"Азаттык" радиосунда көп жыл эмгектенген журналист, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Жаркын Суран кызы Темирбаева 3-апрелде 66 жашында узак оорудан улам акка моюн сунду. Анын сөөгү өзү туулуп өскөн Өзгөн районундагы Тоо-Дыйкан айылына коюлду.
Өзбек, казак алфавиттеринин соңку учурлардагы жакшыртылыш аракеттери Борбордук Азия түрк калктарынын чөлкөмдүк орток латын алфавит түзүү жүрүмүн талкуулоо үчүн жаңы удул жаратып жатат. Илимпоз Гүлзура Жумакунованын кезектеги блогу
Бишкекте 1-апрелде Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) - Аялдар түзумүнүн колдоосу менен дизайнер Замира Молдошеванын зомбулукту жектөөгө багытталган мода көргөзмөсү өттү. Ага аймактардан келген 20 аял модель катары чыгышты.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев баласынын шайлоого аттанганын кубаттады. ТИМ кызматкери Бахтияр Шакиров эмдөөдөн каза болгон жок. Президент Садыр Жапаров "Инстаграмдагы" баракчасына Орусияга аба каттамдарынын санын арттырууну жана авиабилеттердин баасын жеке көзөмөлүнө алганын жазды.
"Жарандык көзөмөл комитети" Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеванын кызматтан четтетилишин бийликтин "саясий кысымы" деп баалап, Бириккен Улуттар Уюмуна кайрылды.Баткенде Сох анклавына жол ачылды. Орусияда абакта отурган саясатчы Алексей Навальный ачкачылык жарыялады.
“Супара” этнографиялык комплексинин курамында жаңы ачылган интерактивдүү музей чыгаан ишкер жана философ Табылды Эгембердиевдин мурастарынын бири болуп калды. Маркумдун жубайы, комплекстин башкы директору Жаңылсынзат Турганбаева “Азаттыкка" сыябан маек куруп берди.
Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы болду. Транспорт министрлигинин жетекчилигинде камалгандар көп. АКШнын Мамлекеттик департаменти дүйнөдөгү адам укуктарына арналган баяндамасын чыгарды, анда кыргыз бажысындагы коррупция тууралуу да айтылган.
Боршайком жергиликтүү шайлоодо добуш сатып алуу сыяктуу одоно мыйзам бузуулар болуп жатканын эскертти. Өлкөдө азык-түлүк баштаган товарлардын баасы кымбаттоодо. Тамак-аштын айрым түрлөрү 50% көтөрүлдү.
Дагы жүктөңүз