Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:03

Экономика

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров коррупцияга каршы күрөш өтө татаал болуп жатканын айтып, аны конституциялык реформа жасап, башкаруу системасына өзгөртүү киргизгенден кийин гана жоюу мүмкүн экенин билдирди.

Бирок айрым талдоочулар коррупция менен күрөшүүгө Конституция жана башкаруу системасы тоскоол болуп жатат дегенге кошулбайт.

Жаңы өкмөт бюджетти толтуруунун бир жолу катары коррупция менен күрөштү кеп кылып жатат.

Садыр Жапаров жетектеген өкмөттүн курамы 29-октябрда алгачкы кеңейтилген жыйынын өткөрдү. Анда президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Жапаров бюджеттин абалы жана макроэкономикалык көрсөткүчтөр начар болуп жатканын белгиледи. Анын айтымында, бюджеттеги тартыштык 35,6 миллиард сом болуп турат. Ал эми ички дүң өнүм былтыркыга салыштырганда 6% азайып кетти. Ошондой эле айыл чарбасынан башка секторлордун баарында көрсөткүчтөр начар экени белгиленди.

«Жыйында республикалык бюджетке киргизилип жаткан экинчи өзгөртүүлөрдү карайбыз. Киреше бөлүгү – 137,1 млрд. сом. Майдагы бюджетке салыштырмалуу 1,8 млрд. сомго көбөйдү. Чыгашалар бөлүгү – 172,8 млрд. сомго болжолдонуп жатат. Мурдагы чыгашалардын үстүнө 9,7 млрд. сом кошулду», - деди Жапаров.

Жыйында өкмөт башчы коррупцияга каршы күрөш өтө татаал болуп жатканын айтып, жемкорлукту жоюуга шарт түзүш үчүн Баш мыйзамды өзгөртүү зарыл экенин айтты:

«Коррупция менен күрөш өтө татаал болуп жатат. Чырмалышып калган экен. Муну конституциялык реформа жасап, башкаруу системасына өзгөртүү киргизгенден кийин гана жоё албасак, азыр жоюу өтө татаал экен. Бирок, колдон келген аракетибизди кылып жатабыз. Бүт дүйнө пайда тапкан бажыдан бизге эмнеге киреше кирбейт? Жол курууга ири насыялар алынган, эмнеге жолдорубуз жаман? Дүйнөдө наркобарондор бар, ал эми бизде энергобарондор болуп жатат».

Жапаров баштаган өкмөт алгачкы жыйынын өткөрдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:37 0:00

Саясат талдоочу Руслан Акматбек Садыр Жапаровдун «жемкорлукту жок кылуу үчүн Баш мыйзамды өзгөртүү зарыл» деп айтканын жөн гана шылтоо катары баалайт. Бул тууралуу ал "Фейсбук" баракчасына жазды:

«Канадада, Жаңы Зеландияда, Израилде, Улуу Британияда Конституция жок. Бул өлкөлөрдүн өнүккөнүнөн кимдин күмөнү бар? Израил Конституциясы жок эле коррупция менен күрөшүү боюнча дүйнөдө 4-орунда турат. Укук коргоо, күч органдары толугу менен Садыр Жапаровго баш ийет. Президенттин да, премьер-министрдин да ыйгарым укуктарын алган. Анда кандай тоскоолдук бар? Кыргызстандын жаңы тарыхында Конституция ар дайым бийликти бекемдеш үчүн өзгөртүлүп келген. Ал эми коррупция менен күрөшүүгө эч качан эрк жеткен эмес. Азыр да, тилекке каршы, ошондой болуп жатат».

Кыргызстандын экономикасы жыл башынан пандемиядан чоң зыян тартты. Чек аралардын жабылышы, карантиндик чаралар, андан кийинки саясий кризис салык чогултууга терс таасирин тийгизди.

6-7-октябрь күндөрү бир катар кен иштетүүчү компанияларга чабуул коюлуп, өрттөлгөнү кабарланган. Чаткалдагы жана Ала-Букадагы кен казган компаниялардын иши токтоп турат. Ошондуктан жакын арада чет өлкөдөн жаңы инвестиция келиши да күмөн.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов экономиканын абалы оор экенин белгилеп, бирок күнөөнү Конституциядан издегенге кошулбайт.

«Сиздер түшүнүп алыңыздар. Биздин экономика мышык ыйлагыдай. Буга Конституция деп аталган документтин эч кандай күнөөсү жок. 30 жылдан берки компетентсиз башкаруу, коронавирус, мамлекеттик институттардын алсыздыгы, саясий окуялар – ушунун баары бизди кургуйга түртүп баратат. Бирок, андан чыгуунун жолу бар» деп жазды ал "Твиттер" баракчасына.

Жаңы бийлик ушу тапта казынаны толтуруш үчүн ар кандай жолдорду издеп, ички жана тышкы ресурстарды караштырууда.

Айрым байкоочулар жаңы бийлик коррупция, экономикалык кылмыштардагы чыгымды өндүрүү менен казынага тыгынчык издеп жатканын айтып жатышат.

28-октябрда президенттин милдетин аткаруучу премьер-министр Садыр Жапаров өкмөт Жогорку Кеңештин кароосуна экономикалык багыттагы мыйзам долбоорлорун киргизгенин айтып, тезирээк кабыл алып берүүнү өтүнгөн.

