеке ишкерликке бут тосуу катары баалашууда.
Ош мамлекеттик социалдык университети деп аталганына алты жыл болсо да окуу жай дипломду Кыргыз - Өзбек университети деп берип келатат. Көпчүлүк студенттер мындай кош аталышка нааразы болушууда. Ал эми университеттин жетекчилиги жаңы аталышты бекитүү юридикалык маселелерге байланыштуу кечеңдеп жатка
Дагы жүктөңүз