Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:48

Экономика

Жапаров баштаган өкмөт алгачкы жыйынын өткөрдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:37 0:00

Садыр Жапаров баштаган 31-өкмөт 29-октябрда алгачкы кеңейтилген жыйынын өткөрдү. Ал жерде өлкө экономикасы, бюджеттин абалы жана коррупцияга каршы күрөш талкууланды. Финансы министринин маалыматы боюнча, бюджеттеги тартыштык 35,6 миллиард сомго чейин жеткен. Жыйында Садыр Жапаров кызматтык дайындоолор саясий күчтөрдүн сунуштарын эске алуу менен ишке ашып жатканын жана коррупцияны жоюу татаал экенин айтты.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектеги элдик толкундоого жана бийлик алмашууга байланыштуу Чаткал менен Ала-Букадагы алтын компаниялары да ишин токтотууга аргасыз болду.

6-7-октябрь күндөрү Кыргызстандагы бир катар кен иштетүүчү компанияларга чабуул коюлуп, өрттөлгөнү кабарланган. Ошондон бери кендер ишин жандандыра элек.

27-октябрь күнү Чаткал районунун борбору Каныш-Кыя айылында райондун эли жана тийиштүү мамлекеттик кызматкерлер кен казган компаниялардын ишин жандандырууну сүйлөшүп, бирок орток пикир таба алышкан жок.

27-октябрда Каныш-Кыяда райондогу тоо-кен тармагын иштеткен ишканалардын ишин кайра жандандыруу боюнча кеңешме өткөрүлдү. Бир айдан бери инвесторлор өндүрүшүн жолго сала албай жатат.

Чаткалдагы эл менен жолукканы облус жетекчилиги жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү келди. Жергиликтүү активисттердин бири Умар Абдыкеримов райондун экологиясы акыркы жылдары начарлаганын айтып, элди компанияларга болгон талаптарын күчөтүүгө чакырды:

«Акыркы сегиз жылдан бери айтып келем, биздеги алтын казган компаниялар Чаткалдын элин же кууп кетирет, болбосо калгандары ууланып өлүшөт. Экологиялык кыртыштар такыр талкаланды. Чоң ишканалар казып жаткан алтынды ылгап алууда колдонуучу уулуу цианид затынын айлана-чөйрөгө тийгизген таасири оор болот».

Чаткалда алтын казган ишканалардын калдык сактоочу жайынын курулушуна каршы чыккандар буга чейин эле компанияларга нааразы болуп, митинг өткөрүп келишкен.

Жергиликтүү алтын казган ишканалардын биринде бир жыл иштеген Кутман Сатикеев эл иш менен камсыз болсо да, кен казуу экологияга терс таасирин тийгизүүдө деп эсептейт. Анын айтымында, Чаткалда кен иштетүүдө цианидди колдонуу токтотулушу керек.

«Анда кен казып жаткан компаниялар талаптарды аткарбай жатканы боюнча сөз болду. Экология сакталбаганынан улам чогулууга туура келгенин айтышты», - деди ал.

Жыйынга катышкан Мамэкотехинспекциянын Аксы, Ала-Бука, Чаткал райондору боюнча башчысы Эрмек Төлөбаев кен казуунун кесепеттерине ишканалар менен бирге айыл өкмөттөр жана токой чарба агенттиги жооп бере турганын айтты:

«Биз компанияларга берилип жаткан жерлерди мыйзамдаштырганга көмөктөшкөн айыл өкмөттөрдүн жана токой чарбасынын кызматкерлерин да сотко бергенбиз. Учурда иш каралып жатат».

Чаткал районунда алтын казган ишканалардын жетекчилиги менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү сүйлөшкөн.

«Бирок элдин ишке кайра-кайра тоскоолдук кылып жатканы жумушту жандантып кетүүгө мүмкүнчүлүк бербей жатат», - дейт райондун аким Жуманалы Накетаев. «Эл айрым талаптар так аткарылса, алтын ишканалары ишин баштоого каршы эмес. Биз сүйлөштүк, жакынкы күндөрдө жумуш жанданып калат деп ишенип турабыз. Райондун бардык аймактарындагы эл менен жолугуп жатабыз. Алтын казган компаниялардын жетекчиликтери менен жолуктум».

Чаткалдыктардын айтымында, калдык сактоочу жайлар булактар менен кар көчкү түшө турган жерлерге туура келип калган. Жергиликтүү тургундар анын кесепетинен Чаткал дарыясы булганып, суу ичкен эл менен малга зыяны тийип калат деп кооптонот.

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн аймактарды өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Ажымамат Исаев жергиликтүү тургундардын катышуусу менен комиссия түзүп, айтылып жаткан маселелер каралып чыгарын айтты:

«Бардык маселелер каралып чыгат. Ал үчүн комиссия түзүлүп, ага жергиликтүү тургундарды кошобуз. Элдин талабын угуп, мыйзам чегинде иш алып барабыз».

Чаткал жана Ала-Бука районунда кен казган алты компания 6-октябрда элдин каршылыгы менен ишин токтоткон, ошол бойдон өндүрүш жанданбай келет.

6-7-октябрь күндөрү бир катар кен иштетүүчү компанияларга чабуул коюлуп, өрттөлгөнү кабарланган. Алардын ичинде Таластагы Жерүй алтын кени да бар. Бул кенде орусиялык «Алтын Альянс» ишканасы чалгындоо иштерин жүргүзүп жаткан.

Буга тушташ Чаткалдагы Терек-Сай алтын кенин иштеткен түркиялык «Eti bakir» компаниясы, Ала-Букадагы Иштамберди алтын кенин иштеткен кытайлык «Full Gold Mining» алтын компаниясы жана Ала-Букадагы Бозумчак алтын кенин иштетип жаткан «KAZ mineralz Bozymchak» компаниясы жумушун убактылуу токтотконун кабарлаган. Алардын өкүлдөрү Өнөр жайы, энергетика жана кен байлыктар боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Жыргалбек Сагынбаев менен жолугушкан. Бирок алар ишин кайра качан жандантары айтылган эмес.

Жалал-Абад облусунун аймагында акыркы маалымат боюнча, 536 компанияга кен казууга лицензия берилген. 43 компания уруксатты алтын казууга, 167си алтын чалгындоого алган.

Чаткалда төрт айыл өкмөттө 29 миңдей киши жашайт. Ал эми алтын компанияларда миңге чукул жергиликтүү тургундар иштейт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG