Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:47

Борбор Азия

Кабулдагы теракт, Байдендин эскертүүсү
please wait

No media source currently available

0:00 0:17:35 0:00

Кабул аэропортунда бир күн мурдагы жардыруулардан каза тапкандардын саны 90 кишиден ашты. Алардын 13ү америкалык аскерлер. АКШ президенти Жо Байден бул чабуулдун артында турган "Ислам мамлекети" террордук тобуна чара көрүлөрүн эскертти. Кыргызстанда парламенттик шайлоо системасы өзгөртүлдү. Буга чейин депутаттар партиялык тизме боюнча шайланып келген болсо, эми аралаш шайлоо системасы болот. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду. Кыргызстандык спортчу, 21 жаштагы суучул Владислав Шулико Ысык-Көлдү беш күн ичинде узунунан - 180 чакырымды сүзүп өттү. Спортчунун 22-августта Караколдон башталган марафону 27-августта Балыкчыда жыйынтыкталды.

Полиция Жамбыл облусундагы №28349 аскер бөлүгүнө баруучу жолду тосуп турат. 27 -август, 2021 -жыл
Полиция Жамбыл облусундагы №28349 аскер бөлүгүнө баруучу жолду тосуп турат. 27 -август, 2021 -жыл

Бейшембиде Жамбылдагы аскердик кампада катуу жарылуу болуп, каза болгондордун саны 13ге жетти. Жүзгө жакын адам жараат алып, айрымдарынын абалы оор экени кабарланды. Жергиликтүү бийлик айыл тургундарын эвакуациялады.

26-август күнү кечинде Жамбыл облусунун Байзак районундагы аскердик кампада өрт чыгып, ок-дарылар жарылды. Казакстандын коргоо министри Нурлан Эрмекбаев жарылуудан беш кызматкери каза болгонун билдирди. Дагы бир нече аскер дайынсыз болуп жатканы айтылууда.

Жарылуунун так себеби белгисиз, бирок министр кырсык коопсуздук талаптары сакталбагандыгынан, химиялык реакциядан же "саботаж болушу мүмкүн" деп божомолдоду.

Соцтармактарда тараган тасмаларда Тараз шаарына жакын аймактык ооруканаларга жарылуудан жараат алгандар "Тез жардам" унаасы менен агылып келип жатканын көрүүгө болот. Жамбыл облусунун акимчилигинин маалыматында жума күнү эртең менен 28 адам ооруканаларга жеткирилген, алардын дээрлик көпчүлүгү аскердик бөлүктүн кызматкерлери.

Ошондой эле, Тараз шаардык ооруканасынын башкы дарыгери Сакен Жумашев "Азаттык" радиосунун казак кызматына жарылуудан кийин 93 адам ооруканага жеткирилгенин кабарлады, алардын ичинен бешөөнүн абалы өтө оор.

Окуя болгон жерге өрт өчүрүүчүлөр тартылып, үч айылдын тургундары эвакуацияланган. Бирок Жамбыл облусунун акими Бердибек Сапарбаев, бүгүн абал турукташканын, айыл тургундары үйүнө кайтарын кабарлады.

"Эвакуацияланган үч айылда жалпысынан 718 адам турат. Алар 10 мектеп, беш жатаканага жайгаштырылган. Алардын дээрлик көпчүлүгү кайра үйүнө кетишти", - деди Сапарбаев.

Президенттин талабы

Президент Касым-Жомарт Токаев жарылууга байланыштуу чукул жыйын өткөрүп, окуянын кесепеттерин жоюу үчүн ведомстволор аралык мамлекеттик комиссия түзүүнү тапшырды. Аны вице-премьер Роман Скляр жетектейт. Комиссиянын башчысына тезинен окуя болгон жерге баруу керектигин айтты.

"Жабыркаган үй-бүлөлөрдү жана элди социалдык жактан коргоо үчүн зарыл болгон бардык чараларды көргүлө. Саламаттык сактоо министрлиги кырсыкта жабыркагандарга комплекстүү медициналык жардам берүүнү уюштурушу керек", - деди Токаев.

ПрезидентБашкы прокуратура менен Ички иштер министрлигине окуяны тыкыр иликтөөнү тапшырды. Улуттук коопсуздук комитети, Башкы прокуратура, ИИМ жана башка тийиштүү мамлекеттик органдарга окуяга байланышкан жалган маалыматтарды тараткандарга чара көрүү жана алдын алуу иштерин жүргүзүү керектигин айтты.

Министрдин отставкасы

2018-жылдан бери Казакстандын коргоо министри кызматын аркалап келе жаткан Нурлан Эрмекбаев жума күнү "Азаттык" радиосунун кабарчысынын "отставкага кетишиңиз мүмкүнбү?" деген суроосуна, мындай чечимди жарылуу болгон күнү эле кабыл алганын билдирди.

"Менин азыркы башкы максатым - кырсыктын кесепеттерин тез арада жоюу. Кызматтан кетүү маселесине келсек, бул жарылуу жөнүндө кабарды уккандан кийин дароо мен отставкага кетүүнү чечтим. Калганын жогорку жетекчилик чечет", - деди Эрмекбаев.

Деген менен 2019-жылы Түркстан облусунда Арыс шаарында курал-жарак сакталган кампадан өрт чыгып, өзгөчө кырдаал жарыяланган. Расмий маалыматтар боюнча, ал кезде шаардан 41 миң киши көчүрүлгөн. Үч адам каза таап, ондогон киши ооруканага жаткырылган. Окуяга байланыштуу 12 аскер ар кандай мөөнөткө эркинен ажыратылган.

Анда да Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев коргоо министри Нурлан Эрмекбаевге катуу сөгүш жарыялап, аскердик кампадан ок-дарылардын баарын алып чыгууну тапшырган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG