Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:26

Ирландиядагы референдум Евросоюзга эмне берет ?


Улан Алымкул уулу Алдыдагы ишемби күнү Ирландияда Евросоюздун кеңейүү маселесине арналган референдум өтөт. Евросоюздун жетекчилиги эгер ирландиялыктардын көпчүлүгү экинчи ирээт уюштурулуп жаткан бул жалпы элдик добуш берүүдө да уюмдун кеңейишине каршы болсо, Евросоюз үчүн олуттуу кризис жаратаарын белгилөөдө.

Ирландия - Евросоюзду кеңейтүү боюнча уюмга мүчө өлкөлөр ортосунда 2000-жылы Ниццеде кол коюлган келишимди ратификациялай элек жалгыз өлкө. Жергиликтүү мыйзамдарга ылайык Евросоюз менен кабыл алынып, ошол эле учурда өлкө конститутциясына өзгөртүү киргизүүчү келишимдердин баары жалпы элдик референдум аркылуу жактырылышы керек.Коомдук пикирди билүү максатында бул маселе боюнча алгачкы референдум былтыр июнь айында өткөн. Бирок анда ирландиялыктардын 54% Евросоюздун кеңейишин каршы болгон эле. Ушундан улам эми 19-октябрь, ишемби күнгө белгилеген экинчи референдумду өткөрүү зарылчылыгы келип чыкты.
"Эгер Ирландиянын жашоочулары бул ирээт да уюмдун кеңейишине каршы болсо, Евросоюз үчүн олуттуу кризис жаратат ", - деп билдирди кабарчыларга уюмдун азыркы төрагасы, Даниянын премьер-министри Андерс Фог Расмуссен. Анын айтымында, добуш берүүнүн терс жыйынтык менен аякташы Европадагы интеграция жараянын токтотушу мүмкүн. Эсиңиздерге сала кетели, жакында Еврокомиссия 2004- жылдын башталышы менен уюмга Борбордук жана Чыгыш Европанын он өлкөсүн кабыл алууну сунуштады. Эми бул чечим расмий түрдө уюмдун жыл аягындагы саммитинде бекитилиши керек.
Ирландиянын азыркы премьер- министри Берти Ахерндин борборчул- оңчул өкмөтү экинчи референдумду утурлай коомдук пикирди өзгөртүү максатында кеңири рекламалык кампания жүргүздү. Эми алардын аракети кандай натыйжа менен аяктаарын ишемби күнкү добуш берүү көргөзөт. Соңку сурамжылоонун жыйынтыктарына караганда, ирландиялыктардын 39% Евросоюздун кеңейишин жактайт, 22% каршы, 31% али бир чечимге келе элек. Ирландиядагы башкаруучу партиянын маалымат катчысы Герри О"Коннел референдум алдындагы иштер тууралуу буларды айтты:
" Негизги көңүл катышуучулардын санын көбөйтүүгө бурулуп жатат. Себеби бул жерде добуш бергиси келбегендердин көпчүлүгү "ооба " деген тарапты жактайт деген ишеним бар ",- дейт Ирландиядагы башкаруучу партиянын өкүлү Герри О"Коннел
Айтор, ирланд өкмөтү буга чейинки референдумда Евросоюздун кеңейишин жактабаган топторго уттуруп койгон үчүн сынга алынган эле. Андай топтор азыр деле активдүү аракетенүүдө. Ошондой саясий күчтөрдүн бири - Жашылдар партиясы. Партиянын парламенттеги лидери Тревор Саржент буларга токтолду:
" Биз референдумдун кайрадан өткөрүлүшүнө каршыбыз. Атуулдардын биринчи жолкудагы демократиялык чечимин урматтайбыз. Биздин көз карашыбызда келишимди өзгөртүү үчүн Ирландия Европанын коргонуу иштерине катышпоосун жана ага каражат төлөбөөсүн көргөзгөн, Данияга 1993-жылкы Маастрихт келишиминде берилгендей шартты ыйгарган протокол минималдуу негиз боло алмак ",- дейт Ирландиядагы Жашылдар партиясынын лидери Тревор Саржент.
Евросоюздун кеңейишине каршы болгондор, Ирландия Ницце келишиминде каралгандай уюмдун тез аракеттенүүчү куралдуу күчтөрүнүн түзүлүшү менен салтка айланган нейтралитетин жоготоорун негизги көзүр катары кармоодо. Мындан сырткары алар Еврсоюзга чыгыштан жаңы өлкөлөрдүн кошулушу менен Ирландия уюмдан алып келген дотациялардын өлчөмү азаят деп кооптонушат. Анткени, буга чейин Евросоюз Ирландияга уюмдун чакан өлкөсү катары арбын каражат ажыратып жүргөн.
Дегеле уюмдун кеңейишинен кийинки субсидия, өзгөчө айыл чарба тармагын колдоо максатында ажыратылуучу каражаттар маселесине келгенде Евросоюздун эски жана болчок мүчөлөрү азырынча өз ара толук мунасага жете элек.

XS
SM
MD
LG