Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:52

Борбор Азия

Абылгазиев казынага 50 млн. сом төгүп абактан чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:16:10 0:00

Президент Садыр Жапаров жарандык коомдун катуу каршылыгына кабылган “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамга кол койду. Документтин авторлору мыйзам "фейктерге" каршы иштей турганын айтып келишет. Коррупцияга жана мыйзамсыз баюуга шек саналып кармалган экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев чет жакка чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде бошотулду. Ал бюджетке 50 миллион сом төгүп берди. "Талибан" кыймылы 12 адамдан турган Ооганстанды башкаруу кеңешин уюштура турган болду. Ага “Талибандын” саясий канатынын башчысы Абдул Гани Барадар баш болгон адамдар кирет.

 Коронавируска чалдыккан бейтап жана дарыгерлер иш үстүндө.
Коронавируска чалдыккан бейтап жана дарыгерлер иш үстүндө.

Расмий Нур-Султан акыркы бир күндө 5 631 адам коронавирус жуктуруп алганын ачыктады. Өткөн айда күнүнө алты-жети миң киши бул илдетке чалдыккан. Ал эми Түркмөнстанда ооруканалар толуп, бейтаптар үйгө жөнөтүлүп жатканы айтылууда.

Казакстанда коронавирус жуктургандар азайды

24-августта Казакстанда COVID-19 илдети 5 631 адамдан аныкталып, 97 киши каза болду. Оорунун жайылышы боюнча Алматы, Нур-Султан шаарлары жана Караганды облусу алдыга чыккан. Бул аймактарда коронавирус күнүнө бир жарым миңдей кишиден аныкталууда. Калган аймактарда илдет аныкталгандар 300 кишиден төмөн.

Пандемия башталгандан бери Казакстанда бул илдет 748 миңге жакын кишиден аныкталып, 8 512 киши көз жумду.

Алексей Цой.
Алексей Цой.

Казакстандын Саламаттык сактоо министри Алексей Цой шейшембиде өкмөттүн жыйынында сүйлөп жатып, өлкөдө коронавирус менен ооругандардын саны азайганын айтты.

"Акыркы эки жумада коронавирус менен ооругандардын саны 10% төмөндөдү. Атайын ооруканалардын жарымы гана коронавирус бейтаптарына толгон. Пессимисттик сценарий боюнча, сентябрда орто эсеп менен күнүнө 6300 адамга вирус жугарын, октябрда болсо ооругандардын саны азаярын божомолдоп жатабыз. Ал эми оптимисттик божомолдо сентябрда күнүнө вирус өлкө боюнча 1300 кишиге жугушу мүмкүн",- деди Алексей Цой.

Саламаттык сактоо министринин билдирүүсүнөн кийин казак өкмөтү жергиликтүү бийликке дем алыш күндөрү айрым чектөөлөрдү азайтууну тапшырды. Деген менен бүгүнкү күндө коңшу Казакстандын Түркстан облусунан башка бардык аймактары «кызыл зонадан» чыга элек.

Түркмөнстанда вирустун "дельта" варианты күч алды

Түркмөнстандын Ооганстан жана Өзбекстан менен чектешкен Лебап облусунда коронавирустун "дельта" варианты жайылып жатат. Буга байланыштуу каза болгондордун саны да көбөйгөнү айтылууда. Лебапта ошондой эле дары-дармектердин жетишсиздиги байкалууда. Мамлекеттик дарыканалардан табылбаган дарылар колдо 10 эсе кымбатка сатылганы айтылууда.

Ал эми Лебап облусунун борбору Түркмөнабад шаарынын ооруканалары жана "Тез жардам" кызматы бейтаптарга убагында жардам көрсөтө албай жатканын айтышат.

"Өткөн дем алышта кеминде 70 бейтапка медициналык жардам көрсөтүлгөн эмес. Жекшемби түнү "Тез жардамга" 300гө жакын чалуулар болгон. Бейтаптардын көбүнүн дене табы көтөрүлүп, дем алуусу начарлаган. Облус боюнча бир гана "Тез жардам" автоунаасы жана фельдшер бар", - деди дарыгерлердин бири "Азаттык" радиосунун түркмөн кызматына.

Иллюстрациялык сүрөт. Ашхабад шаары.
Иллюстрациялык сүрөт. Ашхабад шаары.

Ал ошондой эле аймактагы ооруканалар толуп калгандыктан, коронавирус менен келген жаңы бейтаптар үйүндө өз алдынча дарыланууга жөнөтүлүп жатканын кошумчалаган.

Түркмөнабаддык бейтаптар дарыгерлер тарабынан жазылган дары-дармектер мамлекеттик дарыканаларда жетишсиз экенин, колдо ортомчулар ошол эле дары-дармектерди 10 эсе кымбатка сатып жатканын белгилешет.

Түркмөнстанда коронавирус менен ооругандардын жана көз жумгандардын саны быйыл июнда өсө баштаган. Ошондон бери башкалаа Ашхабад, Лебап жана Мары шаарларында бир катар ооруканалар, атүгүл бүтүндөй айыл аймактар карантинге жабылган.

Буга байланыштуу түркмөн бийлиги кайрадан карантиндик чектөөлөрдү да киргизе баштады жана ошондой эле калкка милдеттүү түрдө эмдөө киргизди. Буга карабастан, бийлик "өлкөдө коронавирус таптакыр жок" деп билдирип келет.

Кыргызстан: коронавирус менен ооруп жаткандардын 99% вакцина албагандар

Кыргызстанда коронавирус жуккандардын расмий саны 174 миңден ашты, алардын 2,5 миңи каза болду. 24-августта бул илдет менен 199 бейтап жаңы катталганы кабарланды. Июндун башында бир күндө эки миңге чукул бейтап катталып жаткан эле.

Учурда өлкөнүн бардык аймактарында “Спутник V”, Sinopharm жана AstraZeneca вакциналарын бекер алууга шарт бар. Эмделгендердин саны 1 миллиондон ашты. Алардын 377 миңи вакцинанын эки дозасын тең алды. Ошондой эле вакцинанын эки дозасын алгандарга атайын сертификат тапшырылат.

Эмдөө пункту. Бишкек шаары.
Эмдөө пункту. Бишкек шаары.

Вирустук инфекцияларды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий-практикалык борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов коронавирус менен ооруп жаткандардын 99% вакцина албагандар экенин билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда коронавирус боюнча абал турукташа баштады. Ошого карабастан ар бир жаранды санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткарууга чакырып, вирус толук изилденип бүтө электигин эскертти.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG