Акын жана "Азаттык" радиосунун журналисти, маркум Зайырбек Ажыматовдун өмүр таржымалына арналган "Жүрөктөгү бороон" аттуу спектакль 18-мартта Бишкектеги Чыңгыз Айматов атындагы орус драма театрынын сахнасында коюлду.
Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрындагы чыр артисттердин маяна маселесин, социалдык көйгөйлөрүн күн тартибине алып чыкты. 6-мартта сахнага чыгуудан баш тарткан балет артисттеринин бири Фарух Садыркулов жумуштан кийин такси айдап акча табат.
Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда Нооруз майрамына карата көкбөрү боюнча мелдеш башталды. Командалар жогорку жана биринчи лигаларга бөлүнүп ойноп жатышат.
Саясатчы Адахан Мадумаров бийликти сындагандарды куугунтуктоону токтотууну талап кылды. Президент Садыр Жапаров Таласта Жерүй кени боюнча митингге чыккандар менен жолугушту. Коңшу Тажикстанда күйүүчү май кымбаттап, бензиндин таңкыстыгы жаралды.
15-мартта Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата эл аралык ТҮРКСОЙ уюму, Улуттук жазуучулар союзу жана Коомдук телерадиоберүү корпорациясы биргелешип уюштурган «Беш акын» теледолбоору өттү.
Бишкекте туш кийиз философиясына арналган көргөзмө өтүп жатат. Анда кыргыз аялдары сайган туш кийиздин кыз-келиндердин тагдырындагы орду жана мааниси камтылган. Көргөзмөнүн башкы максаты - эне менен кыздын мамилесин чыңдоо, аялдарды зомбулуктан сактоо.
Тажикстанда кармалган 12 кыргызстандык мекенине кайтарылды. Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов Ошто шайлоо таза өтпөй турганын билдирди. Казакстандык дижей Иманбек Зейкенов дүйнөлүк Grammy сыйлыгына ээ болду.
Дагы жүктөңүз