Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:05

Борбор Азия

Ала-Бука районунун Чоң-Сай айылы.
Ала-Бука районунун Чоң-Сай айылы.

Ала-Бука районундагы Чоң-Сай айылынын тургундары Өзбекстан талаштуу жерди пайдаланып жатат деп нааразы болушууда. Өзбекстандын Наманган облусу менен чектеш аймакта 19 миң гектардан ашык аянт азыр талаштуу болуп турат.

8-декабрда ал жерге өзбек чек арачылары мыйзамсыз киргени тууралуу видео Интернетте тараган. Өткөн жумада эки тараптын чек арачылары жеринде сүйлөшүп, тургундар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.

Ала-Бука районунун Өзбекстан менен чектеш аймагындагы такталбаган аймакка өзбек тараптын техника алып кирип, курулуш жүргүзүп жатканы жергиликтүү тургундар арасында нааразычылык жаратты. 8-декабрда өзбек аскерлеринин айылга жакын кирип келгенин көргөн тургундар видеого тартып алып, Интернетке жарыялашкан.

Мал багып жүрүп өзбек чек арачыларына жолугуп калган Чоң-Сай айылынын тургуну Сабыр Сейдакмат уулу буларды айтып берди:

Сабыр Сейдакмат уулу
Сабыр Сейдакмат уулу

- 2010-жылдан бери эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат деп айтканы менен жыйынтык жок. Дайыма эле бизди "сабыр кылгыла" деп сооротуп келишет. Чечилбей жүрүп абал ушуга жетти. 8-декабрда аз жерден өзбек чек арачыларынын колуна түшүп кала жаздадык. Азыр өзбек тарап такталбаган аймакка жол салып жатат. Жетекчилерге, президентке кайрылат элек, ушул маселени тез арада чечип беришсин. Алар 2010-жылдан бери улам биз тарапка жакындап, элдин нааразычылыгын жаратууда.

Чоң-Сай айылынын тургундары.
Чоң-Сай айылынын тургундары.

Расмий маалыматтарга ылайык, Ала-Бука районунун Чоң-Сай айылындагы Ак-Курча участкасындагы 19 200 гектар жер такталбаган чек ара тилкесинин катарында турат. Бирок чоңсайлыктар 2010-жылга чейин ал жерди пайдаланып келе жатканын айтышат.

Жергиликтүү тургундардын бири Жанышбек Умаров бул аймак Кыргызстанга таандык экенин айтты.

Жанышбек Умаров
Жанышбек Умаров

- Такталбаган деп айтылып жаткан 19 200 гектар жерди ата-бабаларыбыз колдонуп келген. 2010-жылга чейин ал жерлерге эгин эгип, мал жайганбыз. Сай жээктеринде эгин эгип, бак өстүргөнбүз. Азыр ошол жерлердин баары калып кетти. 2010-жылы ошол жерде өзбек чек арачылары Нышанов Бакытты атып, экөөнү алып кирип кетишкен. Бакыт майып болуп калган. Ал окуядан кийин тургундар ал жерге эгин эгүүдөн кооптонуп, колдонбой таштап коюшкан. Чынын айтканда жер талаштуу аймакка кирбейт. Бизге чейин жашаган Иманазаров Мерген деген токойчунун айтымында, ошол аймакта чек араны аныктаган белги бар болчу. Бирок азыр ал жоголуп кеткен.

Гүлгакы Эгемова 1998-жылдан бери Чоң-Сай айылында жашайт. 8-декабрда 9-класста окуган уулу мал багып жүрүп өзбек чек арачыларына жолугуп калган. Эгемова чек ара чечилбесе, айылда жашоо кооптуу болуп баратканын айтты.

Гүлгакы Эгемова
Гүлгакы Эгемова

- Ак-Курча аймагы такталбаган аймак дегенибиз менен өзбек аскерлери менин үйүмдүн жанына чейин келип жатат. 8-декабрда 9-класста окуган балам мал багып жүргөн жерден өзбек чек арачыларына кармалып кала жаздаптыр. Ал дароо үйгө телефон чалып, айылдыктар чогулуп барганча менин жаным тынч алган жок. Ошол окуяны балам видеого тартып, Интернетке чыгарыптыр. Эми чек ара кызматкерлери “Балаңызга жаман болот, чыгарбай эле койбоптур” деп коркутуп жатат. Алар биздин изибизден түшпөй, чек араны кайтарбайбы? Акыркы учурларда коңшу өлкөнүн аскерлери үйгө чейин кирип келүүдө. Бир нече жыл мурда менин короомо кирип келгенде балдар менен чек ара тозотуна качып барганбыз. Тигил кошунамдын үйүнүн терезелерин акмалап, “Солдат издеп жүрөбүз” деп кирип барыптыр. Дагы бир кошунабыздын короосуна сүрөттөрдү жабыштырып кетиптир.

