Дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүн каптаган кымбатчылыктын шартында чет жерде эмгектенип жүргөн мигранттар кандай жашап жатат? Мурдагыдай эле айлык акы таап, мекенине жөнөтүп туруу мүмкүнбү? Же алардан тапкандары өздөрүнүн керектөөлөрүнөн артпай калдыбы? Дегеле дүйнөнү каптаган каржы каатчылыгы мигранттарга кандай таасирин тийгизүүдө?
Экономика
шейшемби 27 Декабрь 2022
“Азаттык” эл аралык иликтөөчү журналисттердин материалында Беларуска Евробиримдиктин санкцияларын айланып өтүүгө жардам көрсөткөнү айтылган кыргыз компаниялардын негиздөөчүлөрүн тапты. Алар иликтөөдө айтылган фактыларды четке кагышты. Кыргыз бийлиги жыгач материалдарын ЕАЭБдин аймагынан сыртка чыгарууга тыюу салынганын билдирип жатат.