Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:07

Борбор Азия

Мухаммад Салих. Прага, 10-декабрь, 2019-жыл.
Мухаммад Салих. Прага, 10-декабрь, 2019-жыл.

22-декабрда Өзбекстанда парламенттик шайлоо өтөт. “Эрк” демократиялык партиясынын төрагасы, Стамбулда бозгунда жүргөн оппозициялык саясатчы Мухаммад Салих "Ислам Каримовдун өлүмүнөн кийин деле саясий реформалар жүргөн жок, алдыдагы шайлоо да эски ыкма менен өткөнү жатат" деген пикири менен бөлүштү.

Акын жана саясатчы Салих "Эркин Европа/ Азаттык" радиосунун Прагадагы баш кеңсесинде болгон кезде Кыргызстандагы окуяларга да байкоо салып турганын, Борбор Азиянын келечегине оптимисттик маанайда карай турганын айтты.

"Азаттык": Өзбекстандын башына жаңы президент келгенине үч жыл болду. Шавкат Миризёев сиз күткөн үмүттү актадыбы? Адашпасам, ал киши бийликке келгенде колдогонсуз?

Мухаммад Салих: Тилекке каршы, бир да үмүтүм орундалган жок. Башында мен бийликке Каримов мектебинин же башкача айтканда, саясий кланынын өкүлүнүн келишин каалаган эмесмин. Мирзиёев Каримов менен көп жыл иштегенин билесиңер да. Анын шакирти.

Бирок ал бийликке келип, өзгөрүүлөр болоруна ишарат кылганда, экономикалык жактан конкреттүү кадамдарды таштаганда мен саясий бийлик да либералдуу болот, саясий реформалар жүрөт деп күткөм. Ошондо "президентке убакыт берели" деп айткам. Эки жыл сындабай, жок дегенде унчукпай турайын дегем.

Бул инсан жана саясатчы катары риторикасы башкача дегем. Ислам Каримов башкарган 27 жылда чоң каталарды кетиргенин, Өзбекстан артка кеткенин түшүнсө керек деп айткам. Мирзиёев өлкөнү ошол саздан сууруп чыгат деп ойлогом. Эки эмес, үч жыл күттүм. Бул аралыкта сөзүмө турдум жана бийликтин дарегине сын айткан жокмун. Бирок көрүп жатасыңар, бир да убадасына турган жок. Жаңы доор келди, жаңы саясат жүргүзүлөт деген гана популистик сөздөрдү айтып жүрдү.

Жакында Өзбекстанда парламенттик шайлоо өткөнү жатат. Шайлоого Каримов түзгөн, ойлоп тапкан ошол эле төрт партия катышууда. Эң кызыгы ошол төрт партиянын катышуусундагы өткөн мурдагы шайлоолорго Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюму өзүнүн чакан тобун жөнөткөн.

Бул жолу толук кандуу миссиясын жиберип жатат. Мен уюмдан "Каримовдон кийин эмне өзгөрдү?" деп сурадым. Ошол эле партиялар, ошол эле тизме, шайлоонун ошол эле ыкмасы. Тизмелер алдын ала даярдалат, ким шайланарын добуш берүүгө чейин эле билишет. ЕККУ толук кандуу миссия жөнөткөндөй чоң өзгөрүү да, саясий плюрализм да жок.

"Азаттык": Бирок Өзбекстандын кошуна өлкөлөр менен мамилеси жакшырды да. Мирзиёевдин ролу тууралуу сөз кылсак болот да?

Мухаммад Салих: Ооба, муну мен айтып эле келем. Кошуналар – Тажикстан, Кыргызстан менен алака жакшырганда абдан кубанганбыз. Муну мен буга чейин да айткам, бүгүн да белгилейм. Каримовдон айырмаланып Мирзиёев кошуналарга, бир туугандарыбызга эшикти ачты. Албетте бул сүйүндүрбөй койбойт. Бирок мындай кадамды ар бир таза киши, таза саясатчы жасайт эле. Мирзиёев муну жасады, ага рахмат. Бирок өзбек эли, Өзбекстан, биз күткөн негизги реформаларды айтып жатам. Ал жакта өзгөрүү жок.

"Азаттык": Сиз кыргызстандык саясатчылар менен жолугушуп турасызбы? Дегеле биздин өлкөдөгү окуяларга көз саласызбы?

Мухаммад Салих: Ооба, Кыргызстандан саясатчылар келип турушат. Алар менен көп баарлашам. Өлкөдөгү окуяларга жакындан көз салам. Себеби, Кыргызстанда борбор азиялык башка жумурияттар менен салыштырганда саясий плюрализмдин өңүтү дагы деле бар. Албетте, саясий маданияттын деңгээли балким анча өнүккөн эмес. Бирок саясий ар түрдүүлүк бар.

"Азаттык": Мына азыр Кыргызстанда Борбор Азия үчүн мурда болуп көрбөгөндөй окуяларга күбө болуудабыз. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге оор кылмыштар боюнча айып тагылууда. Бул жөнүндө эмне деп ойлойсуз?

