Кытайда өпкөнү сезгентүүчү белгисиз вирус жайылып, аны жуктуруп алган кеминде төрт адам көз жумду. Тажикстанда медицина кызматкери 18 жыл иштеген ооруканадан бийликти сындаган видеоблогер уулунун айынан жумушунан айдалганын айтып чыкты. Кыргызстанда жана Казакстанда теңирчиликти жандандыруу аракети көрүлүүдө – айрымдар аны дин деп атаса, кээ бирлер жаратылышка таянган көз караш деп эсептешет.
Борбор Азия
шейшемби 21 Январь 2020
Кыргызстан менен Тажикстан чек ара маселесин чечиш үчүн эки жерди алмашуу боюнча бир пикирге келди. Кыргыз тараптан берилчү жерлер анык болгону менен, Тажикстан анын ордуна кайсы жерди берери азырынча белгисиз. Андан тышкары чек арадагы 114 чакырым жер эки өлкөнүн бардык карталары боюнча туура келгени жана аларды бекитсе болору айтылды. Бул тууралуу кыргыз өкмөтү 21-январда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында билдирди.