Кытайда 2300дөй киши өпкөнү сезгенткен вирусту жугузуп, 100дөн ашык адам каза тапты. Советтик армия Освенцимдеги өлүм лагерине кирип, дүйнөгө Холокост кыргынынын сырын ачканына 75 жыл болду. "Каректе Евразия" берүүсүнүн кезектеги чыгарылышын сунуш кылабыз.
Борбор Азия
шейшемби 28 Январь 2020
Казакстандык Ички иштер министрлиги 500дөй машине өлкөнүн жолдорундагы кар бурганакта калганын маалымдады. Синоптиктер жакынкы күндөрү күндүн көзү ачыларын божомолдобой жатышат. Нур-Султанда өзгөчө кырдаал жарыяланып, мектептер жабылды. Баш калаанын аба майданындагы учак каттамдары токтоду.