Казакстандын түштүгүндөгү Чымкент шаарында коронавирус жугузуп, ооруканага түшкөн бейтаптардын саны акыркы эки аптада кескин өстү. Мындай жогорку көрсөткүчтөр коронавирустун "дельта" штаммына байланыштуу экени айтылууда. Шаардагы "кызыл зонага" кош бойлуу келиндер жана улгайган кишилер көп келип жатканы байкалууда.
Борбор Азия
дүйшөмбү 9 Август 2021
29-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда тажик тарап Лейлек районунун Интернационал айылынын башчысы Мырзабек Жумабаевди баш кылып 10 тургунду барымтага алган. Эки күндөн кийин бошотулган кыргызстандыктар Тажикстанда ур-токмокко алынганын айтышкан. Учурда алардын айрымдарынын ден соолугу калыбына келе элек.