Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:23

Борбор Азия

Даниярдын Орусиядагы ийгилиги
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:28 0:00

Өзбекстанда парламенттик шайлоону президентти колдогон партия утту. Орусия Крымга темир жол каттамын ачты. Орусияда кыргызстандык музыкант ийгилик жарата алды. "Каректе Евразия" берүүсүнүн кезектеги чыгарылышын сунуш кылабыз.

Түркмөн бийлиги өлкөнүн туңгуч президентин эскерүү иш-чараларын кескин чектеди.

Түркмөнстанда туңгуч президент Сапармурат Ниязовду эскерүүнү чектеп-кыскартуу тууралуу чечим президенттик аппараттын жана өкмөттүн өкүлдөрү, парламенттин спикери жана башка жогорку даражалуу аткаминерлер катышкан жабык жыйында кабыл алынды. Бул тууралуу "Түркмөнстан хроникасы" сайты кабарлады.

Маалыматка ылайык, мындан ары Сапармурат Ниязовду эскерүү иш-чарасы Ашхабадда гана өтөт жана эстелигине гүл коюу менен гана чектелет. Аймактагы бийлик өкүлдөрү аны эскерип, арбагына багыштап куран окуу сыяктуу диний жөрөлгөлөрдү өткөрө алышпайт.

Буга чейин туңгуч президент өлгөн күнү өлкөнүн бардык аймактарында ишкана-мекемелердин жетекчилери анын арбагына багыштап куран окуп, эскерүүсү салт болуп калган.


"Азаттыктын" түркмөн кызматынын кабарчысы Мердан Сарыев бул азыркы президент Гурбангулы Бердымухамедовдун туңгуч мамлекет башчынын атын биротоло өчүрүп, анын таасирин жоготуу аракетинин уландысы экенин айтты:

- Гурбангулы Бердымухамедов бийликке келгенден бери анын маал-маалы менен Сапармурат Ниязовдун "жеке керт башына сыйынуу" көрүнүшүн өчүрүү аракетин көрүп жатабыз. Маселен, ал президент болгон жылы эле Ниязовдун "Рухнаама" китебин милдеттүү түрдө окутууну жойгон. Ага чейин бул китеп бардык мектептерде, жогорку окуу жайларда милдеттүү түрдө окутулуп, атүгүл абитуриенттер университетке кирерде ал китеп боюнча экзамен да тапшырышчу. Андан кийин ал Ниязов менен анын жакындарынын, бир туугандарынын жана апасынын эстеликтерин алдыртып салды. Ашхабадда эл арасында "күн карама" деген ат менен таанымал, күн жылган сайын жылып турган, Ниязовдун шаардагы эң чоң эстелигин Ашхабаддын четине чыгартып койду.

Ашхабадда Сапармурат Ниязовду соңку эскерүү иш-чарасы 21-декабрда өттү жана ага азыркы президент Гурбангулы Бердымухамедов катышкан жок.

Өткөн жекшембиде мамлекеттик телеканалда аптаны жыйынтыктаган программада туңгуч президенттин эстелигине гүл коюу иш-чарасы тууралуу сөз болгон жок. "Азаттыктын" түрмөн кызматынын кабарчысы Мердан Сарыев Бердымухамедов өзүнүн атак-даңкын чыгаруу жагынан Сапармурат Ниязовдон да кем калбаганын белгиледи:

- Гурбангулы Бердымухамедов көзү тирүү ата-энесине эстелик тургузуп жатат. Ички иштер министрлигинде атасы иштеп кеткен бөлүмгө атасынын ысымын ыйгарды. Ата-энеси тууралуу китеп жазып, театрда оюндар коюлуп жатат. Ниязовдун жолун жолдоп, апасын көкөлөтүп, мактап, даңктап, "бүткүл адамзаты үчүн Гурбангулы Бердымухамедовдой уулду жарык дүйнөгө алып келди, белек кылды, ыйык аял" деп айтышат. Түркмөнстанда буга чейин бир адамдын жеке керт башына сыйынуу болсо, эми азыр анын ордуна башка адамдын керт башына андан да ашык сыйынуу болуп жатат.

Президент немисче обон созду
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:57 0:00


Сапармурат Ниязов Түркмөнстанды 1985-жылдан 2006-жылга чейин, көзү өткөнчө башкарган. 1999-жылы ал өлкөнүн түбөлүк президенти болуп калган. Ниязов бийликте турганда өзүнө "Түркмөнстандын баатыры" деген наам ыйгарган жана бир катар медаль, ордендер менен сыйлаган. Анын урматына Ашхабад баштаган бир катар шаарларда алтын жалатылган эстеликтер тургузулган жана "жеке адамдын керт башына сыйынуу" көрүнүшүн жайганы үчүн эл аралык коомчулуктун сынына кабылган.

Ушундай эле көрүнүштөр коңшу Өзбекстанда да орун алып жатат. Алгач мамлекеттик телеканалдар туңгуч президент, маркум Ислам Каримовду сындай баштаган. Мындан көп өтпөй Улуттук телерадиокомпаниясынын курамына кирген бардык телеканалдарда өлкөнү 27 жыл башкарган Каримовдун атын атоого тыюу салынган. Аны сүрөтү жана элеси түшүрүлгөн эстелик буюм-тайымдары сатыктан алынган жана китепканалардагы анын китептери макулатурага жөнөтүлгөн.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG