"Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Тажикстандын жемкорлукка каршы күрөшүү мекемесинин кызматкерлерине кымбат үй жана машинелерди туугандары белекке беришет. Жашырын сырды аталган кызматтын жетекчилиги жарыя кылды.
Өзбекстанда сакалчандарды текшерүү башталды. Ички иштер кызматкерлери жаштарга сакал-мурутту кырып, чаарбаштыктан оолак жүрүүнү эскертүүдө.
Сириянын президенти Башар Асад согушту аягына чыгаруу үчүн кандай гана саясий сунуш жана диалог болбосун колдоого даярдыгын билдирди.
Казакстанда айып пулдан карызы бар ондогон адамдар чет өлкөгө чыга албай калышты. Алар бул чектөөнү өтө эле аша чаап кеткендик катары сыпатташууда.
Талибан кыймылы Ооганстанда өзбек улутундагылар жашаган жүздөн ашык кыштакты басып алды.
Бишкекте жатак абактан качып кеткен шектүүлөрдү кармоо операциясында өзүн жардырып жиберген казакстандыктын сөөгү туугандарына берилди.
Өзбекстандын өкмөттүк делегациясы Женевада БУУнун адам укуктары боюнча комитетине отчет берди.
Өзбекстанда СПИДге карата массалык текшерүү башталды. Өзгөчө чет өлкөдө иштеп келген мигранттар мажбур түрдө медициналык көзөмөлдөн өткөрүлүүдө.
Тажикстанда эшек этин өндүрүүчү комбинат ачуу боюнча орусиялык жана кытайлык ишкерлердин өтүнүчүн бул өлкөнүн ветеринардык кызматы четке какты.
АКШнын юстиция министрлиги Өзбекстан президентинин кызы Гүлнара Каримованын 300 миллион долларын камакка алуу тууралуу сотко доо арыз берди.
Орусиялык “Голос” музыкалык теледолбооруна Ташкентте расмий кастинг өтөт деген маалыматтар жалган болуп чыкты.
Тажикстанда 15 дарыгер көзү өткөндөн кийин ички органдарын донор катары башка муктаждарга берүүнү чечишти.
Бир жыл мурда Донецк облусунда кулаган учакта жарандары каза болгон Нидерланд, Малайзия баштаган беш мамлекет кырсыкка себепкерлерди эл аралык сотко алып келүүнү жана Орусияга таасир этүүнү көздөшүүдө.
Жайдын ысык күндөрүнө туш келген рамазан айы Борбор Азия өлкөлөрүндө бир топ чектөөлөр жана жаңы эрежелер менен коштолууда.
Өзбекстан телеканалдарында аялдарга “махабат жихады” боюнча байма-бай түшүндүрүү иштери жүрүүдө.
Имаратка кирүүгө аракет кылган алты согушкерди полиция эки саатта араң жок кылды. “Талибан” кыймылы кол салуу коргоо министрине сунушталып жаткан Массум Станекзайга каршы жасалганын билдирди.
Орусиянын Новосибирск облусунун прокуратурасы “Таблиги жамаат” уюмунун 16 мүчөсүнө айып такты.
“Талибандын” барымтасындагы тажикстандык 4 чек арачы бошотулду. Алты айдан бери Ооганстандагы согушкерлердин колунда туткунда жүргөн чек арачылар Катар бийликтеринин кийлигишүүсү менен боштондукка чыккан.
Мурдагы прокуратура кызматкери Канжар Кадыралиевдин үстүнөн арыздангандардын бири БУУ жетекчиси Пан Ги Мунга даттанууга аракет кылды.
Кыргызстандыктар бүгүн 2010-жылкы кандуу июнь калабасын эскерип, маркумдарга куран окуп жатышат. Беш жыл мурда болгон улут аралык бул жаңжал жүздөгөн адамдардын өмүрүн алып, миңдеген адамдарды жер которууга аргасыз кылды. Далайлары калабада дарексиз жоголгон жакынын таба албай ушул күнгө чейин беймаза. Беш жыл мурдагы бул окуяны “Азаттыктын” кабарчылары дагы эскеришип, айрым өңүттөрүнө кайрылышты.
Дагы жүктөңүз