Абдырахман Алиевдин (1923–1971) элесине арналган блог.
Коомдук ишмер, кинорежиссёр Садык Шер-Нияздын демилгеси менен Бишкекте кыргыздын байыркы тамгаларына арналган эстелик орнотулду. Илимге Орхон-Энесай тамгалары деген ат менен кирген улуу мурас кыргыз элинин жазуусу Азия элдери арасында биринчилерден болуп пайда болгонунан кабар берет.
Күйүүчү майдын баасын ооздуктоо үчүн өкмөт Казакстан менен Өзбекстандан чийки зат алып келет. Бишкектеги “ТЭЦ-2” конушунун тургундары Өкмөт үйүнүн алдына митингге чыкты. Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин небереси Айсултан баңгизат колдонгондон улам көз жумганы аныкталды.
Ош шаарында киши колдуу болгон адамдын сөөгү табылды. Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов «Камбар-Ата-1» ГЭСинин курулушуна Өзбекстандан капитал тартылышы ыктымалдыгын айтты. Тажикстанда коронавируска каршы эмдөө башталды.
19-мартта Бишкек шаарындагы "Эмен паркы" көргөзмө залында «Ооган отторунан эстелик» аттуу китептин бет ачары өттү. Китепте Ооган согушуна катышкан жоокерлердин эскерүүлөрү камтылган. Жыйнак "Полис Азия" аналитикалык борбору менен "Эсимде" талкуу аянтчасынын демилгеси менен жарыкка чыкты.
Тоңдук келин Асел Кайнарбек кызы келиндерге арналган белдемчини илгерки ыкма менен тигип, саймасын колго түшүрөт. Ал түрктөрдүн, кытайлардын кийимдеринен көрө кыргыздын улуттук кийимдерин даңазалап, "күнүмдүк кийим катары кийсек да болот" деген сунушун айтат. Бир белдемчиге кээде бир ай коротот.
Бүгүн - 21-мартта кыргызстандыктар Нооруз майрамын белгилеп жатышат. Борбор калаа Бишкекте коронавируска байланыштуу Ноорузга карата иш-чаралар токтотулган. Мындай чечим Covid-19 жуктургандардын саны өсүп жаткандыктан кабыл алынган. Башка аймактардын дээрлик баарында Нооруз майрамдалды.
Нооруз - Азия элдеринин эң байыркы майрамдарынын бири. Фарси тилинде "Жаңы күн" дегенди туюнтат. Нооруз - күн менен түн теңелген, жер жарылып чөп, желин жарылып сүт чыккан учурга туш келет. Быйыл Бишкекте вирустан улам Нооруз белгиленген жок. "Азаттыктын" архивиндеги фотолор бул майрамды эске салат.
Дагы жүктөңүз