8-мартта маршка чыгып, кармалгандардын бири – Татьяна Зеленская чыгармачыл чөйрөдө кыргыз тарыхын, маданиятын, турмушун жакшы билген таланттуу сүрөтчү катары белгилүү. Ал Кыргызстанда «Манас» эпосу тууралуу анимациялык фильм жараткан саналуу адамдардын бири.
Дүйшөн Керимов - публицистика менен көркөм чыгармачылыкты эриш-аркак алып жүргөн автор.
Коронавируска каршы биргелешкен аракеттин зарылдыгы тууралуу блог.
Быйыл “Байчечекей” журналынын үзгүлтүксүз чыгып келатканына 42 жыл болот. Учурда ал 8-9 миң нуска менен туруктуу басылып келет. Бул суроолор боюнча Кыргыз эл акыны, “Байчечекей” журналынын башкы редактору Токтосун Самудинов айтып берди.
8-март Аялдардын эл аралык күнүнө карата "Эркин Европа/Азаттык" радиосу Борбор Азия өлкөлөрүндө жашап, иштеп, ийгиликке жеткен айымдарына микрофон сунду. Алардан "Эгер жаш кезиңизге кайтып барсаңыз, өзүңүгө кандай кеңеш берет элеңиз?" деп сурады.
Өзгөн районунун Куршаб айылындагы Копытиндерди муздаткыч оңдоочу жана көп балалуу үй-бүлө катары таанышат. Он баланы чоңойтуп жаткан ата-эне муздаткыч, тиричилик буюмдарын оңдоочу чакан устакананы иштетип жан багышат.
Ошто мамлекеттик туунун 28 жылдыгы белгиленди. Кыргызстандын мамлекеттик туу күнүнө карата салтанаттуу иш-чара Ош шаарынын борбордук аянтында өттү.
Өзбекстандын Фергана облусундагы музейден жоголгон сүрөт 1 миллион долларга Англияда аукционго коюлду. Жоголгон картинанын чоо-жайын эми өлкөнүн Маданият министрлиги текшере баштады. Бул сүрөттү Фергана мунай заводунун жетекчиси Журат Меликулов 2009-жылы Гүлнара Каримовага белек кылган эле.
Кыргыз Эл акыны Шайлообек Дүйшеев “Азаттыкка” сыябан-маек куруп, адамдын кадыры, өмүрдүн, бакыттын баасы, рухий дүйнөнүн парасаты, даңазанын жүгү тууралуу ойлору менен бөлүштү.
Репрессияга кары-жаш, кызматы, кесиби, улутуна карабай баары тартылган.
Кыргызстан элинин Ассамблеясынын курамындагы «Ооган диаспорасы» коомдук бирикменин төрагасы Сардар Мухаммад Сахи менен маек.
*Тилекке каршы Николай Рубцовдун айтканы айтканындай дал келген. Кыргыздар «пенденин оозунда болсо Кудайдын кулагында» дегендей, акын чынында эле «крещенский мороз» маалында 19-январда дүйнөдөн кайткан.
Дагы жүктөңүз