Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:27

Борбор Азия

Америкалык «Netflix» компаниясы 13-декабрдан баштап «Карматпаган алтоо» аттуу тасманы көрсөтө баштады.

Тасма көрсөтүлгөндөн үч күндөн кийин Түркмөнстандагы интернетте көйгөйлөр башталды. Көрсө, америкалыктар ойдон чыгарып тарткан тасма Түркмөнстанга багытталгандай болуп чыккан.

«Карматпаган алтоо» аттуу тасманы Майкл Бэй аттуу режиссер тарткан. Фильм ойдон чыгарылган Тургистан деген өлкөнүн диктатор башкаруучусун кулатуу аракетин чагылдырат.

Тасманын башкы ролдорун Голливуд жылдыздары Райан Рейнольдс (Ryan Reynolds) жана Мелани Лоран аткарган. Фантастикалык жанрдагы тасманын айрым жерлери Түркмөнстанга окшош болуп чыккан.

Тасмада америкалык миллиардер бийликке каршы көтөрүлгөн элди басып, куугунтуктаган Тургистандын бийлигин өз алдынча жазаламакчы болот. Ал үчүн бири-бирин номер менен гана тааныган жалданма башкесерлердин тобун чогултат. Бул топ алгач Тургистандын төрт генералынын адвокатын Италияда өлтүрөт. Андан соң Тургистандын диктатор башкаруучусу Ровак Алимовду тактан кулатып, ордуна иниси Мурад Алимовдун бийликке келишине жардам берүүгө киришет. Бирок тасмадагы Ровак аттуу диктатор Түркмөнстанда Ровач болуп жазылат. Ровач - түркмөндөрдө эркек кишинин аты. Баса Түркмөнстандын азыркы президентинин күлүгүнүн аты да Ровач.

Ойдон чыгарылган Тургистандын эли да түркмөн тилинде сүйлөшөт. Кинодогу өлкөнүн акча бирдиги да Түркмөнстандагыдай эле манат деп аталат. Андан сырткары тасмада Түркмөнстандын мамлекеттик расмий белгилери да маал-маалы менен көзгө урунуп турат. Мисалы, ойдон чыгарылган Тургистандын президенти сөз арасында түркмөнчө сүйлөп жиберет.

Тасманын 98-мүнөтүндө сегиз бурчтуу фигура жана анын астында «Узак жаша, Ровач Алимов!» деген түркмөнчө жазуу көрүнөт. Ага жакын жерде «Polisiýa» деген жазуу көзгө урунат. Түркмөнстанда да полиция деген сөз кудум ошол кинодогудай жазылат.

Бирок тасмада Түркмөнстанга такыр байланышы жок картиналар да орун алган. Мисалы, согуш, кан төгүү, качкындар жана качкындар лагерлери. Андан сырткары бул фильм Түркмөнстандын чыныгы саясий жашоосун да чагылдырган эмес.

Авторлор бул тасма аркылуу Түркмөнстандагы саясий режимге дүйнө коомчулугунун көңүлүн бурууну каалаганбы же бул жөн гана дал келүүбү - бул суроолор азырынча жоопсуз.

Ал арада Түркмөнстанда «Netflix» сайты иштебей калды. «Азаттыктын» түркмөн кызматынын кабарчысынын маалыматына караганда 16-декабрдан бери Түркмөнстанда «Google Play» издөө системасы да иштебей калган.

«Карматпаган алтоо» тасмасы Венгрияда, Италияда, Араб Эмирликтеринде жана АКШда тартылган. Бул тасманы тартууга 150 миллион доллар сарпталган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​
Стокгольмдогу терактка байланыштуу теги тажик өзбек жараны Рахмат Акилов былтыр өмүр бою эркинен ажыратылган.
Стокгольмдогу терактка байланыштуу теги тажик өзбек жараны Рахмат Акилов былтыр өмүр бою эркинен ажыратылган.

Стокгольмдогу мындан эки жыл мурдагы терактка тиешеси бары айтылган Тажикстандан эки жараны Сирияда абакта отурганы аныкталды.

Абу Давуд деген ат менен таанымал Парвиз Саидрахмонов менен Абу Усама Нораки деген ысымды алып жүргөн Тожидин Назаров террорчулукка айыпталып, аларга Дүйшөмбү менен Москвада издөө жарыяланган.

Убагында Абу Давуд өлдү деген да маалыматтар чыккан. Алардын шериги экени айтылган теги тажик өзбек жараны Рахмат Акиловду Стокгольм соту былтыр өмүр бою эркинен ажыраткан.

"Азаттыктын" тажик кызматы бийликтеги ишенимдүү булактарга таянып, Парвиз Саидрахмонов ушул тушта Сириянын чыгыш-батышындагы Африн шаарындагы түрмөдө отурганын жазып чыкты.

Атын атабоону өтүнгөн бийлик өкүлү Дүйшөмбү Саидрахмоновду бир тууган карындашы менен чогуу мекенине экстрадициялоо үчүн аракеттер көрүлүп жатканын айтып берген. Ал ошондой эле Тожидин Назаров Сирия өкмөтү көзөмөлдөгөн Дейр-эз-Зор шаарында абакта кармалып турганын айткан. Тажик бийлиги аны "Ислам мамлекети" террорчул тобуна азырган эң кооптуу адам катары сыпаттаган.

Буга чейин Швециядагы тергөөчүлөр Саидрахмонов менен Назаровду мындан эки жыл мурда Стокгольмдогу терактка байланыштуу камакка алынган теги тажик өзбек жараны Рахмат Акиловдун шериктери деп билдирген. Акиловду былтыр сот өмүр бою эркинен ажыраткан.

Швециянын атайын кызматтары өзбекстандык жаран бул чабуулга жалгыз даярданбаганын билдирген. Тергөөнүн жоромолуна ылайык, Акилов кандуу чабуулга тиешеси бар бир нече киши менен байланышта болгон.

Рахмат Акилов 2017-жылдын 7-апрелинде Стокгольмдо жүк ташуучу автоунаа менен элди тебелетип, соода борборунун имаратын сүзгөндөн кийин машинеси өрттөнүп кеткен. Кол салууда Швециянын үч, Британия менен Бельгиянын бирден жарандарынын өмүрү кыйылып, 15тен ашык киши жаракат алган. Акилов кол салуудан кийин качып кетип, ошол эле күнү кармалып, күнөөсүн мойнуна алган.

Швецияда өмүр бою абакка кесилгендер адатта 16 жылдай гана түрмөдө отурат. Бул мөөнөт аяктагандан кийин Акилов Өзбекстанга депортация болору кабарланган.

Акилов Швециянын тарыхындагы эң кандуу террордук чабуул деп мүнөздөлгөн кол салуу боюнча соттолгон жалгыз адам. Соттук териштирүүлөрдө ага каршы жүздөн ашык адам көрсөтмө берди.

Ал аялын жана төрт баласын Өзбекстанга калтырып, Швецияга курулушта иштөө үчүн келгени кабарланган. Швед бийлиги 2016-жылы анын башпаанек сураган арызын четке кагып, өлкөдөн чыгып кетишин талап кылган. Бирок ал талапка баш ийген эмес.

Соңку бир канча жылда Стокгольм менен катар эле Барселона, Лондон, Берлин жана Ницца сыяктуу Европадагы шаарлардагы кол салуулардан ондогон жайкын тургундардын өмүрү кыйылды. Бул теракттардын дээрлик баарына "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу жоопкерчилик алган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG