Соңку айларда АКШ менен Түндүк Кореянын мамилеси кайрадан курчуп кеткени белгилүү. Буга расмий Пхеньяндын өзөктүк куралдар программасын тымызын жагдайда улантып келгенин моюнга алганы себеп болгон эле. Вашингтондун пикиринде, муну менен Түндүк Корея эки өлкөнүн ортосунда 1994-жылы кол коюлган келишимди бузду. Ал келишимге ылайык Түндүк Корея өзөктүк жайларынын ишин токтомок. Ал эми АКШ менен ага өнөктөш өлкөлөр анын ордуна электр энергиясын өндүрүүчү, жаңы технологиялар менен жабдылган эки атомдук реактор куруп бермек. Ошондой эле Вашингтон жылына отун ирээтинде жарым миллион тонна мазут жөнөтүп турууга милдеттеме алган.
Түндүк Корея өзөктүк куралдарды жасоону улантып жүргөнүн ачыкка чыгарган соң, АКШ жакында ошол келишимде каралган мазутту жөнөтүүнү токтотту. Буга жооп кылып Пхеньян өткөн аптада ал келишим боюнча жабылган өзүнүн атомдук электростанциясын кайрадан иштетээрин жарыялады. АКШнын эсебинде, кайрадан иштетилүүчү ошол электростанцияда, Түндүк Корея мурда өзөктүк бомба жасоодо керектелүүчү плутонийди өндүрүп келген. Буга улай Түндүк Корея бийликтери өткөн аптада эки ирээт БУУнун Атомдук энергетика боюнча агенттиги – МАГАТЭ уюмуна кайрылып, андан өзөктүк обьектилерде коюлган мөөрлөр менен байкоочу камераларды алууну талап кылды. Пхеньян билдиргендей, ал атомдук электростанцияны иштетүү өлкөнү энергия менен камсыздоо үчүн зарыл. Эгер, МАГАТЭ уюму мөөрлөр менен камераларды албаса, Түндүк Корея зарыл чараларды бир тараптуу түрдө өзү көрүшү мүмкүн. МАГАТЭ болсо өз тарабынан Пхеньянды бир тараптуу кадамдарды жасабоого чакырды. Уюмдун башчысы Мохаммед эль-Барадей өткөн аптада, «мага бул проблемага тынчызданган тараптардын баары айтышты. Эгер, Түндүк Корея агенттик менен кызматташса, өзүнүн өзөктүк программасын ачык жарыяласа, МАГАТЭ менен сүйлөшүүгө дилгир болсо кызыкдар тараптардын баары: Япония, Түштүк Корея, АКШ Пхеньян менен сүйлөшүүгө барып, проблеманы тынчтык жол менен чечүү үчүн аракеттенүүгө даяр», деп билдирген эле. Айткандай эле Түндүк Кореядагы кырдаалдын жөндөлүшүнө анын өзөктүк куралдарынан чоочулаган коңшулары Түштүк Корея менен Япония да өзгөчө кызыкдар. Япония премьер-министри Дзюнтиро Койудзуми өткөн аптада Пхеньяндын соңку кадамдарына токтолуп, «АКШ-Түндүк Корея келишимин бузуучу аракеттер өтө кайгылуу. Бирок, сиз Түндүк Кореянын жарыясын кылдаттык менен окусаңыз, алардын кийинки туруму тынчтык жолун издөө болушу керек. Биз сабырдуулук кылып, АКШ жана Түштүк Корея менен тыгыз кызматташтыктын негизинде жооп беришибиз зарыл», деп айткан.
Ал эми дүйшөмбү күнү Түндүк Кореянын тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү АКШны жана анын өнөктөштөрүн Пхеньянга берилүүчү гуманитардык, азык-түлүк жардамын саясатташтырып жатканы үчүн айыптады. Кабар агенттиктери тышкы иштер министрлик өкүлүнүн «АКШ гуманитардык жардамга мүмкүн болгон ыкмалардын баары менен тоскоолдук кылып, аны саясатташтырууда. КЭДР ге каршы пропаганда жүргүзүп, азык-түүлүк аскерлерге берилди, качкындар массалык түрдө кетип жатат өңдүү жалган ырастоолорду таратууда», деген сөздөрүн келтирет. Маалыматтарга караганда, БУУнун азык-түлүк программасы аркылуу келген жардам өлкөнүн 23 миллион калкынын үчтөн бир бөлүгүнүн муктаждыгын камтыйт. Жакында Улуттар Уюму түндүк кореялыктардын азык-түлүгү үчүн чукул 200 миллион доллардай каражат табуу чакырыгы менен чыккан. БУУнун азык-түлүк программасынын башкы донорлорунун бири - АКШнын расмий өкүлдөрү Вашингтон бул үчүн кошумча каражат ажыратпасын билдирген болчу. Вашингтондук өкүлдөр түшүндүргөндөй, бул Түндүк Кореянын өзөктүк куралдар программасына эмес, өлкөнүн өзүнүн бюджет проблемаларына байланыштуу. Ошондой эле АКШ гуманитардык жардамдын келечеги, Түндүк Корея жардамдын бөлүштүрүлүшүн эл аралык уюмдардын өкүлдөрү бекем көзөмөлдөөсү үчүн кандай шарт түзөөрүнө жараша болоорун белгилеген. БУУнун соңку чакырыгына азык-түлүк программасынын дагы бир негизги донору - Япония да жооп берген жок. «Reuters» агенттигинин маалыматына караганда, быйыл күздө Түндүк Кореянын 3 миллиондой тургунуна азык-түлүк таратуу токтотулган. Кокус донорлордун каражат түшпөсө, жаңы жылдын башында жардам албаган түндүк кореялыктардын саны дагы 1,5 миллионго көбөйүшү ыктымал.