Ала-Бука районунун Өзбекстан менен чектеш Чоң-Сай айылы
Ала-Бука районунун Өзбекстан менен чектеш Чоң-Сай айылы

Көк-Таш айылы Ала-Бука районунун борборунан 125 чакырым алыстыкта жайгашып, эң алыскы чек ара аймагы болуп саналат. Өзбекстандын Чуст жана Пап райондору менен 110 чакырым чектешет. Учурда бул аймактагы 45 чакырым жер такталбаган бойдон кала берүүдө. Аталган айыл өкмөттүн башчысы Ильяз Рысдавлетов буларды айтты:

Ильяз Рысдавлетов
Ильяз Рысдавлетов

- Эки-үч күн мурда Шамал-Бел аймагына өзбек тарап эки техникасы менен кирип, убактылуу чек арачылар жашаган чатырларда иштеп жатат. Мен Ала-Бука чек ара отрядынын башчысына маалымат бергем. Алар эмне максатта иш жүргүзүп жатканы тууралуу менде толук маалымат жок. Мендеги маалыматтар боюнча бул жерди союз убагында Кыргыз СССРи өзбек тарапка жайытка убактылуу пайдалануу үчүн берген экен. Бирок Өзбек СССРи тарабынан аны кабыл алган бир да документ жок. Муну мен тактоо иштерине аралашып жүрүп документтерден көрдүм. 2020-жылдын иш планына Ак-Курчадагы 6700 гектар жерди жайыт үчүн пайдаланууга өздөштүрүүнү киргизип жатабыз. Калган аймактар өкмөттүк деңгээлде чечилиши керек.

Жалал-Абад облусунун аймагында кыргыз-өзбек чегинде такталбаган алты участок бар. Алардын төртөө Ала-Бука районунда жана экөө Аксыда орун алган. Жалпысынан облуста 19 600 гектардан ашыр жер талаштуу болуп турат.

Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Мамасалы Акматов өзбек тарап менен чек ара боюнча сүйлөшүүлөр жарым жылдан бери жүрө элек дейт.

Мамасалы Акматов
Мамасалы Акматов

- Чек арадагы чечилбеген аймактар боюнча иштер жүрүп жатканы менен 6-7 айдан бери жолугушуу боло элек. Өзбек тараптын жергиликтүү бийлиги мындан бир тараптуу баш тартып жатат. Жакынкы күндөрү өкмөт башчылардын деңгээлинде сүйлөшүүлөр болот деп жатат. Балким ошол күндөн кийин дагы жанданышы мүмкүн. 8-декабрдагы окуя боюнча мен тапшырма берип, район бийлиги тийиштүү адистер менен Чоң-Сайга барып эл менен жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Мамлекеттик чек ара кызматы өзбек тарап буга чейин кызмат өтөгөн убактылуу чек ара бекетинин аймагында инженердик жумуштарды жүргүзүп жатканын билдирет. Бул аймак кыргыз-өзбек чегиндеги такталбаган участоктордун катарына кирет жана мамлекеттик чек ара кызматы тилкеде көзөмөл жүргүзүп жатат. Коңшу өлкөнүн чек ара кызматы азырынча бул багытта маалымат бере элек.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынын узундугу 1378 чакырымды түзөт. Анын 85 пайызын же 1170 чакырымын 2017-жылы эки тараптын жетекчилери кол коюп бекиткен.

Маалыматтарга ылайык Кемпирабад суу сактагычы, Унгар-Тоо аймагы боюнча эки тарап мунаса таба элек.

Өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев кыргыз-өзбек чек арасын тактоо ишин ыкчамдатууну ушул жылдын 1-ноябрында Ташкентте Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолуккан учурда айткан.

Ушул жылы эки тараптын расмийлери биргелешип, тактала элек 55 тилкени жеринде көрүп, изилдеп чыгышкан. Андан кийин тараптар сүйлөшүү жүргүзүп, атайын протоколго кол коюшканы кабарланып, бирок анын мазмуну тууралуу маалымат таратылган эмес.

Жапаровдун тарапташтары акцияга чыгышты
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:44 0:00

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​
Алматы шаарындагы оппозициянын жана жарандык коомдун активисттери.
Алматы шаарындагы оппозициянын жана жарандык коомдун активисттери.

Казакстанда Эгемендик күнү белгиленип жатат. Нур-Султан жана Алматы шаарларында оппозиция жана жарандык коомдун активисттери акцияларга чыгып, саясий туткундарды бошотууну, адам укуктарын коргоону талап кылышты.

Митингге чыккандар 1986-жылкы Желтоксон окуяларынын жана 2011-жылы Жаңы-Өзөндө болгон кан төгүүнүн курмандыктарын эскеришти. Башкалаада чогулгандардын айрымдары “Унутпайбыз! Кечирбейбиз!” деп жазылган плакаттарды көтөрүп турушту.

Акция болгон жерди полиция курчоого алды. Жергиликтүү бийлик өкүлү жыйын уруксатсыз өтүп жатканын айтып, элди тарап кетүүгө чакырды.

Нур-Султан шаары. 16-декабрь, 2019-жыл
Нур-Султан шаары. 16-декабрь, 2019-жыл

Алматыда «Ойгон, Казакстан» жарандык кыймылынын санкцияланбаган митинги өттү. Жаштар “Парламенттик жумурият үчүн!”, “Назарбаевсиз Казакстан!”, “Чал, кет” деп кыйкырып турушту. Митингге чыккандар демократиялык реформаларга үндөштү.

«Ойгон, Казакстан» жарандык кыймылынын митинги. 16-декабрь, 2019-жыл
«Ойгон, Казакстан» жарандык кыймылынын митинги. 16-декабрь, 2019-жыл

33 жыл мурун Алматыда жаштар Советтик Казакстандын башына Кремль дайындаган Геннадий Колбиндин келишине каршы чыгышкан. 2011-жылы болсо Маңгыстау облусунун Жаңы-Өзөн шаарында мунайчылардын көтөрүлүшү күч менен басылганда расмий маалымат боюнча 17 киши өлгөн.

Митингдердин алдында ондогон активисттер кармалды.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG