Эки жыл мурда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда каза тапкан жоокер Жеңишбек Иманбек уулунун тагдырына арналган "Ыйык жандар" спектакли борбордо биринчи жолу көрүүчүлөргө тартууланды. Аны Апаз Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык-драма театры койду.
“Массалык башаламандыктар”, “Бийликти басып алууга чакырык” беренелери менен шек саналып, эки айдан бери тергөө абагында жаткан акын жана жарандык активист Аскат Жетиген баш калаанын Свердлов райондук сотунда көрсөтмө берди. Ал сот залында туруп, УКМКнын шаардык бөлүмүндө кыйноого кабылганын айтты.
Кыргызстанда 28 миңден ашуун чет өлкөлүк студент билим алат. Алардын басымдуусу медицина багытында билим алуу үчүн Индия жана Пакистандан келгендер. Алардын 5 миңге жакыны Бишкектеги Эл аралык Жогорку Медициналык мектебинде окуйт. Учурда окуу жай коопсуздуктан улам онлайн окутууга өттү.
Кыргызстандын борборунда чет өлкөлүк келгиндерге каршы тополоң уюштургандардын кылмыштуу жоругу – Кыргызстандын эгемендигинин жана бакыбаттыгынын ички душмандарынын жоругу катары кескин айыпталышы зарыл. Тарыхчынын блогу.
Фейсбукта “Матисаков мектеби” аттуу баракча бир жылдан бери адабияттын проза жанрына кызыккан, жазмалыкка шыгы бар жаш авторлордун аңгемесин байма-бай жарыялап келе жатат. Ага чыккан айрым аңгемелер соцтармактагы окурмандардын кызыгуусун жаратып, жакшы пикирлер жазылууда.
Бишкекте таанымал акын, журналист жана публицист Жолдошбек Зарлыкбековду замандаштары эскеришти. Акын өзүнө чыгармачыл талапты бийик койгон, поэзияда өз чыйыры бар талант экенин айтышты. Жолдошбеков көзү тирүүсүндө бир да ыр китебин чыгарууга үлгүргөн эмес.
Сузактагы үрөй учурган кырсыктан кийин социалдык тармактарда "Манас" эпосун жаш муунга кантип жайылтуу керектиги тууралуу талкуу күчөдү.
14-майда Аламүдүн райондук соту жазуучу, акын Олжобай Шакирди Массалык башаламандыктар беренеси менен күнөөлүү деп таап, беш жылга эркинен ажыратты. Соттун бул чечими коомдо талкууларга жем таштады.
Белгилүү ырчы, аткаруучу Рустам Сагыналиев кырчындай 40 жашында оорудан улам акка моюн сунду. Ал тогуз жылдан бери Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын Алымкул Үсөнбаев атындагы “Эл шайырлары” тобунда эмгектенип жаткан.
14-майда Аламүдүн райондук соту жазуучу жана акын Олжобай Шакирди “Массалык башаламандыктар” беренеси менен күнөөлүү деп таап, беш жылга эркинен ажыратты. Тогуз айга чукул тергөө абагында отурган Шакир өзүнө тагылган айыпты мойнуна алган эмес.
30 жыл мурун Бишкектеги көркөм сүрөт окуу жайына академия макамы берилген. Окуу жай белгилүү айкелчи Тургунбай Садыковдун ысымын алып жүрөт. Сүрөт өнөрү кантип жашап жатат? Сүрөтчүлөрдүн негизги темасы эмне? “Данисте” ушул суроолорго жооп издеди
Дагы жүктөңүз