Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:25

Борбор Азия

Азгырыктын азабы
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:27:14 0:00

Сирияга жана Иракка кетип калган кыргызстандык кыз-келиндер менен балдарды мекенине алып келүү кечеңдеп жатат. Алардын ата-энелери жана туугандары өкмөткө үмүт артууда.

Ирандагы Фирдоусинин айкели.
Ирандагы Фирдоусинин айкели.

936-жылы Ирандын Машхад калаасына жакын Тус деген жерде жарык дүйнөгө келген улуу акын Фирдоусинин жазып калтырган «Шахнамасы» («Шахтар жөнүндө баян») улуттук эпос катары адабияттын көөнөрбөс кенчи болуп саналат.

Иран урууларынын 4 миң жылдык тарыхын камтыган окуяларды чагылдырган 60 000 куплет көлөмүндөгү «Шахнама» чыгармасына залкар акын 30 жылдан ашуун өмүрүн сарптаган.

Тажик жазуучусу Сатым Улугзаденин «Фирдоуси» романындагы тарыхый маалыматтарга караганда, падыша тарабынан ага калем акы үчүн «Шахнаманын» ар бир сабына бир алтын теңге төлөөгө убада берилген. Бирок Фирдоуси фундаменталдуу ири эмгегин жазып бүткөндөн кийин ошо кезде бийлик жүргүзүп турган монарх Махмуд Газни чыгарманын залкарлыгына таң калганына карабай, убада кылган алтындын ордуна күмүш алууну сунуш кылат.

Буга нааразы болгон атактуу акын сөзүнө турбаган султандын жиберген күмүшүнүн баарын элдин көзүнчө бей-бечараларга таратып жиберет. Султан бул кабарды уккандан кийин «Фирдоусини тезинен кармап, пилге тепсетип өлтүргүлө» деп өкүм кылат. Акын султандын каардуу өкүмүн угар замат үй-бүлөсүн калтырып, мекенинен качып кетүүгө аргасыз болот.

Мындай каардуу өкүмдөрдүн жана качкын күндөрдүн далайын баштан өткөргөн бактысыз акын өмүрүнүн аягында мекенине кайтып келгенде, кыз-балдары менен тууган-уруктары аны азалуу күтүп алышат. Көрсө, ал алыста качкын болуп жүргөндө кусалыктын азабын тарткан өмүр шериги аалам менен кош айтышкан экен.

Ширин жашоонун даамын тата албай, өмүр бою сүйүп жүргөн акынын күткөн жан шеригинен картайган чагында ажырап калган Фирдоуси үчүн абдан оор кайгы болгон. Өмүр бою сагынган мекени Тус аны алы-күчүнөн тайган кезде мына ушундай адам чыдагыс муң менен тосуп алган.

Ушундай бактысыздыкка туруштук бере албаган акындын катуу ооруп калганын уккан султан ага карата адилетсиз өкүм чыгарганына кеч болсо да бушайман болуптур. Арадан көп өтпөй улуу акын өлүм төшөгүнө жатып, эч кыйналбай көз жумган. Арадан бир нече күн өтсө да, үйүндө ый токтой элек болчу.

Ошол кайгылуу күндөрдүн биринде Фирдоусинин кайтыш болгонунан кабары жок султан Махмуд Газни Тус калаасынын акимине эки төөгө жүктөлгөн 40 000 алтын динарды улуу акынга салтанаттуу түрдө тартуулоосун буюруп жөнөтөт. Махмуд Газни акындын кайтыш болгонун уккан соӊ сыйлыкты уул-кыздары менен жакын туугандарына ыйгарууну буйруйт. Аким алардын баарын жыйып, шахтын буйругун жарыялайт жана чоӊ байлыкка ээ болушканын куттуктап мындай дейт:

- Абдан чоӊ дөөлөттүн ээси болдуӊар, шүгүр дегиле, сүйүнгүлө, ушундай кайрымдуу султанга ыраазы болуп дуба кылгыла…

Султандын нөкөрлөрү алтын динар толтурулган каптарды акындын күйөрман кызы Манижанын жана анын балдарынын алдына алып келип коюшат. Көздөрүнөн күйүттүн жашы шоргологон Манижа күтүүсүздөн минтип зар какшайт:

- Биз эмнеге сүйүнөлү, улуу-урматтуу? Биз эмне, дөөлөттү өзү көрбөй кеткен атамдын өлүмүнө сүйүнөлүбү? Эмнеге анын тирүү кезинде кадырын билишпеди? Неге аны кар-зар, саргарден кылышты? Эмне үчүн сыйлыкты тирүү кезинде жөнөтүп, аны ыраазы кылышпады? Эмне үчүн анын кор болуп өлүшүн күтүштү? Мен жана атамдын мына бул неберелери атамдын 35 жашынан баштап башына түшкөн кайгы-муңду, ырайымсыз каралоону унута алабызбы? Биз сыйлыкты албайбыз. Атамдын тазалыгы, улуулугу шахтын бул сыйлыгын алышыбызга жол бербейт.

Акимдин жан-жөкөрлөрү менен кеӊешчилери Манижага улам-улам насаат айтып, «дөөлөттөн кайтпа, ырыскыда айып жок» дешти. Бирок ал шахтын адилелсиздигин кечирбеди, сыйлыгына колун да тийгизбеди, айтканынан кайтпады. Өмүр шериги жана балдары менен эч кылчактабай, ары карай басып кетишти. Аким да, жан-жөкөрлөрү да, султан Газнинин нөкөрлөрү да айран-таң болуп кала беришти.

Чыгыштан чыккан чыгаан акын Фирдоуси мына ушундай азаптуу өмүр өтөп, улуу эмгегинин үзүрүн көрбөй дүйнөдөн өткөн. Адилет инсан, залкар акын катары ырайымсыз султанды адегенде өзү тирүүлөй өлтүрүп кетсе, акылдуу кызы Манижа жиберген сыйлыгын кабыл албай, аны экинчи жолу өлтүргөнү тарых барактарына жазылып калган.

Мирзохалим КАРИМОВ, журналист

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG