Орусиянын Челябинск облусунда иштеген 42 жаштагы фермер Жамбул Айтпаев айыл чарба кооперативин түзгөн. Күнүгө ишкананын кызматкерлери элеттиктерден сүт чогултуп, аны андан ары сүт иштеткен комбинатка өткөрүшөт. Жамбул казак, бирок Орусияда төрөлүп, үй-бүлөсү менен ушул өлкөдө жашайт.
Борбор Азия
дүйшөмбү 23 Декабрь 2019
Өзбекстанда бийликке Шавкат Мирзиёев келгенден бери алгачкы парламенттик шайлоо өттү. Парламенттеги орундар үчүн мыйзам чыгаруу органында отурган беш партия ат салышты. Бешөө тең Мирзиёевди колдошот.
Борбордук Шайлоо комиссиясы (БШК) баштапкы жыйынтыктар 23-декабрда түштөн кийин жарыяланарын билдирди. Добуш берүү «Жаңы Өзбекстан - жаңы шайлоо» деген ураан менен өттү.
Бирок аналитиктер 20 миллион шайлоочунун тандоосу, саясий өнөктүктү чыныгы атаандаштык маанайында өткөрүүнү шарттаган башка укуктар чектелгенин белгилешет.
22-декабрда БШКнын төрагасы Мирзо-Улукбек Абдусаломов оппозициялык партиялардын ролу жетишсиз экенин моюнга алгансыды:
- Биздин саясий система жана саясий партиялар да өнүгөт деп ишенебиз. Жаңы партиялар пайда болушу керек. Азыркы партиялар менен катар оппозициялык партиялар да түзүлөт деп күтөбүз. Бул абдан маанилүү, себеби оппозициясыз өнүгүү болбойт.
Парламенттеги орундар үчүн ат салышкан беш партия тең азыр да мыйзам чыгаруучу органда отурушат. Бирок президент Мирзиёев депутаттарды саясатты аныктоодо активдүү болууга үндөп келди.
Алсак, "Milli Tiklanish" партиясы Өзбекстандын Орусия баштаган Бажы биримдигине ыктымал кирүүсүнө каршы чыгууда жана премьер-министр Абдулла Ариповду алмаштырууну каалайт. Партия калган төрт партиядай эле Мирзиёевдин реформалар программасын колдойт.
Партиянын төрагасы Алишер Кадыров AFP агенттигине билдиргендей, Өзбекстандагы саясий эволюция үчүн “убакыт зарыл”.
Ушуга үндөш пикири менен “Адилет" социал-демократиялык партиясынын лидери Наримон Умаров “Эркин Европа/Азаттык” радиосу менен бөлүшүп, "бардык партиялар президенттин тарапташтары" деген сынды четке какты.
- Президент - өлкөнүн лидери. Эл шайлаган президент. Андыктан биз аны урматтайбыз. Анын бийлигин тааныйбыз. Өнүгүү процессинде биз бүгүнкү реформалардын үстүнөн биргелешип иштеп жатабыз.
Добуш берүүнүн жүрүшүн жергиликтүү эки телеканал башынан аягына чейин чагылдырып турушту. Бирок “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кабарчысы карапайым эл шайлоого анча кызыкпагандай көрүнөт деп маалымдады.
Айрым шайлоо бекеттеринде бюллетендерди уучтап салуу өңдүү мыйзам бузуу тууралуу кабарланды. “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун өзбек редакциясы Фергана аймагында бир эле киши 20 чакты бюллетенди салууга аракеттенип жатканы тартылган видеону сайтына жайгаштырды.
Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму (ЕККУ) буга чейинки кемчиликтер кала бергенин эскертти. Уюмдун байкоочулары 23-декабрда шайлоо тууралуу өз жыйынтыктары менен тааныштырмакчы.
13-декабрда ЕККУ жаңы партияларды каттоодон өткөрүү процесси “татаал” бойдон кала бергенин, шайлоо кампаниясы эл аралык стандарттарга жооп бербей жатканын билдирген. “Үгүт плакаттары аз. Көчөлөрдө үгүттүн белгилери анча байкалбайт” – деп айтылган уюмдун докладында.
Саясий плюрализмдин жоктугун буга чейин белгилүү оппозициялык саясатчы Мухаммад Салих бизге берген интервьюда сындаган:
- Ошол эле партиялар, ошол эле тизме, шайлоонун ошол эле ыкмасы. Тизмелер алдын ала даярдалат, ким шайланарын добуш берүүгө чейин эле билишет.
22-декабрда Хожиакбар Адулазизов аттуу шайлоочу кимдир бирөөнүн добуш берүү жөнүндө кабары аз болсо, ал анын өз катасы деп айтты.
“Биз 21-кылымда жашап жатабыз. Ар бир кишинин гаджети бар, каалаган маалыматты таба алышат. Ал ошол адамга жараша болот”.
Мирзиёевдин тушунда маалымат каражаттарына айрым чектөөлөр азайганы байкалганы менен "Фридом Хауз" уюму Өзбекстанды интернет эркиндиги боюнча рейтингде былтыр “эркин эмес” өлкөлөрдүн катарына кошкон. Ошол эле маалда “бир аз жылыштар” болуп жатканы белгиленген.
Мирзиёев бийликке келген үч жылдан бери 50 чакты саясатчыны абактан бошотту. Бирок дагы канчасы темир тор артында кала бергени белгисиз. Өзбекстандын түрмөлөрүндө кыйноого орун берилип жатканы катуу сынга кабылып келатат.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.