Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:20

ИРАКТАГЫ АКЫРКЫ АБАЛ.


Нарын АЙЫП, Прага Эл аралык инспекторлор Ирактагы ишин улантууда жана 26-декабрда алар дагы бир ирактык окумуштуу менен жолукту. Израил өкмөтүнүн айтымында болсо, Иракка каршы cогуш февралда башталат.

26-декабрда эл аралык инспекторлор Багдад шаарындагы Технология университетинин деканы Мазен Мухаммед менен жолугуп, өлкөнүн өзөктүк программалары тууралуу сүйлөштү. Ирак илимпоздору менен биринчи жолугушуу 24-декабрда өткөрүлгөн жана анда инспекторлор ошол эле Технология университетинин профессору Сабах Абдел Нур менен жолуккан. Жолугушуудан кийин профессор журналисттерге сүйлөшүү абдан жакшы өткөнүн белгиледи: "Алар мени менен жалгыз сүйлөшөбүз деди, бирок мен кечирим сурап, ага макул болгон жокмун жана жолугушууга Ирак өкүлдөрү да катышты. Сүйлөшүү абдан калыс жана ылымдуу маанайда өттү. Суроолор көбүнчө 1998-жылдан кийинки илимий изилдөөлөр жөнүндө болду".

Бардык жолугушууларга Ирак өкмөтүнүн өкүлдөрү да катышты, ошондуктан, сүйлөшүүлөр ачык маанайда өттү деп айтуу кыйын. Кээ бир эл аралык уюмдар: Ирак окумуштууларын Батышка чакырып, аларга кайсы бир өлкөдө башка калка берип, анан өлкөнүн өзөктүк изилдөөлөрү тууралуу сүйлөшүү керек, - деп айтууда.

Эл аралык текшерүүчүлөр Иракка 27-ноябрда келген жана Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешине аткарылган иши боюнча отчетту алар эки айдан кийин бериш керек. Ошондуктан, Израилдин коргоо министри Аарон Зееви-Фаркаш 24-декабрда: Иракка каршы согуш февралдын башында башталат, - деп жарыялады. Израилдин премьер-министри Ариель Шарон дагы ошол эле күнү америкалык жетекчилер ага согуш качан башталаарын айткандыгын билдирди. Шарон андан тышкары, Ирактын кеңири кыруучу куралдары Сирияга алып барылып катылгандыгы мүмкүн деп айткан, бирок Дамаск андай күнөөнү 25-декабрда четке какты.

Согушка, бирок, АКШ гана эмес, Ирак да камданууда. Өлкөнүн соода министри Мухаммед Мехди Салех 26-декабрда “Ройтерс" маалымат агенттигинин кабарчысы менен Багдадда жолугуп: Ирак согушка бардык мүмкүн болгон чаралар менен даярдык көрүүдө, - деп билдирди. Министрдин айтымында, карапайым элге бөлүп берилген азык-түлүктүн өлчөмүн өкмөт жакында эки эсеге көбөйттү жана ар бир адам эми үйүндө үч айга жете турган тамак чогултуп алат.

1991-жылы Ирак Кувейтке кол салгандан кийин, ага каршы эл аралык экономикалык чектөөлөр киргизилген, жана кийин, 1996-жылдан тартып "азык үчүн мунай" аттуу программанын чегинде өлкөгө четтен азык-түлүк бериле баштаган. Өкмөт азыр элге чет өлкөлөрдөн алынып келинген ошол буудай, күрүч, суу май жана кургак сүттү таратууда. Ирактын 23 миллион калкынын бир жарым миллиону христандар, ошондуктан президент Саддам Хуссейн 24-декабрда аларды майрам менен куттуктап: өлкөгө даярдалып жаткан баскынчылыкка карабай, Ирак эли тынчтыкта жашоону каалайт, - деп жарыялады.

Иракка баштала турган согуш менен байланыштуу башка өлкөлөр дагы атайын аракет көрө баштады. Малайзиянын премьер-министри Махатхир Мохаммад 26-декабрда: Ирак согушу менен байланыштуу келерки жылы Малайзиянын өндүрүшү бир топ чыгымга учурайт, ошондуктан биз ага атайын даярдыктарды көрө баштадык, - деп билдирди. Махатхирдин айтымында, бирок, ал согуш америкалыктарга каршы Ислам дүйнөсүндөгү маанайды ого бетер күчөтөт жана жаңы террордук аракеттерге да алып келиши мүмкүн.

25-декабрда Түркиянын тышкы иштер министри Ясар Якиш өлкөнүн "Инжирлик" аскерий базасын америкалык аскерлерге ижарага берүү тууралуу келишим дагы алты айга узартылгандыгы жөнүндө жарыялады. Ошентип, Иракка каршы согушка бардык тараптан даярдыктар көрүлүүдө жана эгер согуш башталбай калса, кээ бир эксперттер айткандай, анда америкалык президент Джордж Буш өз кызматынан чегинүүгө тийиш.

XS
SM
MD
LG