Мухаммад Салих: Биринчи кезекте бул Кыргызстандын, кыргыз саясий элитасынын ички иши экенин айта кетейин. Мен кимдир-бирөөнү айыптасам же күнөөлөсөм туура болбой калат. Четтен байкоочу катары айтарым – Атамбаев менин көз карашымда күтүлбөгөн кадамдарга барган саясатчы болчу. Мисалы, Кыргызстан Түркия менен бир кездери жакын болчу. Анан турган жерден эле алыстап, сындай баштаган. Менимче, саясатчы катары туруксуз киши болчу. Багыттарын улам өзгөртүп турчу. Бул жагынан азыркы жетекчи андан канчалык айырмаланарын баамдай албайм. Бирок Атамбаев мага анча таасир этчү эмес, чынын айтсам. Бүгүнкү күндө айыпталып жатканы канчалык туура же туура эмес, аны сот аныктайт. Башка комментарий бергим келбейт.

"Азаттык": Сиз чыгармачыл адамсыз, интеллигенциянын өкүлүсүз. Эмне себептен биздин аймакта интеллигенциянын үнү угулбайт?

Кылымдардан бери интеллигенция дайыма улутту баштап жүрчү. Биз болсо элибизди ээрчитүүдөн коркобуз.


Мухаммад Салих: Интеллигенция тууралуу туура айтасыз. Мен өзүмдү да ошол интеллигенциянын арасында көрөм. Ооба, биз элибиздин ишенимин актай алган жокпуз. Мен өзбек интеллигенциясын да айтып жатам. Алар коомдун лидери болууга тийиш. Биздин ошол лидердин ролун алууга, элди ээрчитип кетүүгө дареметибиз жеткен жок. Биз тилекке каршы коркок интеллигенттердин массасы болчубуз. Кылымдардан бери интеллигенция дайыма улутту баштап жүрчү. Биз болсо элибизди ээрчитүүдөн коркобуз.

"Азаттык": Жакында Кыргызстанда Феминналеге каршы чыгып, “улут укуктан жогору” деп ураан чакыргандар болду. Ушундай көрүнүштөргө кандай баа берет элесиз?

Укук жана адилеттүүлүк жок болсо, анда мамлекет да жок болот. Өздөрүн президент жана башка жетекчи деп эсептеген каракчылардын шайкасы эле калат.


Мухаммад Салих: Албетте, бул туура эмес. Биринчиден, улутту укук менен салыштыруунун өзү туура эмес. Улуттун атынан сүйлөшкөнү да күмөн жаратат. Саясий мааниден алганда улуттун атынан президент же башка жетекчи сүйлөшү мүмкүн. Бирок кайсы бир саясий топ улуттун атына жамынганда бул ишеним жаратпайт. Улут укуктан жогору турбашы керек. Укук дайыма жогору. Укук, адилеттик – мамлекеттин пайдубалы. Азрет Али Сахабанын “Адилеттик – бул мамлекеттин дини” деп айтканы бар. Ушул үч сөздөн куралган афоризм абдан күчтүү. Демократиялык, укуктук ар бир мамлекет адилеттикке негизделүүгө тийиш. Укук жана адилеттүүлүк жок болсо, анда мамлекет да жок болот. Өздөрүн президент жана башка жетекчи деп эсептеген каракчылардын шайкасы эле калат. Андыктан улут укуктан өйдө турбашы керек.

"Азаттык": Борбор Азия чөлкөмүн кандай келечек күтүп жатат дейсиз?

Мухаммад Салих: Менде артка кетүү жараяны токтоду деген үмүт бар. Коммунисттердин акыркы муунун көрүп жатабыз деп ишенем. Бизде бийликте дагы деле коммунисттер турат. Назарбаевден баштап Мирзиёевге чейин – бүт мурдагы коммунисттер. Алардын доору аяктагандан кийин башкача ойлонгон жаңы адамдар келет деп үмүттөнөм. Булар да өз мураскерлерин даярдап жатат. Бирок алар көпчүлүктү түзбөйт. Чындап улутту, элди ойлогон, идеалдары бар жаңы бийлик келет деп ойлойм. Себеби, коммунисттердин байлык топтоодон башка идеалдары жок. Идеалисттер Борбор Азияны сактап калат. Мен жаштарга үмүт артам.

"Азаттык": Жакында эле Финляндияда өкмөттүн башына 34 жаштагы аял саясатчы келди. Кабинетте жарымынан көбү, ал эми коалициядагы партиялардын бардыгын башында аялдар турат. Борбор Азияда жакынкы келечекте ушундай көрүнүшкө күбө болобузбу?

Укук жана адилеттүүлүк жок болсо, анда мамлекет да жок болот. Өздөрүн президент жана башка жетекчи деп эсептеген каракчылардын шайкасы эле калат.


Мухаммад Салих: Бир күнү биз да ага жетебиз деп бекем ишенем. Биз андайга аракет да кылып көргөн эмеспиз. Баягы эле коммунисттик салттуу башкаруу менен келатабыз.

Көз карандысыз болгонубуз менен советтик бийликтин салттары түрдүү форматтарда кала берүүдө.

Түркияда бүгүнкү күндө аялдар активдүү боло баштады. Мындай тенденцияга биз да күбө болобуз деп ойлойм. Аялдар саясий элитадан орун алат, саясатчылар катары өздөрүн активдүү көргөзүшөт. Түрк элдеринин тарыхында аялдар маанилүү роль ойношчу. Муну тарыхтан билебиз. Феодалдуу коомдо да башка элден айырмаланып аялдын орду жогору болчу. Аялдар кайрадан өз ордун кайтарышат деп ойлойм.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG