Буга чейин да бир нече орусиялык жылдыздардын клиптерине визуалдык эффекттерди коюп, фильмдер үчүн графикалык элементтерди жасаган.
Соңку жылдары Түркияда сулуулук салондорун ачкан кыргызстандык кыз-келиндер көбөйдү. Салондор чет өлкөлүк жана жергиликтүү кардарларга кызмат көрсөтөт. Пандемиядан улам киргизилген чектөөлөр сулуулук салондорунун иш тартибин да, ишкердиктин ыргагын да өзгөрттү.
Тургунбай Садыков атындагы Ош облустук көркөм сүрөт музейинде 4-март күнү «Турналар жаздын деми» аттуу көргөзмө ачылды. Анын автору, филолософия илимдеринин доктору, профессор Аида Балтабаева куурчактар аркылуу кыргыз аялдарынын жоолук салынуу түрлөрүн, алардын маани-маңызын ачып көрсөткөн.
Тогуз жаштагы Аяна эрендердин эр оюну - көкбөрү ойноо үчүн өзүн азыртадан даярданып келет. Анын кыялы - Кыргызстандын тарыхында алгачкы “улакчы кыз” болуу.
Кыргыз эл жазуучусу Шабданбай Абдырамановдун (1930—1998) “Дыйкандар” романы — совет доорунда жазыксыз жерден цензуралык айыптоолорго автору кабылган мыкты чыгармалардын бири болгон. Адабиятчы Бекташ Шамшиевдин блогу.
Драматург, акын, котормочу, «Азаттык» радиосунун өзбек кызматынын журналисти Элмурод Жусупалиев 50 жашка чыкты. Ал “Жараланган жүрөк”, “Бар экен, жок экен”, “Ревизор” өңдүү көптөгөн пьесалардын, ырлардын, котормолордун автору. Чыгармачылыгы, кыргыз-өзбек адабий алакалар тууралуу сыябан-маек курду.
4-мартта Бишкектеги Ала-Тоо аянтында “Ак калпак күнү” белгиленди. Майрамдын урматына улуттук кийимдердин парады болду.
Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде кезектеги сүрөт көргөзмө ачылды. Көргөзмө айкелчи Альбек Мухутдиновдун 85 жылдыгына, сүрөтчү Сабитжан Бакашевдин 80 жылдыгына жана сүрөтчү Мурат Бекжановдун 75 жылдыгына арналып, “Үч чебер, үч көз караш” деп аталат.
Дагы жүктөңүз