"Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Жайкы каникул башталганы мектеп курагындагы өспүрүмдөр да акча табуу менен алектене баштады.
Ош шаарында биринчи жолу «Этномаданият» фестивалы башталды. Бүгүн кечке түштүк борбор калаанын көчөлөрү, аянт жана эс алуу парктары ырчы-чоорчу ыр-күүсү менен, уста, зергер, сүрөтчү, уздардын бумдарына толуп турду. Ошол эле кезде салтанатка карата сын айткандар да болбой койгон жок.
Кыргызстан Европа Биримдигине бажы төлөмсүз товар экспорттоого уруксат алганына төрт айга чукулдады. Бирок бул аралыкта товар ташымак тургай, даярдык иштери толук бүткөн жок.
Ош шаардык кеңеши бүгүн Аймамат Кадырбаевди шаар башчысы кызматына кайрадан шайлады. Анын талапкерлигин шаардык кеңештеги 41 депутат колдоду.
Кримавторитет Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары ИИМдин тизмесинде турган Эржигит Пасаңов 25-майда Өзгөндө айыл өкмөт болуп шайланды.
Учурда Кыргызстандагы мечиттердин кыйласы мектеп курагындагы балдар үчүн кезектеги жайкы окутуу лагерлерин уюштуруу иштери менен алектенүүдө.
Оштогу эстакада көпүрөнүн жакасындагы тротуарлардын бузулушу жана жолдун башындагы чөгүп кеткен асфальт боюнча Ош шаардык мэриясы түшүндүрмө берди.
“Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев бала бакчанын директору классташы болгону үчүн коргоп жатат” деп билдирүү тараткан юрист Гүлчөбек Максутов иштен бошотулду. Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын адиси буга да мэр кийлигишкенин айтууда.
Ош шаарынын мэрлигине кайрадан Айтмамат Кадырбаевдин талапкерлиги көрсөтүлдү. Аны бул кызматта экинчи мөөнөткө калуусун Ош шаардык кеңешиндеги КСДП баштаган көпчүлүк коалиция сунуштады.
Ошто жумуштан бошотулган тарбиячылар өздөрү иштеген “Байчечекей” бакчасында наристелерге курттаган тамак берилгенин, балдар мажбурлап иштетилгенин ачыкка чыгарышты.
Ош шаарынын Курманжан Датка кичи районунун жашоочулары Некрасов көчөсүнүн туюкталып калган бир башын ачууну жергиликтүү бийликтерден талап кылууда. Жолду ушул эле көчөнүн тургундары расмий уруксаттын негизинде деп, тосуп, даараткана салып алган.
Оппозицияда жүргөн саясатчылар, журналисттер жана жарандык коомдун өкүлдөрү Кыргызстанда сөз эркиндиги коркунучка кептелгенин айтып чыгышты.
Бишкек шаарындагы Жеңиш конушуна канализация куруу маселеси айылдыктардын ынтымагына чок түшүрдү.
3-май - сөз эркиндигинин дүйнөлүк күнү. Кыргызстанда сөз эркиндиги жылдан жылга жакшырып баратканы айтылганы менен, бирок жагдай мактанаарлык деңгээлде эмес экенин белгилегендер да бар.
Жогорку Кеңештеги "Бир Бол" фракциясынан депутат Лунара Мамытованын мандатын тапшыруу тууралуу арызын Борбордук шайлоо комиссиясы 6-майда караганы жатат.
Бүгүн Ош шаардык кеңеши “Мыйзам жана ыйман” деп аталган көпчүлүк коалициясын түзүп, анын курамына КСДП, «Бир Бол» жана «Мекеним Кыргызстан» фракциялары кирди.
Экс-министр Аргынбек Малабаевдин аты дагы бир коррупцияга байланышы бар делген иште аталды. Ал “Кыргыз темир жолу" ишканасын жетектеп турган учурда 300 миллион сомдон ашык акчага курулган эс алуу жайы тендерсиз бүткөн.
Адистер акыркы кезде кызганычтын айынан түгөйүн өлтүрүүгө аракет кылган учурлар көбөйгөнүн айтышууда.
Дагы жүктөңүз