Парламент депутаты Дастан Бекешев Садыр Жапаровдун өкмөтү сунуш кылган Жазык кодексиндеги экономикалык кылмыштар боюнча өзгөртүүнү камтыган мыйзам долбоору казынаны толтурууга багытталганын айтты. Бирок ал мындай кадам укук коргоо органдарынын ишкерлерге карата укуругун узартууга шарт түзөт деп тынчсызданууда. Бекешевдин айтымында, мыйзам долбоорунда «Мыйзамсыз ишкердик», «Салыктан качуу», «Аткезчилик» жана «Коррупция» беренелери менен кармалгандар тергөө менен кызматташууга макул болуп, келтирилген чыгымды 60 күндүн ичинде төлөп берсе камакка алынбайт.

Маселен, кылмыштын казынага чыгымы 100 миң сом деп эсептелсе, 100 миң сом төлөп бериши керек. Бирок ар берененин чыгымын кайтарып берүүнүн жолу ар башкача. Маселен, коррупция үчүн айыпталгандар чыгымдан үч эсе каражат төгүшү керек.

Депутат Дастан Бекешев мыйзамдагы кооптуу жагдайларга токтолду:

Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

«Казынаны толтурабыз деген ой жакшы. Уурдагандарды түрмөгө отургузбай акчасын алганы жакшы. Бирок бул мыйзамды кабыл алсак коркунуч бар. Укук коргоо органдары Садыр Жапаровго билгизбей эле бир ишкерди шылтоо менен камап, «сен үч эсе каражат төлө же бизге бир аз тыйын берип эркиндикке чыга бер» дешет. Бул мыйзам менен ушундай механизмге жол ачабыз».

Бекешев айтып жаткан мыйзам долбоору парламенттин сайтына жарыялана элек. Депутат долбоор жөнүндө кенен маалымат алууга мүмкүнчүлүк боло элек экенин кошумчалады. Өкмөттүн басма сөз кызматына кайрылганыбызда, маалымат кийинчерээк берилерин кабарлады.

Мындан бир жыл мурун беш кодекс күчүнө кирген. Ал кодекстерди иштеп чыгууга катышкан эксперттик топтун айрым мүчөлөрү Жазык кодексинде экономикалык кылмыштарга байланыштуу чыгымды өндүрүү боюнча жетиштүү беренелер бар экенин айтып жатышат. Алардын бири - юрист Аслан Кулбаев Баш мыйзамга негизделип жазылган ошол кодекстерде деле экономикалык чыгымды өндүрүү, коррупцияга каршы күрө боюнча жетиштүү беренелер бар экенине токтолду:

«Өкмөт эптеп казынаны толтуруш керек болуп жатат, - деди ал. - Азыркы кодексте да беренелер бар. Маселен, салык төлөбөй койсо кылмыш иши козголот, бирок белгилүү убакта төлөп берсе жазадан бошотулат. Кодекстер Баш мыйзамга же башка мыйзамдарга негизделип жазылат. Шашып өзгөртүү киргизүүдө башка кодекстердин түзүлүшү бузулушу мүмкүн. Кылдат карап кабыл албаса, туура эмес колдонулуп калат».

21-октябрда Жапаров экономикалык мунапыс жарыялап, өөнөлгөн акчаны кайтарууга бир ай убакыт берген. 20-октябрда атайын кызмат Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду кармап, ошол эле күнү ал соттун чечими менен үй камагына чыккан. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Матраимов тергөө менен кызматташууга, мамлекетке келтирилген эки миллиард сом чыгымды төлөп берүүгө даяр экенин жарыялаган. Жапаров Матраимовдон казынага акча өндүрүш үчүн камактан чыгарууну өзү чечкенин айткан болчу.

Айрым талдоочулар экономикалык мунапыс тескерисинче коррупцияга жол ачарын айтып жатышат.

Жарандык активист Максат Чакиев экономикалык кылмыштарга байланыштуу мыйзамдарды туура деп эсептейт.

«Азыр өкмөттү мактап же сын такканга болбойт. Жок дегенде 100 күндөн кийин билине баштайт. Экинчиден, экономикалык мунапыс - бул дүйнөлүк тажрыйба. Жакында эле ушундай ыкманы Монголия колдонду», - деди ал.

Буга чейинки бийлик башында турган экс-президент Сооронбай Жээнбеков бардык эл аралык уюмдардан, чет мамлекеттерден каржылык жардам сураганы белгилүү. Буга чейин орусиялык маалымат каражаттары өлкөдөгү туруксуз саясий жагдайдан улам Орусия Кыргызстанга берчү жардамдарын токтотконун жарыя кылышкан.

Бирок кыргыз бийлиги Орусия убада берген 100 млн. доллар боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди. Жакында эле тышкы иштер министри Руслан Казакбаев бюджетти толтурууга Европа Биримдигинен жардам сураганы белгилүү.

Жапаров баштаган өкмөт алгачкы жыйынын өткөрдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:37 0:00

Садыр Жапаров баштаган 31-өкмөт 29-октябрда алгачкы кеңейтилген жыйынын өткөрдү. Ал жерде өлкө экономикасы, бюджеттин абалы жана коррупцияга каршы күрөш талкууланды. Финансы министринин маалыматы боюнча, бюджеттеги тартыштык 35,6 миллиард сомго чейин жеткен. Жыйында Садыр Жапаров кызматтык дайындоолор саясий күчтөрдүн сунуштарын эске алуу менен ишке ашып жатканын жана коррупцияны жоюу татаал экенин айтты.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG