Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:25

Борбор Азия

Sorry! No content for 13 Декабрь. See content from before

бейшемби 12 Декабрь 2019

Соттолгондор.
Соттолгондор.

Казакстанда Сирия менен Ирактан кайтарылган 14 киши соттолуп, 14 жылга чейин эркинен ажыратылды. 

11-декабрда Нур-Cултандагы сот Жакынкы Чыгыштан алып келинген 14 казакстандыкты сегиз жылдан 14 жылга чейин абакка кести. Алар террордук топторго кошулууга, терроризмге үгүттөөгө, жек көрүү менен зомбулукту козуткан адабияттарды мыйзамсыз таркатууга айыпталды. Алар:

- Данияр Алтаев 10 жылга,

- Абзал Амангельды 8 жылга,

- Ермукан Айыпкалиев 8 жылга,

- Турлан Абилкаиров 11 жылга,

- Жандос Ажмамбетов 8 жылга,

- Газинур Бакытжанов 13 жылга,

- Аманжол Жансенгиров 12 жылга,

- Бахтияр Ибраев 9 жылга,

- Нурлан Камалов 14 жылга,

- Руслан Куанов 11 жылга,

- Алмас Нарбутин 8 жылга,

- Даурен Сабитулы 11 жылга,

- Думан Садуакасов 11 жылга,

- Данабек Туреханов 9 жылга эркинен ажыратылды.

Бир жарым айга созулган сот иштеринин өкүмүн 13 адам залда укту. Ал эми оор жаракаттан улам шал болуп ооруканада жаткан Ермукан Айыпкалиев видео байланышта болгон.

Нур-Султандагы сот.
Нур-Султандагы сот.

Прокуратура айыпталуучуларды 10 жылдан 17 жылга чейин эркинен ажыратууну суранып жаткан. Соттолгондор эми өздөрүнө коюлган айыптарды жарым-жартылай кабыл аларын айтышты.

Акыркы жолу 4-декабрдагы сот отурумунда айыпталуучуларга сөз берилгенде Актөбө облусунун тургуну Руслан Куанов Египетте окуп жүрүп, имамдардын сунушу менен Сирияга барып, согушкерлерди даярдоо базасына кирип калганын айтып берген:

- Мен автоматтан атканды гана үйрөнгөм. Үч жолу гана ок аттым. Тергөөдө мен танкаларга каршы гранатометту башкарганымды айтышты. Мен буга макул эмесмин. Бизди Рэмбо кылып салышты. Мен көп нерсени сурачу эмесмин. Мага «сураштыра берсең «тыңчы» деп айыпташат» дешкен. Кийин казактардын баарын Ракка шаарына алып барышкан. Ал жакта 100дөй адам башка казактар менен тааныштык. Тергөө болсо уюшулган казак кошууну болгонун айтып жатат. Андай болгон эмес.

Куанов башында чек арадагы пункттарды кайтарып жүргөнүн, бир нече айдан кийин гана аны согуштук аракеттерге катышууга даярдай башташканын айтып берди:

- Бизди түнүндө чогултуп, эки унаа менен бир кыштакка алып барышты. Айдоочубуз жолдон адашып, душмандардын аймагына алып барып коюптур. Машинеде 19 адам бар болчу. Бизди аткылай башташты. Мен эшиктин жанында отургам, качып кетүүгө үлгүрдүм. Анан биз да аларга ок аттык. Бир убакта бутума ок тийгенин сезип, эсим ооп калды. Көзүмдү ачсам, ооруканада экенмин. Ал жакта мага операция жасашты. Мен сегиз ай ооруканада жаттым. Сол бутумдун таманындагы нервдер иштебей калыптыр. Ошентип, армияга жарабай калдым. Кийин Раккага келип полицияда иштедим. Андан соң араб тилин башкаларга үйрөтүп жүрдүм. Раккага кол салуу болгондо экинчи бутума ок тийди.

Руслан Куанов 2017-жылы Сириядагы адамдардын абалын, тагдырын көрүп, «Ислам мамлекети» террордук тобунун идеологиясынан күмөн санай баштаганын айткан. Согушкерлердин арасында да келишпестиктер чыгып, ич ара жаңжалдар болгонун белгилеген. Өзү болсо алардын жазасынан коркуп эле Сирияда жүрө бергенин кошумчалаган.

Ал 2019-жылы Казакстандын атайын кызматынын операциясынын алкагында мекенине кайтарылган. Ал сот залында тергөөчүгө арнап жазган ырын да окуп берген.

- Мен бизди бул жакта сабап, кыйнашат деп ойлогом. Биз кайтканда, баары башкача болду. Бизге сылык мамиле кылышты. Мага керектүү медициналык жардам көрсөтүлдү. Мен көп же аз жаза мөөнөтүн суранбайм. Орто жаза сурайм. Мен абакта отуруп, сабак алгым келет. Биз эмоцияга алданып кеттик.

Руслан Куановду Нур-Cултандагы сот 11 жылга эркинен ажыратты.

Уулуна сот өкүмү угузуларда Актөбөдөн келген Ербол Куанов апелляция маселесин башка ата-энелер менен сүйлөшүп, бирге чечүүнү ойлонуп турганын «Азаттыктын» казак кызматынын журналисттерине айткан. Күйөөсү тогуз жылга кесилген актөбөлүк аял да мындан оор жазаны күткөнүн айтып, соттун чечимине каршы арызданбай турганын белгилеген.

11-декабрда Нур-Cултанда соттолгон 14 адам Казакстандын «Жусан» деп аталып калган атайын операциясында Сириядан кайтарылган. Быйыл январдан майга чейин казак кызматтары дагы үч операция өткөрүп, жүздөгөн казакстандыктарды Сирия менен Ирактан алып келишкен. Расмий 516 адам кайтарылганы, алардын 357си балдар экени кабарланган.

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети «Азаттыктын» казак кызматына Сирия менен Ирактан жалпысынан 824 адам кайтарылганы тууралуу маалымат берген. Алардын 547си балдар. Коопсуздук комитети 44 адам (10су аял) сот жообуна тартылып, терроризмге байланыштуу айыптоолор менен бир жылдан 11 жылга эркинен ажыратылганын билдирген.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​
Азгырыктын азабы
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:27:14 0:00

Сирияга жана Иракка кетип калган кыргызстандык кыз-келиндер менен балдарды мекенине алып келүү кечеңдеп жатат. Алардын ата-энелери жана туугандары өкмөткө үмүт артууда.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG