Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:27

«Асаба» улуттук кайра жаралуу партиясы экс-президентке кол тийбестик укук берилишине каршы чыгууда.


Бакыт Аманбаев

БИШКЕК. «Асаба» улуттук улуттук кайра жаралуу партиясы учурда жалпы эл тарабынан талкууланып жаткан Конституциянын 53-беренесине «экс-президентке жана анын үй-бүлөсүнө кол тийбестик укуктун берилиши жөнүндөгү» жаңы жобонун киргизилишине каршы. Анткени кызматтан кеткен соң өз аракеттерине жооп бербестигин алдын-ала билген президент жана анын үй-бүлө мүчөлөрү, кызматта турган мезгилинде ар кандай мыйзамсыз аракеттерди жасоосуна шарт түзүлөт. Бул тууралуу депутат Азимбек Бекназаров жетектеген «Асаба» улуттук кайра жаралуу партиясынын Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө карата сунуш-пикирлеринде айтылат. Ошондой эле аталган партия өлкөдө Жогорку Соттун жетекчилигинде бирдиктүү бир сот системасынын болушун жана курамы алтымыш депутаттан турган бир палаталуу парламенти түзүүнү сунуштаган.

XS
SM
MD
LG