Баткен шаарынын чет жакасында кыргыз-тажик жаңжалында каза болгондордун жакындары үчүн чакан шаарча пайда болду. Президент Садыр Жапаров курулуш иштери менен таанышып, үйлөр эки жумага жетпей толук бүтө турганын айтып убада берди. Үй куруу үчүн жерди мэрия бөлсө, калган чыгымын жеке компаниялар көтөргөн.
Борбор Азия
ишемби 28 Август 2021
Кыргызстанда эң ири үч шаардын – Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын мэрлери шайланды. Бишкек менен Ошто бийлик жана шаардык кеңештеги коалициялык көпчүлүк көрсөткөн бирден гана талапкер болду. Кошмо Штаттар жана башка батыш мамлекеттери өз жарандарын Кабул аэропортунун айлана-тегерегинен оолак болууну эскертешти. Алар миңдеген адамдар топтолгон жерде террордук чабуулдар болуп кетиши мүмкүн деп кооптонуп турушат. Орусиянын борбору Москвада полицияга түшкөн кыргызстандыктардын саны өстү, өз жердештерине карата жасалган кылмыштар өзгөчө көп.