Белгилүү акын, «Азаттыктын» кабарчысы Зайырбек Ажыматовдун бул дүйнөдөн өткөнүнө туура жыл айланды. Деги эле ал кандай адам эле, кандай жашап өттү, канчалык деңгээлде өзүнүн адабий көрөңгөсүн ачып бере алды, бул тууралуу аны жакындан билген замандаштарынын эскерүүлөрүн сунуштайбыз.
Акын, «Азаттык» радиосунун журналисти, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Зайырбек Ажыматов дүйнөдөн кайтканына 29-апрелде бир жыл болот. «Азаттык» маркумду анын калемдештери жана замандаштары менен чогуу эскерет.
Философия илимдеринин көрүнүктүү өкүлү, академик, чыгаан окумуштуу Аскар Какеев 86 жаш курагында көз жумду. Анын сөөгү 27-апрелде "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду. Аскар Какеев мамлекеттик кызмат менен катар дээрлик 50 жылдан ашык өмүрүн мугалимдик кесипке арнаган.
Бишкектин 11-кичи районунда жашаган Сагит Сулейманов кошуналарынын сүймөнчүгү. Ал жашаган үйдүн короосуна отургучтарды орнотуп, куштарга жана тыйын чычкандарга жем салгыч да жасап койгон.
Кыргыз адабиятынын, искусствосунун, маданиятынын алпы Бексултан Жакиев 85 жаш курагында дүйнө салды. Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Эл жазуучусу, драматург акыркы сапарга узатылып, сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.
Теги кытайлык режиссер Хлоя Чжао «Оскар» сыйлыгын тапшыруу аземинде «Мыкты режиссер» аталды. Ал «Көчмөндөр жери» деп аталган фильм үчүн бул номинацияны уткан алгачкы азиялык аял болуп калды.
Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Эл жазуучусу Бексултан Жакиев дүйнө салды.
Бишкекте “Жаз_Бишкек_Жаз” аттуу 16-эл аралык фестиваль башталды. Эки күнгө созулган бул сынакка Австрия, Израиль, Испания, Түркия, Тажикстан жана Өзбекстан өлкөлөрүнүн музыканттары катышты.
85 жаштагы ардагер-мугалим, акын Чымыян Калдарова - 13 китептин автору. Ал “Азаттыкка” сыябан-маек куруп, Улуу Ата мекендик согушка туш келген балалыгы, аны мугалимдик кесипке украин эжейинин кантип шыктандырганы, кудалаган жигитке эмнеге турмушка чыкпай калганы, кантип ыр жазып калганы тууралуу айт
Дагы жүктөңүз