Совет доорунда идеологияга каршы келет деп Нооруз майрамы белгиленбей, сүмөлөктү билгендер жашыруун кайнатып келген. Ушу күндө Баткендин Кара-Булак айылында 21-мартты шаңдуу тосушат. Айрыкча коңшулар сүмөлөктү кезектешип кайнатып, бул салтты жаштарга өткөрүп берүүнү кыялданышат.
Чыгыш элдери Күн менен түн теңелген 21-мартты кылымдар бою Нооруз же “Жаңы күн” деп майрамдап келет. Кыргыздарда Нооруз (Жыл ажыраш) токчулуктун, мол түшүмдүн, ырыскынын жаз майрамы катары белгиленип, жаңырган жылдагы каалоо-тилектер айтылат.
Айтылуу эстрадалык ансамблдин негиздөөчүсү 20 жылдан бери Германияда жашайт.
Нооруз майрамынын урматына Франциядагы кыргызстандыктардын Kyrgyzclub France бирикмеси Парижде флешмоб өткөрүп, көчөдө кыргыз бийин бийлешти.
Кыргызстанда Нооруз майрамы расмий түрдө биринчи жолу 1989-жылы 21-мартта Фрунзе шаарында белгиленген.
Байдылда Сарногоевдин акындык күчү эмнеде эле? Анын күчү – элдигинде, массалыгында эле.
Стамбул шаарынын тарыхый аймагы Топкапынын чок ортосунда кыргыз боз үйү турат. Ал атайын Кыргызстандан алынып келинип, этнокомплекстин кире беришине тигилген. Түрк дүйнөсүнүн маданиятын, тарыхын таанытуу максатында курулган бул комплексти толугу менен шаардык мэрия каржылап, көзөмөлдөйт.
Бүсара жетим калган балдарга апа, күйөөсүнүн “орунча” аялы болуп турмуштун дагы бир сыноосунан өтөт.
“Арай көз чарай” талкуусуна окумуштуу, филология илимдеринин доктору, профессор Үмүт Култаева, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат борборунун башчысы Жийде Зоотбекова, алып баруучу жана тамада Эркин Рыскулбеков катышты.
“Азаттыктын” кыргызча берүүлөрү обого чыга баштаганына 65 жыл толду.
Бишкектеги студенттерди көбүнчө ийгиликке шыктандырган китептер кызыктырат.
Бишкекте жана Боспиекте Аксы окуясын эскерүүгө арналган иш-чаралар өттү.
Дагы жүктөңүз